Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Кыргыз таануу борбору – Буркина-Фасонун байтактысындабы же Бишкектеби?


Ойчул, окумуштуу жана акын Жусуп Баласагындын айкели. 14.5.2015.
Ойчул, окумуштуу жана акын Жусуп Баласагындын айкели. 14.5.2015.

Кыргызстандагы Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияны жактоону заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган жаңы эрежелерди иштеп чыгып, өкмөт башчы аны бекитти. Бирок эрежелерден улам эгемен өлкөнүн илимпоздорунда айрым суроолор жаралды.

Жагымдуу өзгөрүүлөр

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестация комиссиясы (ЖАК) жакында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын башкы жыйын залында кеңейтилген жыйын өткөрүп, негизинен так илимдер тууралуу камтылган баяндамаларда заманбап технологиялык илгерилөөгө ылайык саамалыктарды тааныштырды.

Дароо айта кетүү керек: бул саамалыктарда жергиликтүү илимий тармактарды эл аралык илимий чөйрөгө терең интеграциялоо аракети бар, бул анын өзгөчө алгылыктуу жагы.

Азыртадан эле медицина, биология жана башка тармактарда иликтөө жүргүзгөн айрым кыргыз илимпоздору эмгектерин англис жана башка тилдерде арбын жарыялап, аларга дүйнө жүзүндөгү кадыр-барктуу илимий басылмаларда байма-бай шилтемелер жасалып жаткандыгы маалымдалды.

Алардын арасында, маселен, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, биология илимдеринин доктору, академик Алмаз Алдашев бар. Чет жерде бир катар жылдар иштеп келген кардиолог, профессор Талантбек Батыралиевди, ушул тапта Улуу Британияда Кэмбриж Борбордук институтунун Молекулалык биология лабораториясынын башчысы катары илимий ишмердигин улантып жаткан Базбек Давлетов жана башка кыргыз аалымдарын да сыймык менен айта кетсек болот.

Демек, теңелүүгө аракеттенүү үчүн жаш илимпоздорго өрнөк бар.

Ал эми кыргызстандык илимий басылмаларга келсек, медицина жаатындагы журнал дүйнөдөгү кадыр-барктуу басылмалардын тизмесинде катталгандыгы маалымдалды.

Изденүүчү окумуштууларга тиешелүү сандагы макалаларды ушундай кадыр-барктуу басылмаларда жарыялаган соң гана кандидаттык, доктордук диссертацияларын жактоого жана профессордук наамды алууга мүмкүнчүлүк берилмекчи. Бул жаатта, албетте, так илимдер үчүн өзгөчө ыңгайлуу. Себеби, маселен, Эйнштейндин теориясын жактап же сындап жазсаңыз да, алгебранын маселесин камтысаңыз да, жаңы галактиканы ачсаңыз да, бүткүл дүйнө боюнча сизди кеңири талкууга алчу адистер четтен табылат.

Чет элде доктордук диссертациясын (PhD) жактагандарга да Кыргызстан ЖАКы илимдин кандидаты даражасын алуу үчүн өз дипломун нострификациядан өткөрүүсү үчүн тиешелүү жол-жобосун иштеп чыккан.

Жетинин айынын (ноябрдын) 13үндө Кыргызстан менен Тажикстандын диссертациялык кеңештери алгачкы жолу он-лайн режиминде (интернеттеги түз байланыш аркылуу) чогуу-чаран диссертациялык ишти талкуулашты. Учак белети, конок үйү жана башка чыгымдар жоюлган бул усул да – заманга шайкеш жана келечектүү.

Бул жана башка саамалыктар тууралуу караңыз: http://www.nakkr.kg/

Эми керек болсо кайсы-бир расмий пикир ээси (оппонент) Бишкекке эч келбестен эле, Астанада, Петербургда, Берлинде, Венада, Каирде, Токиодо, Сеулда, Магаданда туруп, Skype жана башка программаларды колдонуу аркылуу диссертациялык ишти кароодо өз салымын кошуусуна жетишсек болот го. Атаганат, анда Кыргызстандын ЖАКы диссертация жактап жаткан илимпоздорго чоң өбөлгө түзөр эле (бир жашыруун сырды айта кетсек: адатта, чет өлкөдөн келчү оппоненттердин жол киреси, жатагы, тамак-ашы баягы эле окумуштуулук даражаны изденүүчү бечаранын мойнуна жүктөлөт, ошол себептүү алар расмий пикир айтчу адисти Бишкектен эле табууга ынтызар).

Адатта, доктордук ишти жактап жаткан кишинин үч оппонентинин экөө сөзсүз түрдө жыйын отурумуна катышуусу керек, тиешелүү себеп менен келбей калган үчүнчү кишинин пикирин жооптуу катчы окуп тааныштыра алат. Эгерде интернеттеги түз байланыш мүмкүнчүлүгүнө жол ачсак, анда чет өлкөдө же башка шаарда жүргөн тигил же бул оппонент деле жыйын отурумуна интернет аркылуу жандуу катыша алмак.

Кыргыз таануу жана түркология жаатындачы?

Дал ушул маселе кызыгуу жаратары бышык. Кыргызстан өкмөтү жана ЖАКы, сыягы, так илимдер аркылуу чоң реформаларды жүргүзүп жатып, коомдук илимдерге кирген комплекстүү кыргыз таануу багыты жаатында биолог, физик же математиктин көзү менен карап калгандай.

Мисалды башка жактан баштайлык. Кадыр-барктуу монгол таануу борборлору Монголиянын борбору Улаан-Баатарда (Улан-Батор) жана КЭРдеги Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хото шаарында жайгашкан. Негизги мажар таануу борбору – Будапештте жайгашканын да тана албаспыз.

Демек, келерки жылы чейрек кылымдык эгемендик майрамын белгилеп жаткан Кыргызстандын борбору Бишкек шаары кыргыз таануу илимий тармактарынын борбору экендигинде эч кандай кадик жок. Болбосо, Кыргыз өкмөтү расмий Будапештке же Улаан-Баатарга же башка борборлорго, АКШдагы Индиана университетине, ж.б. өтө сылык кат жазып, өздөрүнүн кадыр-барктуу илимий журналдарында атайын рубрика ачып, кыргыз тилинин жөндөмөлөрү, кыргыз адабиятынын дастан таануу, айтматов таануу жана башка көйгөйлөрү, кыргыз этнографиясынын талылуу маселелери жайында макалаларды жайгаштырып берип турсаңыздар деп өтүнүүсү керек.

Кыргызстандын өзүндө кыргыз таануу жаатында заманбап илимий басылмаларды калыптандыруу үчүн каражат издеп, түйшүк тарткыча, бул алда канча жеңил-желпи иш эмеспи.

Ал эми кырдаалды башкача жагынан да таразалап карасак, совет доорунда Бишкекте кыргыз таануу үчүн шарттар түзүлгөнү менен, өлкөбүздө түрк тили, түрк тарыхы боюнча адистерди даярдоо жаатында тоскоолдуктар болгон. Түрк тилин үйрөнчүлөр Ленинград (Санкт-Петербург), Москва сыяктуу шаарлардагы университеттерден гана окуй алышчу. Эми болсо Кыргызстанда жалаң гана кыргыз таануу жаатында эмес, жалпы түркология тармактары боюнча да жергиликтүү адистер чыгарылууда.

Демек, Бишкек түркология жаатында да, чыгыш таануунун башка тармактары жаатында да алектене алчу заманбап жана кадыр-барктуу илимий борборлорду түзүүгө акылуу жана милдеттүү.

Кыргыз өкмөтү жана ЖАКы ушул өңүттү да эскере жүрсө. Туура, Бишкектеги журналдар жана илимий материалдар көбүнесе кыргыз тилинде жарыяланат. Анын эмнеси бар экен? Бул басылмалардын редакциялык кеңешин чыңдап, андагы макалаларга англис, орус жана башка тилдерде аннотация коштуруп, алардын эл аралык чөйрөдөгү илимий көрсөткүчтөрдө катталышына жетишип койсок эле болду да. Макала Нью-Йоркто, Парижде, Лондондо же Бишкекте басылабы, жокпу, анын илимий деңгээли бөксөрбөсө болгону да.

Ошондуктан, “чет өлкөлөрдө макалалар жарыялагыла” деген так илимдерге коюлган жогорудагы талаптарды механикалык түрдө коомдук илимий тармактарга таңуулабастан, Кыргызстанда гана мыктылап өнүктүрө турган илимий тармактарыбызга астейдил мамиле кылышыбыз, аларга чындап камкордук көрсөтүшүбүз абзел.

“Изденүүчү” институтунун тагдыры

Кыргызстан ЖАКы азыркы тапта “изденүүчү” (“соискатель”) деген илимий изилдөөчүлөр катмарын кыскартууга кадам таштады. Мунун өзү ансыз да азганактай сандагы илимге умтулгандардын катмарын ого бетер тарытып салчудай. Бир-эки депутат же аткаминер “изденүүчү” макамын туура эмес колдонсо эле, башка жалпы окумуштууларды изденүүчүлүк макамдан ажыратып жазалоо жарабас.

Мен жашы 60-70ке келгенде гана доктордук даражасына жеткен, мыкты изилдөөлөрү менен атамекендик илимди байыткан далай инсандарды билем, алар өз диссертациялык темаларын изденүүчү катары каттатышкан, эми алардын жолун жолдоочуларды куру бекер жазалап, адамдык укуктарын чектешибиз керекпи? Көптөгөн изденүүчүлөрдүн иштери ар кыл илимий тармактар тогошкон темаларды козгогондугу менен баалуу болуп келгени да анык. Бир эле учурда тарыхчы жана географ катары каралышы мүмкүн болгон эки инсанды эле эскере кетелик: Лев Гумилев (1912-1992) жана Садыбакас Өмүрзаков (1921-2002). Бирок бюрократтар тарабынан аларга бир гана илимий тармактын өкүлү катары мамиле кылынчу. Азыр да илимдер тогошкон тармактарда диссертация коргогусу келгендер четтен чыгат. Андай өмүрлүк бай тажрыйба топтогондорунун далайы эми изденүүчү катары гана өз темасын жакташы мүмкүн. Тактап айтканда, 30-50 жаштардагы окумуштуулар илим кандидаты же доктору даражасын алуу үчүн аспирантурага жана докторантурага тапшыра алышпайт, алардын үй-бүлөлүк шарты буга жол бербеши мүмкүн.

Кыргызстандын өзүндө туруп чет элдик диаспоранын илимпоз өкүлдөрүнө да изденүүчү катары диссертациялык тема берип, аларды кыргыз таануу жаатында иштетүү зарыл. Маселен, Лоб-Нордогу же Хотандагы кыргыздар тууралуу ошол жакта жүргөн илимпоздорго тема берсек, канча каражат үнөмдөлөр эле жана диаспорабыздын же башка тектеги элдердин канчалаган таланттуу адистерин кыргыз таануу жаатында өмүр бою иштөөгө тартар элек! Бул багытта бизде убактылуу жобо да жок.

Азыркы тапта Кыргызстан ЖАКы көп маселелерди интернетте ачык чагылдырууда. Маселен, “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү менен жасалган долбоорго ылайык, эми ЖАК тигил же бул диссертанттын иши качан жактоо үчүн кабыл алынганынан бери ачык көрсөтүп келет.

Демек, жогорудагы суроолорго карата деле ачык талкуу болот го жана Ата Журтубузда кыргыз таануунун болочогуна карата бекем пайдубал түзүүгө багытталган заманбап чечимдер каралат го деп үмүт кылсак болот.

XS
SM
MD
LG