Линктер

шаршемби, 22-май, 2019 Бишкек убактысы 17:35

Кыргыз-казактын коңшулук алакасынын тамыры


Мырза Мухаммед Хайдарга арналган казак почта маркасы.

Улуу бабабыз, тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын (Мырза Мухаммед Хайдар ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн, дуулат уруусунан; 1499/1500, Ташкен шаарында туулган – 1551, Кашмир аймагында өлгөн) мурасын кайталап окугандан кийинки ойлор.

Мээ кайнаткан жай саратан ысыктан баанек издеп, жайма-жай аккан Чүй суусунун жээгиндеги кафеде өргүп отурам. Не бир чүйгүн даамдын узун тизмеси шыкала жазылган, калыңдыгы кабелтең китептей эле өңдөнгөн менюну алдыма суна берген официант: “Эмне тамак каалайсыз?” деп, бирде көзүмө кадалып, бирде колумдагы эки томдук китепке таңыркай карайт.

"Кымыз барбы?" дейм тамаша-чындан. "Бизде кымыз болбойт" дейт. "Анда көк чайыңды демдей бер" дейм дагы, колумдагы көк китепке үңүлөм.

Ошончодон кымыз тууралуу тамшана жазган саптарына кезек жеткен экен, утур кайталап окуймун.

"Жаны жаннатта болгур ыраматылык атам көп айтып, такай кулагыма куяр эле: жаз келгенде, жаңы кымыздын (саамал) чыгышын жалпы белгилемек үчүн жамы журттун шатыра-шатман той-тамашага батмагы - моголдордун эжелден келаткан салты".

Кымыз фестивалы эмеспи мунуң. Ушул жерин улап окуйм.

Атаңкөрү, моголдордун ханына кымыз жаңыдан сунулганда капылет жоо келип, кымыз ичилбей калганына кейийт автор. Могол ханы Султан-Саиддин колундагы мелт-калт кесе эмес, менин колумдагы кесе көңтөрүлүп кеткенсип кошо кейийм.

Колумдагы китеп - кадимки "Тарых-и Рашиди", тагыраак айтканда анын 1895-жылкы англисче котормосу.

(Булак: The Tarikh-i Rashidi of Mirza Mukhammad Haidar, Dughlat. A history of the Moghuls of Central Asia. Translated by E. Denison Ross. Edited by N. Elias. - Мындан аркы шилтемелер ушул китептин кайталанып чыгарылышына берилет. - А.Койчиев).

Ал эми анын качан жазыла баштап, качан аякталгандыгын элестүү айта турган болсок - Бабур падыша, Аз-Жаныбек, Касым хан, Мухаммед Кыргыз, Рашид хан (Иреше хан) дегендердин көөнө заманы. Баштан-аяк ошолордун окуясы.

Автору - касиеттүү ушул жерлердин кулуну, өмүрүнүн күлгүн чагын көз алдымдагы ушул жерлердеги оомал-төкмөл окуяларга аралашууга, ата-бабалардын ынтымагы ыдырап бараткан мамлекети - Моголистанды сактап калууга жан үрөөгө коротуп, акыры жакшылыктан түңүлгөндө, күдөрү биротоло үзүлгөндө кара чечекей бөлөсү Бабурдун канатына корголоп, алыскы Индияга качкан атактуу тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдар.

Автор кымыз тууралуу эскерүү менен андагы элдин маданий өзгөчөлүгүн баса белгилеп жүрүп отурат. Ал эми кымыз дегенде желе кармап, бээ байлоонун өнөрүн аздектеген, демек шаар турмушунан оолак болууга умтулган элдин турмушу көз алдыга тартылат эмеспи. Маселен, кыргыз, казак, монгол жана башка.

Дал ошондой.

Өзүн "моголдун нукура уулу" атап, өмүрүнүн чейрек кылымын туулган өлкөсүнө кызмат өтөөгө арнаган Мухаммед Хайдар алиги кымызга суусаган кандаштарынын шаар турмушунан такай оолак болууга умтулушканын эринбестен белгилейт. Көчмөндөрдүн нарк-насилин, каада-салтын боюна сиңирип, салтын бекем сактаган кишини “нагыз могол эле”, “чыныгы могол эле” деп маашырлана сыпаттайт.

"Моголдор" деген кимдер? Түрктөшүп кеткен монгол уруулары менен теги нукура түрк урууларынын камыр-жумур болуп аралашуусунан жаралган улуттук жаңы жалпылык, Иртыш, Теңир-Тоо, Фергана, Чыгыш Түркстан аралыгын мекендеген жаңы эл.

Мухаммед Хайдардын жазгандарына караганда, моголдордун курамы дуулат, барлас, барын, нойгут, бекчик, чогурак, калучи жана башкалардан турат. Эң кызыгы, моголдордун эң ири канаты, болгондо да барандуу бөлүгү "кыргыздар" деп аталган. Мухаммед Хайдардын айтуусунда, моголдор менен кыргыздардын теги да бир, тили да бир (автор аны “могол тили” деп атайт), жашоо образы да бир.

"Кыргыздардын урку могол уруусунан болгону менен, хандарга каршы тынымсыз козголоң уюштура беришкенден улам, [моголдордон] бөлүнүп кетишти. Бардык моголдор мусулманчылыкты кабыл алышты, бирок кыргыздар алигиче каапыр бойдон калышты, ошол себептен улам алар моголдорду кас санап турушат" (The Tarikh-i Rashidi. P. 148).

Мухаммед Хайдардын бул сөзүн мен минтип түшүнөм:

"Биз кыргыздар менен бирбиз, айырмасы жок бир эле элбиз, анткени кыргызың да, дуулатың да, баарының да, нойгутуң да, барласың да, чогурагың да, барының да – баары могол, баары көчмөн. Болгону, атаңкөрүнүкү, кыргыздарың бир билгени барчылап “хандарга" баш ийүүчүлүктүн салтын жээриди, анысы аз келгенсип же өздөрү мусулманчылыкты кабыл алышпайт же кабыл алган журтташтарын жайына коюшпайт”.

Моголистан мамлекети Моголистан болуп жаралганы (Борбор Азия элдеринин калыптануусунда чечүүчү роль ойногон бул мамлекет XIV кылымдын экинчи жарымында түптөлгөн эле) "кыргыз" наамын көтөрүп жүргөн көчмөн уруулар хандыкты кошо түптөшүп, түндүгүн чогуу-чаран көтөрүшүп, чагатай насилинен тараган хандарга ийилиштүү болуп турган эле. Эгер кыргыздар сырткарыдан кийин эле келип, Моголистан калкына - могол жамаатына капталдан кошулуп калса, Мухаммед Хайдар анын чоо-жайын билмек. Өзү айткандай, жок эле дегенде кары сөздү жетик билген атасынан, эски көз аксакалдардан үзүл-кезил эшитмек. Каңшаарын эшитсе эле жаза кетирбей жазмак. Алтынчы атасынын дооруна чейин тактап жазган неме, кыргыздын ооп келген калк экенин непадам укса, алардын “каапырлыгын" эле баса белгилеп тим болбой, башка былыгын да кошуп, кагаз бетине түшүрмөк деп ойлойбуз.

Кыскасы, көчмөн өзбектердин турпатын элестетиш үчүн казак болмушуна кайрылган сыңары эле, моголдорду саамга элестеткиси келген киши да ириде кыргыздар менен тааныштыгы болушу керек.

XV-XVI кылымдын кыргыздары "жапайы арстандар" деген атак күткөнүн жалпы белгилеп жүрөбүз. Аны да Мухаммед Хайдар жазып калтырган. Андай атак-даңк, бедел Моголистан урууларынын эсинде терең из калтырган көп жылдык окуялардын, канжыгасы канга боёлгон далай айкаштардын, кыл чайнашкан эрегиштердин, согуштук тажрыйбанын жыйынтыгы болсо керек деп божомолдойбуз.

Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын соңку мүнөздөмөлөрү да кыргыздардын Моголистанды абалтадан мекендеген түпкү урууларынан болгондугун ырастайт.
А. Капай уулу Койчиев

Мухаммед Хайдар кыргыздардын чектеш жаткан башка чөлкөмдүн эмес, дал ошол “Моголистандын арстандары” экенин белгилеп, Моголистанга энчилеп, анысын так жазат (The Tarikh-i Rashidi. P. 254).

Дин – кыргыздар менен моголдорду бир-биринен оолактаткан көрүнүшкө, улуттук айырмачылыкты (identity) аныктаган белгиге айланганын көрдүк.

Андан сырткары, Мухаммед Хайдар кыргыздардын кулк-мүнөзүндөгү “каапырлыгынан” башка дагы бир нече өзгөчөлүгүн белгилейт:

- Хандарга, тагыраак айтканда, чагатай насилинен тараган хандарга моюн сунбай, тынымсыз каршы чыгып турушкан. (The Tarikh-i Rashidi. P. 148).

- Моголистандагы бардык козголоң-төңкөрүштөрдүн уюштуруучулары. (The Tarikh-i Rashidi. P. 125).

Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын соңку мүнөздөмөлөрү да кыргыздардын Моголистанды абалтадан мекендеген түпкү урууларынан болгондугун ырастайт.

Чагатай тукумунан тараган хандарга, демек, тактынын бир эмес, бир нече ээсине каршы көтөрүлүп, маал-маалы менен тынчын алып турганды кыргыздардын өнөкөткө айлантып алышканы ачык-айкын айтылган ушул аныктама так ээси Мансур-хандын тушундагы окуяларга байланыштуу кайталап жазылган.

Ал эми Мансур-ханы ким эле? Санжырада “Алача-хан”, “Алач-хан” атагы менен калган, XV кылымдын экинчи жарымында калаа турмушун караманча жерип, көчмөн турмушту, көчмөндүктүн дөөлөттөрүн гана “ адаштырбас ата жолу” деп туу туткан, аны жүрүм-турумдун, жашоонун эрежеси санаган өңчөй кыргыз менен моголдун башын бириктирип, өзүнчө хандык түптөгөн кадимки Султан Ахмед-хандын тун уулу эле.

Кыргыздар жана аларга ыктаган могол уруулары Алач-хандын кийинки уулдары менен алака күтүп, ал турсун кенже уулу Султан-Халил-Султанды “нукура кыргыз ханы” деп жарыялап жиберишкени бар. Демек, Мырза Хайдар айткан көрүнүш мурунку хандардын – балким, Алачага чейинки хандардын заманынан тарта боло келгенин билебиз.

Жогорудагы ой жорумду кыргыздардын Моголистандагы бирин-экин төңкөрүштүн эмес, “бардык козголоң-төңкөрүштөрдүн уюштуруучулары” катары сыпатталышына карата да айтаар элек.

Кыргыздар менен моголдордун жакындыгы ушунчалык болгон экен, Мухаммед Хайдар ири тарыхый окуяларда моголдордун бир бөлүгү кыргыздар менен такай чогуу болгондугун айтат. “Баланча хан кыргыздар менен моголдорго каршы жортуул уюштурду”, “түкүнчө төбөл кыргыздар менен моголдорго бүлүк салды”, “кыргыздар менен моголдор антти-минтти” деген маалыматтарды арбын жолуктурабыз. Ушундан улам белгилүү тарыхчы Анварбек Мокеевдин орто кылымдык булактарда “кыргыздар бирде өз аталышы, бирде моголдор деп аталган” деген ырастоосун колдойбуз (Караңыз: Анварбек Мокеев. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане, 2010).

Ошол XV кылымдын алтымышынчы жылдары башталганда, тагыраагы кыргыз-могол урууларынын ханы - Эсен-Буканын тушунда могол менен кыргызды таң калтырган бир окуя болду. Моголистандын аймагына Жуучу тукумунан тараган султандар Аз-Жаныбек менен Керейди ээрчиген көчмөн өзбектердин бир бөлүгү жабыла кирип келип, могол менен кыргыздарга ылым санай чукулдады. Башпаанек сурады. Тууганына тарынып келген качкындарды Эсен-Бука жылуу кабыл алды да, могол менен кыргызга короолош жерге - Козу-Башынын тегерегине отургузду.

Мухаммед Хайдар минтип жазат:

Эсен-Бука-хан аларды сый-урмат менен кабыл алды да, Моголистандын күн батыш ыптасындагы Чүй [аймагынын] жанындагы Козу-Башыга кондурду. Алар тынчып, жоошуп калышты” (The Tarikh-i Rashidi. P.82).

Эсен-Бука-хандын 1462-жылы дүйнө салганын эске алсак, Жаныбек менен Керейдин көчүп келиши ушул жылга чейин орун алганын так кесе айта алабыз. Андан сырткары, дагы эки-үч жыл бою тынч өргүп, баш-аяктарын жыйып алууга шарт түзүлгөнүн, дал ушундай жагдайда келечекке багытталган бийик мүдөө-максаттары калыптанганын да тайманбай айтсак жарашат.

Анткени, 1465-1470-жылдар аралыгында Борбор Азиянын кийинки тарыхына терең из калтырган бир окуя болду. Жаныбек менен Керейди аздап келген өзбек-казактардын саны 200 миң кишиге жетти. Алар Абулхайырдын алдан тайып баратышканын көрдү да, жаңы "хан" шайлашты. Чингизид-тукатимуриддердин насилинен тарагандардын "казак хандыгы" жаралды.

Ушул окуялар урматтуу президент Нурсултан Назарбаевдин казак хандыгынын түптөлүшүнүн 550 жылдыгын белгилөө тууралуу жардыгына негиз болуп бергени маалым. Андай демилге көтөрүлгөндө жалпыбыз кубанганбыз. Ушундан улам кыргыз коңшуларын да өзгөчө сыймыкка бөлөй турган эки жагдайды белгилей кетпесек болбостур.

Биринчиден, кийин барган жагында биротоло “казак” атанып, казак элинин уюткусун түзгөн көчмөндөрдү хан жарлыгына ылайык жайыт үлөштүрүп жайгаштырууга могол-кыргыз төбөлдөрү катышканын, экинчиден, эки жүз миң киши жыгылган жыйында Керей менен Жаныбектин бири “хан” көтөрүлгөнүнө Моголистандын ак калпагын маңдайына бастыра кийген карапайым калың журт өкүлдөрү да күбө болгонун боолголоого толук акыбыз бар. Башкача айтканда, могол-кыргыздардын казак элинин тарыхый кадамын колдоосу катары кабылданышы керек. Тарых-и Рашидинин автору да ушинтип жазат: “могол хандары алардын - Жаныбек менен Керейдин колдоп-сүрөөчүлөрү болушкан” (The Tarikh-i Rashidi. P. 92).

Конуш тартыш болуп, жайыттар талашка түшкөн учурда - ал эми Моголистандын мамлекет катары кыйрашына кыргыз менен моголдун дал ушул жайыт маселесиндеги ыйкы-тыйкысы да түрткү болгонун Хайдардын жазгандарынан даана билебиз - журт үлөштүрүп берүүсү, аны кабыл алуусу чоң кадам, ынтымакка умтулуунун белгиси. Анткени, Моголистандын ханы Эсен-Бука эл-журтунун, кылкылдаган кыргыз менен моголдун көзүнө карабай, журт берип жатат. Кыргыз менен казактын коңшулук тыгыз карым-катнашы ушинтип башталган.

Акыйкаттык үчүн айта кетели, байыркы кыргыздар менен орто кылымдардагы казактардын бабаларынын коңшулук карым-катыш күтмөгү биринин көөнө доордон "кыргыз", экинчисинин 550 жыл илгери "казак" экендиги тарых бүктөмдөрүндө даана айтыла элегинде эле башталган.

Казактар дүңүнөн "өзбек" деп аталып, кыргыздар жалпысынан "могол" деп аталган кезде эле - казак хандыгы жарыяланганга чейин эле казактар Көкчө-Теңизден маал-маалы менен өтүп келишип, Моголистандын өтөктөрүн кыштап, кайра артка кетип турушкан.

(Бул жерде тактап жаза кетсек, "кыргыз" этноними б.з.ч. 201-жылдан тартып тарыхта маалым экендигин жана "кыргыз" аталышынын 2200 жылдыгын кылымдар тогошкон маалда белгилөө керектигин биз географ Садыбакас Өмүрзаков агайга удаа тээ 1989-жылы эле айткан элек. Бул маараке сунушу тууралуу тарыхчы Т.Чоротегин да макалаларында эскерген. Демек, Моголистан доорундагы кыргыздар - ошол байыркы кыргыздардын урпактарынын бири экендиги талашсыз. Бул жөнүндө Н.Аристов, В.Бартольд, Ө.Караев, Ю.Худяков, В.Бутанаев, Т.Чоротегин, М.Кожобеков жана башка тарыхчылар таасын белгилешкен).

Тактыда Жуучу насилинин өкүлдөрү турган казак хандыгы жарыяланганда, анын торолушуна дагы бир жагымдуу жагдай түзүлдү. “916-(хижра) жылдан кийин кыргыздар моголдорго Моголистанда калып жашоого түк мүмкүнчүлүк беришкен жок” – дейт Мухаммед Хайдар (The Tarikh-i Rashidi. P. 367).

Башкача айтканда кыргыздар азыркы түштүк Казакстанды кошуп, Моголистандын өтөктүү жерлерин толугу менен бошотуп алышкан, жайыт-конуштар ээндей түшкөн. Демек, 1511-жылдан кийин казактардын келип жаңы конушуна жайылышына жагымдуурак шарт түзүлдү. Ошол күндөн ушул күн кыргыз менен казак - коңшу.

Казактар менен коңшулаш болгонго чейин эле кыргыздар Чагатай тукумундагы хандарды Жоочу тукумундагы хандарга каршы коюу салтын өздөштүргөнүн байкайбыз.

Бул темага өзүнчө кайрылабыз деген ойдобуз.

Ал эми кыргыз менен казактын коңшулук карым-катышынын жаралышы тууралуу маалыматтарды жазып калтырган Мухаммед Хайдардын жана анын уруусунун тагдыры эмне болду?

"Бабур менен анын балдарынан башка чагатай бул жалганда калган жок, ал эми Турпан менен Кочкордун тегерегинде отуз миңдей эле могол бар. Алар бөлүндүдө (изоляцияда) калды”, - деп каңырыгы түтөйт Мухаммед Хайдар.

Моголдор ыдырап, негизинен кыргызга кошулду. Белгилүү кыргыз тарыхчысы Анварбек Мокеев орто кылымдык кол жазмалардын маалыматтарын электен өткөрүп келип, "сол канат кыргыздары - моголдор" деген жеке тыянак чыгарат. Андан сырткары, "моголдор" деген ири уруу Кашгар-Турпан чегинде жашайт. (Кыргыз ичинде: “журт уюткусу – моңголдор” деген лакап да жөн жерден айтылбаса керек). Кайсы-бир бөлүгү отурукташкан элге сиңип кетти. Кыйла бөлүгү казак хандарына жакындады. Ал эми айрымдары кыргыз менен казакка бирдей сиңди.

Мисалы, дуулат уруусу, негизинен, казак хандарына ыктаса, кыргыз ичинде калганы "дуулат", "кай-дуулат" деген этностук ат менен белгилүү. Ал эми Мырза Мухаммед Хайдардын өзү кыргыздар кодулап, жашоо бербесине көзү жеткенден кийин, алыскы Индияга, бөлөсү Захир ад-Дин Бабурдун ээлигин көздөй сапар тартты. Ал Кашмир жортуулунда каза тапты.

Ошентип, Чүй суусунун жээгиндеги кафеде аптаптан корголоп, чөөгүндөгү көк чай ичип бүткөнчө, ушул ойлор келди.

Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.
Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.

Дагы бир ой кылт этти.

Мухаммед Хайдар моголдордун көз алдында чачырап, кыргызга жана башка элдерге сиңгенин көрүп: “Менин бул китебимдин моголдон башкага кызыгы жок”, - деп кайгы чеккен экен.

Дуулат уруусунан чыккан улуу бабабыз Мырза Мухаммед Хайдардын туулгандыгынын 520 жылдыгы чукулдап келе жатат.

Келгиле, улуу тарыхчынын кайгы чеккен бойдон кеткендеги руху жеңилдесин, анын тарыхты чагылдырган мурасын чогуу изилдейли! Келгиле, анын туулгандыгынын 520 жылдыгын чогуу-чаран белгилейли, туугандар жана баурдастар!

Арслан Капай уулу Койчиев,

тарыхчы, жазуучу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG