Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

"Эркин жүрө албай калышты". Орусия миграция мыйзамдарын дагы катаалдатууда


Евразия экономикалык биримдигинин эн белгиси жана Орусиядагы мигранттарга каршы рейд. Коллаж.
Евразия экономикалык биримдигинин эн белгиси жана Орусиядагы мигранттарга каршы рейд. Коллаж.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жыл жаңырары менен миграция саясатын катаалдаштырган кезектеги мыйзам долбоорун сунуштады. Анда медициналык кароодон баш тарткан чет элдик жарандарды соттун чечими менен депортация кылып, айып пул салуу каралган.

Ошондой эле жугуштуу дарты бар чет элдиктерди өлкөдөн тез арада депортация кылуу максатын көздөйт. Кезектеги катаал эрежелер Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенине карабай кыргыз мигранттарына дагы таасир этеби?

Орусияда медициналык кароодон баш тарткан чет элдик жарандарды соттун чечими менен депортация кылып, айып пул салуу сунушу киргизилди. Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин мигранттарга башкаларга коркунуч келтирген оорусу жок экенин тастыктаган документтерди жасап бергендерге жазаны күчөтүү да каралып жатканын билдирди.

Муну менен катар Орусияга үч айдан ашык мөөнөткө барган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтүн 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу пландалууда.

“Сунушталган чаралар мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү жана өлкөбүздө коомдук коопсуздукту жакшыртууга багытталган”, - деп жазган Вячеслав Володин.

Даярдалып жаткан мыйзамдык демилгелер медициналык уюмдарды чет өлкөлүк жаранда жугуштуу оору аныкталгандыгы жөнүндөгү маалыматты Ички иштер министрлигине жана Роспотребнадзорго берүүгө милдеттендирет. Бул жугуштуу дарты бар чет элдиктерди өлкөдөн тез арада депортация кылуу максатын көздөйт.

Медициналык кароодон качкан чет элдик жарандарды айып пул чегерүү менен сот аркылуу өлкөдөн чыгарууга чейинки административдик жоопкерчилик киргизилет.

“Башкалар үчүн кооптуулук жараткан оорусу жок” деген расмий документтерди жасалмалагандарга күчөтүлгөн кылмыш жоопкерчилиги белгиленет.

Миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева юристтер мигранттарга укуктук жардам берип жетишпей жатканын айтууда. Ал реестрден чыгуу жолу өтө татаал болгондуктан алар көбүнчө Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болуп жатышканын белгилейт:

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

“Медкароодон өтүш үчүн аябай кезек көп. Аны өздөрүнүн атайын сертификацияланган лабораториясынан өтүшүң керек. Мурда 90 күн болгондо деле биздин көп мигранттар жетишпей калат эле. Азыр булар ошону 30 күнгө кыскартабыз деп атат. Отуз күнгө кыскартыш биздин мигранттар үчүн өтө кыйын маселе. Булар айтып атат “эгерде 30 күндүн ичинде кирбесеңер, автоматтык түрдө реестрге киресиңер” деп. Экинчиден, ошол медкароонун жыйынтыктары автоматтык түрдө ИИМ менен Роспотребнадзорго кетет дейт. Эгерде сенде ВИЧ/СПИД, кургак учук сыяктуу өзгөчө коркунучтуу ооруң болсо, бул автоматтык түрдө реестрге киресиң деген маанидеги мыйзам болуп атат. Бул деген бир эле себеп менен “сен Орусиядан чыгып кетишиң керек” дегендик. Булар мигранттарга жашоону дагы да өтө татаалдаштырып атат”.

Мурдараак киргизилген жаңы эрежелерге ылайык, 28-январдан тартып билим берүү мекемелери Ички иштер министрлигине балдарын мектепке же коллежге тапшыруу үчүн кайрылган чет элдиктер тууралуу маалыматты берип турат. Орус тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктары жана билим берүү мекемесине кабыл алуу же чыгаруу жөнүндөгү чечимдер да жөнөтүлөт. Ички иштер министрлиги болсо билим берүү мекемелерине чет элдиктердин балдарынын миграциялык каттоого турганы же чыгарылганы тууралуу маалымдоого милдеттенет.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондуктан Орусиядагы мигранттарына жөнөкөйлөтүлгөн мамиле кылууну суранып келет. Ага карабай эле кыргызстандык мигранттар Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн жарандарындай катаал мамилеге тушугуп турат. Эксперт Гүлнара Дербишева уюмдун нормалары бул жаатта такыр иштебей жатканын айтууда:

“Балким, мурда жалпы миграциялык мыйзамдар катаалдашканга чейин кыргыздар үчүн жеңилдиктер болуп жүргөндүр. А бирок азыр таптакыр жеңилдик жок, бирдей эле. Өзбекстан менен Тажикстандын мигранттары менен катар ошол реестрге киргизилет, бирдей эле мектепке албайт, бирдей эле “Аминанын” санарип көзөмөлүнө баш ийет. Мен ошого кайра-кайра айтып атам, ЕАЭБдин мыйзамдары катары товар эркин жүгүртүлгөндөй эле, адамдар, эмгек күчү дагы эркин кыймылдай алышы керек. Бизде азыр Кыргызстандын мигранттары, тилекке каршы, эркин жүрө албай калды. Реестрге баш ийип атат, “Амина” санарип көзөмөлүнө баш ийип атат. Жадагалса такыр киргизбей, белгисиз себептер менен аэропорттон кайтып кетип атышат. Жапырт кармоолор, жапырт депортациялар болуп атат. Сотсуз эле. Азыр участкалык полиция өзү чечип эле өлкөдөн чыгарып атат. Бизде азыр Кыргызстандын мигранттарына таптакыр жеңилдик жок”.

Миграция маселелери боюнча эксперт, юрист Мирлан Токтобеков реестр боюнча чалып, кеңеш сурагандар өтө көп болуп жатканын белгилөөдө. Анын айтымында, реестрге кирип калгандар өз убагында тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылбаса депортация болот:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

"Акыркы убактарда реестр боюнча чалгандар өтө күчөдү. Реестрге түшүү, андан чыгуу механизмдерин Орусиянын Миграциялык кызматы так көрсөткөн эмес. Мисалы, кандай талаптарды бузганың үчүн бул реестрге түшүп каларың белгисиз. Биз азыр мекендештерге айтып жатабыз эгерде түшүп калсаңар өзүңөрдүн документтериңерге көңүл бургула деп".

Орусияда мигранттарга талап катаалдашып жатканын кыргыз өкмөтү да билдирүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 18-декабрда Кыргызстандын 128 миң жараны орус полициясынын "көзөмөл реестринде" каттоодо турарын, 91 миңден ашууну бул өлкөнүн "кара тизмесинде" экенин айткан:

Бакыт Дарманкул уулу
Бакыт Дарманкул уулу

"Орусия тууралуу бир аз токтолуп кетейин, баарыбызды кызыктырып жаткан жанагы “кара тизме” боюнча. Анда 91 миңден ашык адамыбыз турат. Быйылкы жылы миграциялык мыйзамдар кабыл алынып, шарттарды катаалдаштырып жатат. Ал жактагы жарандарыбыздын санынын азайганы да ошол. Мындан сырткары башка дагы себептери бар. Орус акчасынын курсу да төмөндөп жатканы себеп болууда".

Дарманкул уулу иштөө мүмкүнчүлүгү, шарттар Кыргызстандын өзүндө деле түзүлүп жатканын кошумчалаган. Жумушчу жетишпегендиктен өкмөт чет өлкөлүктөрдү тартууга мажбур экенин белгилеп ал 2020-жылы, мисалы, сырттан жумуш күчүн тартуу үчүн 12 миң квота каралса быйыл 42 миң орун болгонун айткан.

Ал эми Кыргызстандан тыш жакта иштөөнү каалагандар, анын айтымында, жалпы 29 өлкөнүн арасынан тандай алышат. Бул үчүн министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орношутруу борборуна кайрылса болот.

Былтыр күзүндө орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарында мигранттар маселеси да көтөрүлгөнү айтылган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “бул багытта тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилгенин” билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды тооруган дагы бир коркунуч - Украинадагы согушка жөнөтүү. Абакка түшүп калгандарды, кылмышка шектелгендерди же башка маселе жаралгандарды эркиндик убадасы менен орусиялык күч түзүмдөрү Коргоо министрлиги аркылуу келишим түздүртүп, майданга айдоодо.

Украинанын "Хочу найти" долбоору орус армиясы тарабында согушкан 143 кыргызстандыктын аты-жөнүн чыгарган. Булардан сырткары Орусия "жалдагандар" деген дагы өзүнчө тизме бар. Анда 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.

"Азаттык" Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылганы белгилүү болгон.

"Көзөмөл реестри" - Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий электрондук базасы. Ага документинин мөөнөтү өтүп кеткен, тартип же коопсуздук чараларын бузду делген чет элдиктер киргизилет. База былтыр февраль айында ачылган.

Ал эми "кара тизме" деп адатта Орусияга кирүүгө ар кандай себептер менен тыюу салынган чет элдиктердин тизмесин аташат.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү, ишке ашырылышы экенин жарыялаган. Кээ бир талдоочулар ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын тассирин күчөтүүчү саясий бирикме экенин айтып келишет.

Москва миграция саясатын дагы катаалдаштырабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Шерине

 

XS
SM
MD
LG