Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:36

“Фолк-хисторинин” кулагы чыкты, абайлаңыз!


Билге каганга (683-734) багышталган руна сымал жазма эстелик Орхондогу Хөшөө-Цайдам жергесинде табылган.

Айрым депутаттардын “Байыркы кыргыз тарыхы институту” деген мекемени түзүү оюна карата каяша ирээтинде айтылган жана Кыргызстандагы тарых жана чыгыш таануу илимдеринин болочогу жөнүндө сунуш камтылган пикир.

Бушайман кылган демилге

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин айрым өкүлдөрү “кыргыз тарыхынын б.з.ч. VII кылымдан б.з. II кылымга чейинки тарыхын астейдил үйрөнүү үчүн” атайын институт түзүү керек жана аны жакшылап каржылоо керек” деген демилге менен чыгышты.

Учурда бул демилгеге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Тарых жана маданий мурас институтунда иштегендер гана эмес, мүлдө тарыхчы илимпоздор нааразылык билдирип, ачуу сындарын айтып жаткан кез.

Алар “тарых илими тууралуу түшүнүгү тайкыраак замандаштар гана ушундай сунуш менен чыга алат: алиги Тарых жана маданий мурас институту ансыз да Кыргызстандын эң байыркы доорлордон берки археологиясын жана башка тарыхый өңүттөрүн изилдөө максатында негизделген”, - деген жүйөөлөрүн айтууда.

КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун азыркы жетекчиси Абылабек Асанканов. 25.11.16.
КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун азыркы жетекчиси Абылабек Асанканов. 25.11.16.

КР УИАсындагы бул институттун акыбалы “мышык ыйлагандай эле” бар: анын соңку жылдардагы ири ачылыштар жасаган негизги археологиялык сапарлары дээрлик чет элдик демөөрчүлөрдүн көмөгү менен гана жүзөгө ашырылып келет; жакшы каржылоо болбогондуктан, айрым антропологдор чет өлкөгө көчүп кетип калышкан, нумизмат сыяктуу адистер жокко эсе; кээ бир археологдор, этнографтар жана тарыхчылар КР УИАсынын аз айлыгынан качып, аргасыз башка жайларда – ар кыл университеттерде иштеп жүрүшөт; айрым бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин негизги кызмат орундары маянаны жакшы төлөгөн бишкектик университеттер болуп калды.

Демек, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт “орто жолдон жаңы элесепет ойлоп таппастан”, КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун азыркы жетекчиси Абылабек Асанканов белгилегендей, дал ушул институтту каржылык жактан чыңдоосу абзел.

Мындан тышкары, албетте, бийликтер кыргыз таанууга түздөн-түз тийешеси бар башка академиялык илимий институттарды жакшылап каржылоонун заманбап чараларын иштеп чыгуусу кажет.

Чыгыш таануу жана алтай таануу

Кыргызстанда пост-советтик доордо көптөгөн университеттер чыгыш таануу факултеттерин ачты. Кыргыз-Түрк Манас университетинин өзү эле бараандуу түркология борборуна айланды.

Бирок өлкөдө чыгыш таануу тармагында баш-аламандык орун алууда.

Эгерде депутаттар чындап берешен болушса, анда КР УИАсында атайын Чыгыш таануу институтун кошумча ачууну каржылашса дурус болмок. Бул институтту дунган таануу тармагы менен чаташтырууга эч болбойт (бул тармак да керек, албетте).

Чыгыш таануу институтунда ханзу (кытай), жапон, корей, тибет, санскрит, арап, фарсы, монгол, манчжур ж.б. тилдердеги булактарга таянуу менен кыргыз таануу жана түркология илимий маселелери изилдениши керек (бул институтка ошол тилдерди билген гана адистерди алуу зарыл; маселен, тибет, санскрит, монгол, арап, фарсы, өлүү тилдерден – шумер, тохар, согду ж.б. тилдерди билген адистер жок болсо, анда 5-10 жылдык камылга аркылуу ошондой адистерди чет жактардан даярдоо, бул адистиктер менен алектенген чет элдик адистер менен кызматташуу зарыл). Институт чыгыш таануу жаатындагы илимий журналдарды жана китептерди жарыялоого жетишүүсү, өз алдынча интернет барагын бир нече тилде калыптандырышы керек. Демек, аны каржылоо да олуттуу өкмөттүк мамилени талап кылат.

Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) көрнөгү. Секешфехервар шаары, Мажарстан. 27-31.8.2017.
Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) көрнөгү. Секешфехервар шаары, Мажарстан. 27-31.8.2017.

Айтмакчы, чыгыш таануу институту менен түзүлүүсү сунушталып жаткан алтай таануу (алтаистика) институтун эч чаташтырбоо зарыл. Булардын илимий жүгү ар башкача. Ошондой эле, булар азыркы кыргыз тили жана адабияты институтун, тарых жана маданий мурас институтун ж.б. эч алмаштыра албайт. Алардын ар бири – академиялык бирдиктүү шуру тизиминдеги өзгөчө орду бар ажайып асыл таштардан.

Менин оюмча, КР УИАсындагы кол жазмалар корун (фондун) Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун тутумунан чыгарып, академиянын ар кыл институттары үчүн орток болгон бараандуу өз алдынча илимий мекемеге айлантуу, анын илимий журналын чыгаруу кажет. Бул корго мурдагы КГБнын архивинде жана Мамлекеттик архивде, китепканалардын корлорунда ж.б. жаткан кол жазмалардын жана эски китептердин электрондук жана башка көчүрмөлөрүн топтоо керек.

Кыргызстан Сорос кору, “Биздин мурас” фонду жана башка демөөрчүлөр КР УИАсы менен биргелешип жүзөгө ашырган долбоордун натыйжасында 2016-жылы КР УИАсындагы бул Кол жазмалар корунун бир катар баалуу материалдары электрондук ыкма менен көчүрүлүп, интернетте ачык сунушталгандыгы – эгемендик доордогу мыкты саамалыктардын бири болду десек жаңылышпайбыз.

Булак: http://manuscript.lib.kg/

Өткөн кылымдын соңунда бул КР УИАсындагы кол жазмалар корунда бир дагы компүтер жок болчу. Бул өзгөрүүлөр коомдук демилгенин жана коомдук корлордун колдоосунун натыйжасында жүрдү.

Ал эми жогорудагы депутат демилгечилер "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунда, башканы кой, Wi-Fi (вай-фай) барбы? Алардын интернеттик долбоорлорун кантип колдоого болот? Аларга археология, архив таануу, этнография жаатындагы экспедицияларды майнаптуу жүзөгө ашыруу үчүн жылына канча каражатты кошумча бөлүү керек?" деген сыяктуу суроолор боюнча атайын депутаттык иликтөө жүргүзүп, өз жардамын сунуштаса кандай сонун болмок!..

Чыгыш таануучулар жана кыргыз тили

Мен 1995-жылы Украина Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда болуп, анын ал кездеги директору, профессор Омелян Прицак (Omeljan Pritsak) менен жолугуп, алардын иш багыттарына маашырланган элем. Алар бир эле учурда чыгыш таануу жаатындагы украин тилинин терминологиясын тартипке салып жатышкан экен.

Кыргызстан эгемендикти алган соң, чыгыш элдеринин жана өлкөлөрүнүн тилдериндеги терминдерди жана ар кыл реалийлерди эне тилибизде чагылдыруунун өзүнчө салтын иштеп чыгуубуз керек. Кейиштүүсү, азыркыга чейин бизде орус тилинин чыгыш терминдерин чагылдыруу системасы механикалык түрдө колдонулууда.

Маселен, кыргызда Бээжин сөзү “Манас” дастанынан бери чагылдырылган, бирок негедир көпчүлүк адабиятта орустардыкындай Пекин деп жазып жүрүшөт.

“Сөз таануу” шеринесинде арапча терминдерди да кыргыз тилинде туура эмес чагылдырган учурлардын айрымдарын көрсөткөн элек:

“Арап ысымдарын орус тилинде чагылдырганда өзгөчө жагдай бар: орусча жумшак Ж менен так чагылдырууга мүмкүн болбогондуктан, катуу айтылган Ж (арапча ج - жим тамгасы менен берилет) тыбышын орус тилинде ДЖ деп кош тамга менен чагылдырышат.

Кыргыз тилине араптын Жамила ысымы кирген. Аны араптар Жамила дешсе, кыргызча Жамыйла, Жамийла сыяктуу түрлөрдө колдонушат, бирок Ж (жим) тамгасы эки тилде тең (арапча жана кыргызча) бирдей эле каткалаң Ж (ج - жим) менен жазылат.

Орус тилиндеги адабиятты кыргызчалаган адистер бул жагдайды эске алуусу керек. Демек, кыргызча текстте Наджиб эмес, Нажиб, Джамиля эмес, Жамийла (Жамыйла) деп жазылууга тийиш.

Арапча Нажму д-Дин сөзү орусча Наджму д-Дин делет, кыргызча бул ысым Нажмүдүн деп жана башка түрдө өздөштүрүлгөн (бирок аны кыргызча Наджмуддин деп жазбайбыз).

Ошондой эле арапча "ал" артиклин (ال) орустар ичкертүү белги жалгаштырып колдонушат, кыргыз тилине ичкертүү белги кошуунун эч кажети жок. Арапча "ал-Бухари" ("Бухаралык"), "ал-Уши", орусча "аль-Бухари", "аль-Оши", кыргызча "ал-Бухари", "ал-Оши" же жөн гана "Бухари", "Оши", ж.у.с.”. (07,03,2018. 05:13).

Өзүн “Сөзчү” деп атаган замандашыбыз ушул пикирибизге колдоо иретинде төмөнкү катты жазыптыр (Сөзчү. 10,03,2018. 16:20):

“Тынчтык агай көтөргөн транскрипция тууралуу маселе абдан орчундуу. Биз арап тилинен келген сөздөрдү гана эмес, башка чет сөздөрдү да өз тилибизге тууралап айтышыбыз керек.

Сөдү баштаардан мурда, алгач транскрипция деген эмне экенин жакшы түшүнүү керек. Транскрипция - бул чет тилдеги сөздөрдү айтылышы боюнча өз тилиңдин тыбыштары менен берүү. Мисалы, учурда болуп жаткан кышкы олимпиадада curling спортун орустар өз тилинин тыбыштары менен кёрлинг деп айтып жатышат. Бул сөздү кыргыз тыбыштары менен бере турган болсок, “көрлиң” деп түпкү тилине жакыныраак жана кыргызчараак угулмак. Бирок тилекке каршы, кыргыздар өз тилинин ресурстарын колдонбой, башка сырттан таңууланган жат тыбыштарга ылайыкталган эрежелерди колдонушат.

Кызыгы, казактарда ушул жөнүндө түшүнүү бар. Алар жакында эле чет өлкөлүк адам ысымдарынын, жер аталыштарынын транскрипция эрежелерин казак тилине тууралап иштеп чыгабыз деп жар салышты. Муну айрымдар латын арибине кайтуу менен бирге, тилдик деколонизация деп атап чыгышты. Чынында эле, башка улуттун тил эрежелери сенин тилиңди союп баш көтөртпөй үстөмдүк кылып жатса, колонизация болбогондо эмне? Өкүнүчтүүсү, биздин журналистер, жазуучулар, саясатчылар жана дегеле элдин көзүндө болгондор ошол тилдик колонизациянын өткөргүчтөрү (проводниктери) болуп келишет.

Орустар мисалы, франсуз, немис же англис транскриция эрежелерин колдонушпайт. Ондогон тилдерге атайын транскрипция эрежелерин иштеп чыгышкан.

Ошол тилдердин тизмеси жана орусча транскрипциясы бул жерде: https://goo.gl/TzT2Rn

Мисалы, ханзу (кытай) тилиндеги сөздөргө Палладий аттуу киши атайын орус тилине ылайыкташтырып транскрипция иштеп чыккан. Кыргыздар ошол Палладийдин эрежелерин колдонушат. Мисалы, Кытай президенти Си Цзиньпин. Кытайча болсо Си Жиңпиң деп айтылат. Демек орусча транскрипцияга салып тилди сындырбай, түпкү тилиндегидей айтсак кыргыз тилине жакын жана оңой болмок. Ошол эле Синцзянь кытайча Синжияң деп айтылат. Биздин ата бабаларыбыз аны Шынжаң деп кыргыз тыбыштары менен айтышкан.

Менимче, кыргыздар ханзу сөдөрүн айтууда Палладий транскрициясын колдонбой пиьинь транскрипциясын колдонуу керек. Ошол палладий транскрициясы баракчасын ачып карасаңар, палладий-пиньинь жадыбалы берилген (https://goo.gl/av3IdZ) . Пиньинь транскрипциясы кыргыз тыбыштарына үстүдө келтирилген (Си Жиңпиң жана Синжияң) мисалдары көрсөтүп тургандай аябай жакын.

Мисалы, орусча бир кытайдын же кытайлык жер аталышын укканда, ошол палладий-пиньинь жадыбалын ачып, пиньинь вариантын чыгарса болот. Албетте, биздин мамтилкомдогу 25 жылдан бери дүйнөнү дүркүрөтүп келген методичкачылар менен кыргыз тил адистери орустардай болуп нукура кыргыз тилине тууралап транскрипция иштеп чыгышса, идеалдуу болмок.

Кытайдын чоң шаарлары Палладий жана пиньинь транскрипциясы боюнча:

Шанхай - Shanghai (Кыргызча Шаңхай же Шаңкай)

Гонг конг - Hong Kong (Кыргызча Гоң Коң)

Гуанчжоу - Guangzhou (Кыргызча Гуаңжоу)

Шэньчжэнь - Shenzhen (Кыргызча Шинжен)

Тяньцзинь - Tianjin (Кыргызча Тянжын)

Чэнду - Chengdu (Кыргызча Чеңдү).

Кытайдын белгилүү инсандарынын Палладий жана пиньинь транскрипциясы боюнча:

Дэн Сяопин - Deng Xiaoping (Кыргызча Дэң Сыяпың)

Конфуций - Kong Zi (Кыргызча Коңфузы)

Мао Цзэдун - Mao Zedong (Кыргызча Мао Зыдоң)

Цюй Юань (акын) - Qu Yuan (Кыргызча Чү Юян)

Циньшихуан (Кытайдын биринчи императору) - Qin Shihuang (Кыргызча Чин Шыхуаң).

Быйыл Кышкы олимпиада өткөн Түштүк Корей шаарын орустар Пхёнчхан деп транскрипциялап алышкан. Англисче Pyeongchang, корейче Пхөнчаң деп айтылат. Кыргызча Пиоңчаң же Пөнчаң десек туура болмок”.

Менимче, өзүн “Сөзчү” деп тааныштырган замандашыбыздын өтө орундуу сунуштары талкууга алынып тим болбостон, атайын терминологиялык чечим кабыл алуу үчүн ар тараптуу иштерди жүргүзүүгө чакырат.

(Жогорудагы Сөзчүнүн сунуштарынын айрымдарын алар оңдошоорунда шек жок. Мисалы, Чү Юян эмес, Чү Йүэң делеер, Дэң Сыяпың эмес, Дың Шийапың делээр, ж.у.с. Бирок Сөзчү чет элдик терминдер боюнча кыргыздын заманбап улуттук транскрипция системасын иштеп чыгуу тууралуу өзгөчө алгылыктуу маселе козгогонунда шек жок).

Балким, бул жаатта да болочокку Чыгыш таануу институтунун жамааты КР УИАсындагы жана университеттердеги башка институттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы жана Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия менен биргеликте иш алып барышы кажеттир?

Жалаң гана кыргыз же башка түрк тилдерин иликтеген кыргыз тил адистерин сыйлоо менен катар, корей, жапон, ханзу, монгол, ж.у.с. чет тилдерди билген кыргыз тилдүү ар кыл адистердин да сунуштарын угушубуз керек деп ойлойм.

Профессор Адыл Жуматурду. Бээжин. 19.10.2015.
Профессор Адыл Жуматурду. Бээжин. 19.10.2015.

Кытай (ханзу) тилиндеги терминдерди кыргызча так чагылдыруу жаатында жогорудагы эске алынган пинйин системасынан тышкары, Кытайдагы жүздөгөн кыргыз окумуштуулары (анын ичинде Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Жаркын Турсун, Ысакбек Бейшенбек, Токтобүбү Ысак кызы, ж.б. илимпоздор) да бул жаатта өз салымын кошууга дилгир.

Түштүк Корея менен Жапонияда, Индияда ж.б. мамлекеттерде жашап жана иштеп жаткан кыргыз тилдүү илимпоздор да өз салымын кошо алат. Бордош Түркия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөгү алгылыктуу тажрыйбаларды да эске алуу зарыл.

Кыргыз таануу – Кыргызстан бийлигинин каржысына таянчу тармак

Дагы бир өңүт – өлкөбүздөгү Жогорку аттестация комиссиясынын (ЖАК) айрым чектөөлөрү тууралуу болмокчу.

Учурда илимий диссертациялар коргоо үчүн окумуштууларды айрым чет өлкөлүк көрсөткүчтөргө байлап коюу аракеттери да жүрүп жатат. Мунун жакшы жагы бар экендиги талашсыз (кыргыз илимпоздордун эмгектери дүйнө жүзү боюнча жарык көрүп, аларга чет жакта шилтемелер жасалып турса, албетте, сүйүнөбүз), бирок көмүскөдө кала берген башка да маанилүү жагы бар...

Кыргыз тилиндеги төлөнчө жөндөмө, түкүнчө куранды мүчө ж.у.с. жөнүндө лингвистикалык иликтөөлөр, элдик эпостор, чакан дастандар, кыргыз жөө жомоктору тууралуу изилдөөлөр, орто кылымдардагы кыргыздын философиялык ой мурасы, кыргыз дастандарындагы тийешелүү өңүттөр, кыргыз топонимиясы жана ономастикасы, кыргыз географиясы, тарыхтагы Барсбек, Эренак, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Тайлак, Ормон, Полот хан, Курманжан, Жусуп Абдыракманов, ж.б. инсандардын ролу, ж.у.с. темалардагы изилдөөлөр камтылган илимий макалаларды чет өлкөлүк илимий журналдар ар бир санында чыгара бербейт, алар үчүн бул – 10-15 жылда бир жарык көрчү “майда-барат” тема, ал эми кыргыз таануу үчүн – өтө маанилүү жаңылыктар камтылган жана ай сайын саамалыктар күтүлгөн ырааттуу изилдөөлөр.

Кыргыз таануу жаатындагы бул комплекстүү тармакты 1991-жылы эгемендикке жетишкен Кыргызстандагы бийлик, Кыргыз Өкмөтү түздөн-түз каржылабаса, анда эгемендиктин эмне пайдасы бар?

Демек, илимий эмгектерге шилтеме берүүнүн кыргыз таануу жаатындагы жергиликтүү көрсөткүчү (индекси) калыптанышы керек жана бул атамекендик көрсөткүч өлкөдө коомдук илимдер тармактарын иликтеген окумуштуулар үчүн биринчи орунга коюлушу керек.

Албетте, оюбузду кайталасак, чет өлкөлөрдө да илимий макалалар жарык көрүүгө тийиш (бирок мында кыргыз физиги, химиги, микробиологу, дарыгери ж.б. адистер үчүн коюлган талапты кыргыз таануу комплекстүү илимине коюлган талаптарга чаташтырбайлык; Ала-Тоодогу математика илим тармагы - Австралия, Евразия, АКШдагы математика илиминин эле бир бөлүгү; ал эми кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз этнографиясы, тарыхы, философиясы үчүн жазылган кыргыз тилиндеги татыктуу илимий эмгектер оболу Кыргызстанда кеңири жарык көрүшү жана бул багытта илгерилөөнү өбөлгөлөгөн шарттар жаралышы үчүн өкмөттүк, парламенттик колдоо, ЖАКтын колдоосу керек).

Соңку сөз

Деги, “б.з.ч. VII кылымдагы кыргыз тарыхы” түшүнүгү кантип жаралды? Албетте, илимде “фолк-хистори” деген шарттуу аталышты алып жаткан жана “азыркы жомокчулар” тарабынан жазылган жалган тарыхты сыпттаган кубулуш бар (Folk History – сөзмө-сөз которсок, “калайык жазган тарых”; мааниси – фактыга негизденбестен чүргөлгөн жармач тарых).

Кыргызстанда да “тарыхчылар айтпаганды биз айтабыз” урааны менен жалганды чүргөгөндөр да жамгырдан кийинки козу карындай көбөйдү. Мындай чүргөмөчүлөрдү, анын ичинде ар кандай “жайсаңчыларды”, ичи элжиреп колдоого алып, берешендик менен каржылоочулар депутаттык орундарга жана олигархтык деңгээлге чейин жетишти.

Өткөн жылдары эле мурдагы маданият министри болгон бир замандашыбыз “Кытайда жаңы булак ачылды, көрсө, кыргыз тарыхы б.з.ч. VII кылымдан тартып эле жазылып калыптыр” деген “сенсациясын” жарыялады; андан соң ал Кытайдан ала келген чоң китепти атайын сурап, маалыматын карап көрсөм, калемгерибиз биздин замандын VII кылымындагы окуяны б.з.ч. VII кылым менен чаташтырып жатыптыр. Иш жүзүндө, байыркы кыргыздар алгачкы жолу Сыма Цян (Шыма Чийен) тарабынан эскерилген б.з.ч 201-жылдардагы окуялардан эртерээк учурда кыргыздар эскерилген маалыматтар дагы эле табыла элек экен. Муну Кытайдагы чыгыш таануучулар да бизге тастыкташты.

Ал эми б.з.ч. VII кылымга чейинки көөнө тарыхка кайрылсак, жакынкы жылдары эле кыргыз археологдору орусиялык кесиптештери менен биргеликте Баткен аймагындагы Сүлү-Үңкүр (орусча “Сель-Ункур” делип жүрөт) үңкүрүнөн мындан 100 миң жылдай илгерки кишилердин тургун жайынынын калдыгын табышкан. Албетте, ал кезде азыркы этностордун эч биринен дайын жок болчу. Деги, “кыргыз” этностук аталышына таандык болбогон учурда, мындай табылгаларды изилдебешибиз керекпи?

КУУнун археолог студенттери Кочкор-Башы шаарынын ордун казууда. Кум-Дөбө кыштагы. 01.7.2011.
КУУнун археолог студенттери Кочкор-Башы шаарынын ордун казууда. Кум-Дөбө кыштагы. 01.7.2011.

Археологдорубуз байыркы Саймалы-Таш аска сүрөттөрүн, Ош аймагындагы тургун жайларды, Талас, Ысык-Көл менен Кочкордо буга чейин белгисиз болгон руна сымал жазмаларды иликтеп, улам жаңы маалыматтарды илим чөйрөсүнө киргизип келишет; ал эми Карахандар доорундагы шаар маданияты боюнча Тоңдогу жана Кочкордогу соңку баалуу ачылыштарды, тарыхый окуялар чагылдырылган жазма булактарды ар башка тилдерден кыргызчага которгон соңку эмгектерди айтпай эле койолук.

Демек, тарых боюнча жаңы фактологиялык маалыматтарды табуу жаатында жылыштар бар.

Мындай фактыларга, бирок, “фолк-хисторинин” чыгаандары эч көңүл бурбайт. Аларга калемдин бир илеби менен “кытай иероглифтерин кыргыздар ойлоп тапкан, б.з.ч. VII кылымда эле Кыргыз мамлекети болгон, Манас өзү чоң казатка барып, Ляодуң аймагына чейин каратып келген, Чыңгыз хан – биздин кыргыз уруубуздан чыккан, Курманжан датка орхон-энесай руна сымал жазмасы менен сүйүү катын жазган”, деген сыяктуу жалган нерселерди эч фактыга негизденбестен чүргөп жазуу алда канча ыракат.

Цензура жок маалда алар каалашынча жаза беришсин деңизчи, бирок кээ бир депутаттар “фолк-хисторинин” туундуларына ишенип алып, өлкөбүздүн парламентинин - Жогорку Кеңешинин төрүндө чыгып сүйлөп, “кыргыз тарыхынын б.з.ч. VII кылымдан б.з. II кылымга чейинки тарыхын астейдил үйрөнүү үчүн” атайын институт ачуу сунушун көтөрүп жибергени бушайманга салып жатпайбы!

Бул сунушту колдогон айрым депутаттарга бир гана нерсе боюнча ыраазычылык билдирем: алардын орунсуз сунушу кыргыз таануу, чыгыш таануу жаатындагы көйгөйлөрдү дагы бир жолу өлкөдөгү бийликтердин жана калайыктын эсине салуу жана бул көйгөйлөрдү чечүүнүн алгылыктуу жолдору жөнүндө коомчулук арасында ачык талкуу кылуу үчүн илимпоздорго жакшы шылтоо болуп берди. Чоң рахмат, сиздерге!

Эми чыныгы илимий-тажрыйбалык жана коомдук зарылчылыкка ылайык каржы бутасын туура тандап алсак болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG