Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:53

Соловьёв согуш Украинадан сырткары жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азияны атады

Орусиялык теле алыпбаруучу Владимир Соловьев.
Орусиялык теле алыпбаруучу Владимир Соловьев.

Орусиялык алып баруучу, Кремлдин таасирдүү пропагандачысы деп таанылган Владимир Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады.

Ал “Соловьёв LIVE” деген программасында Венесуэла жана Ирандагы соңку окуялар тууралуу өз пикирин билдирип, Орусиянын “таасир аймагы” тууралуу талкууга өттү. Соловьевдун пикиринде Венесуэла көйгөй эмес, Москва үчүн башка нерсе маанилүү.

“Арменияны жоготуу – чындап эбегейсиз көйгөй. Азиядагы, Орто Азиядагы, азыр аны Борбор Азия деп атап жүрүшкөн чөлкөмдөгү кырдаал - биз үчүн өтө чоң маселе болушу мүмкүн. Ошондуктан биз өз максат-милдеттерибизди так аныктап алышыбыз керек. Биз так түшүндүрүшүбүз абзел. Оюн бүттү. Эл аралык укукту, эл аралык тартипти карабайбыз. Эгерде улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны баштоо зарыл болсо, ошол эле жүйөлөргө таянып, эмне үчүн биз таасир аймагыбыздагы башка очоктордо да атайын аскердик операциябызды баштай албайбыз? Балким, улуттук доктринабызды аныктап, таасир аймагыбыз кайсы экенин ачык айтышыбыз керек. Ошондо баары түшүнүктүү болот”, - деди Москванын журналисти.

Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери азырынча Соловьевдун айтканына расмий комментарий берише элек.

Кремлчил журналистке Ташкенттеги Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору, саясий илимдеринин доктору, профессор Шерзодхан Кудратхожа өз Телеграм каналы аркылуу жооп берди.

Ал "Владимир Соловьёв түз эфирде буга чейин жашырууга аракет кылынган ойлорду: эл аралык укукту четке кагууга, суверенитетти шарттуу нерсе катары кароого болот, ал эми башка мамлекеттерди "таасир аймагы" деп жарыялоого мүмкүн дегенди ачык айтты. "Биздин Азия" деген формула - кокустук эмес, мамлекеттерди өз алдынча субъект эмес, объект катары көргөн, чек араларды тоскоолдук деп эсептеген таза колониялык тил", - деп сындады.

Соловьев буга чейин да Борбор Азиядагы эгемен өлкөлөрдүн дарегине ар кандай жүйөсүз кептерди айтып жүргөн. 2022-жылы мамлекеттик «Россия-1» телеканалында «америкалык биолаборатория» жайгашкан Алматыга сокку урунуу сунуштаган. Анда Кремль бул Орусиянын мамлекеттик позициясы эмес экенин түшүндүрүүгө шашылган. Ал эми 2024-жылы Арменияда анын эки программасы блоктолуп, көрсөтүүгө тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG