Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Гундула Салк: “Сүйүнчү! Тоголок Молдонун санжырасы тууралуу китебим чыкты”


Сүрөттө: Гундула Салк (ортодо) кытайлык кыргыз илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун жана Гүлсайра Йасин айым менен. Үрүмчү, Кытай. 1996-жыл.
Сүрөттө: Гундула Салк (ортодо) кытайлык кыргыз илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун жана Гүлсайра Йасин айым менен. Үрүмчү, Кытай. 1996-жыл.

Жакында белгилүү немис чыгыш таануучусу Гундула Салк айымдын жаңы илимий монографиясы жарык көрдү. Китеп айтылуу кыргыз жазма акыны жана санжырачысы Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжыралык мурасын иликтөөгө арналган. Дал ушул темада Гундула былтыр Германиянын Фрайбург университетинде жактаган доктордук диссертация эң мыкты баага татыган.

Илимий чыйыр башаты

Гундула Салк (Gundula Salk, бүлө күтө электеги тегаты - Zillmer) – европалык белгилүү кыргыз таануучу жана түрколог айым.

Анын ысымы кыргызстандык окумуштууларга жакшы таанымал.

Гундула айым 1986-1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумбольт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбордук азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуган.

Ал 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.

1992-жылдан тартып чыгыш таануу (негизинен, кыргыз таануу) жаатында илимий жана илимий-жамаатттык макалаларын жарыялай баштаган.

Айтмакчы, алардын айрымдары Кыргызстанда (Бишкекте) жана Кытайда (Үрүмчүдө) кыргыз тилинде жарык көргөн.

“Манас” мааракесине катышуу

1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын миң жылдыгынын шартуу мааракесине катышып, жергиликтүү окумуштуулар менен жакындан таанышып, Бишкек, Чүй, Талас сыяктуу аймактарды кыдырган.

Дал ошол жылы мен да Гундула менен таанышып калган элем.

Эсимде, Бишкектен Таласка илимпоздорду автобуска салып жөнөөрдө автобус айдоочулар жана аткаминерлер аз жерден Гундуланы Таластагы мааракеге албай койо жаздашкан. Эптеп аларга түшүндүрүп жатып, Гундуланы да автобуска салганбыз.

Гундула айымдын айтымында: анын илимий жетекчилеринин арасында айтылуу кыргыз таануучу, француз профессору Реми Дор да болгон.

Кытай саякаты


1995-1998-жылдары Кытайдын бир катар аймактарын кыдырып, этнографиялык-диалектологиялык жана башка иликтөөлөр жүргүзгөн.

Салк айым Кытайдын Сычуан вилайетинде, Шинжаң Уйгур автоном районунда (анын ичинде кыргыздар байырлаган жайларда), Хэйлуңжан вилайетиндеги фу-йү кыргыздарынын жашаган аймактарында болгон.

Бээжиндеги теги дунган, кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чженхуа жана Үрүмчүдөгү кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен тыгыз кызматташты.

Мамбеттурду экөө фу-йү кыргыздарынын тилин жеринен үйрөнүп, илимий макалалар жарыялашты. Алардын жыйынтыгын кийинчерээк хакас этнографы Астайбек (Виктор) Бутанаев да тастыктады.

1998-жылы Польшанын Краков (Krakow) шаарында анын Түндүк Кытайдагы фу-йү кыргыздары жана алардын тили тууралуу илимий эмгеги жарык көргөн.

(1997-2002-жылдары Түркиядагы Мерсин университетинин (Mersin Üniversitesi) Котормо бөлүмү жана Түрк тили жана адабияты бөлүмү менен да тыгыз чыгармачыл-педагогдук байланышта болгон).

Гундула жана кыргыз санжырасы

Гундула Салк айым 1998-2000-жылдары Кыргызстанда болуп, башка темалар менен катар эле кыргыз санжырачылык өнөрүн иликтеп кайткан. Жапар Кенчиев сыяктуу кыргыз санжырачылары жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен байма-бай жолугушуп, кол жазма санжыраларды да иликтеген.

Баарынан кызыгы, кыргыз илимпоздору айрым окумуштуулар тууралуу хрестоматиялык маалыматтарды улам кайта көчүрүп, тереңдебей кайпактатып таразалаган темалар кыйла эле арбын.

Маселен, совет доорунда тарыхчыларыбыз акын Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжырасы тууралуу атайын диссертациялык иликтөө деле жүргүзгөн эмес.

Ал түгүл анын уруусу-теги (урку) тууралуу тагыраак жазып коюу маселесине тарыхчылардын башы эч ооруган эмес экен.

Дал ушул биографиялык маселелер да Гундуланын көз жаздымында калган жок.




Айтмакчы, өмүрдүк жубайы Паулдун иш орду өзгөргөнүнө байланыштуу алар 2000-2001-жылдары тээ Ыраакы Чыгышта - Тайванда жашап калышты.

Ошондо да Гундула кыргыз таануу жана кыргыз санжырасы боюнча иликтөөлөрүн уланта берди.

Алар кайра Германияга көчүп келишип, Гундула 2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагына (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) Тоголок Молдонун санжыралык мурасы тууралуу теманы доктордук иликтөө темасы катары кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылат. Бул доктордук диссертация темасы ошол жылы ага бекитилет.

Ара-чолодо, 2008-жылы, айтылуу кыргыз манасчысы Кенже Карадан ХХ кылымдын башында жазылып алынган фонограмма (үн) тууралуу Д. Прайор (D. Prior) жазган илимий эмгек жөнүндө сын макаласы жарык көрөт.

Көп жылдык мээнет кайтты, иш жакталды

Гундула Салк айым он беш жыл ичинде Ички Азияда жана Кыргызстанда жыйнаган мол материалын жалпылап, доктордук диссертациялык эмгегин бат эле бүткөрдү.

Бул заманбап иликтөөнү жактоо үчүн ал 2008-жылдын сентябрында университетке тапшырат.

Гундула 2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргоду.

“Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” - Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942) - деп аталган бул диссертациялык эмгек 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп да жарык көрдү. (ISBN 978-3-447-06161-2)

Дал ушул эмгеги аркылуу Гундула Салк Батыштагы Омелян Прицак, Реми Дор, Барбара Келлнер-Хайнкеле, И. Лауде-Циртаутас, Роберт Данкофф сыяктуу заманбап чыгыш таануучулардын жолун жолдоочу таланттуу муун өсүп келе жатканын тастыктады.

Азыр да кыргыз тилин билбей туруп кыргыз коому тууралуу диссертацияларын коргоп жаткан айрым жергиликтүү ала-тоолук окумуштуулардан айырмаланып, Гундула Салк биздин эне тилибизде тим эле түш жоруйт.

Жакынкы болочок үчүн илимий мерчем

Бизге жазган эң соңку катында Гундула айым кыргыз таануу жаатында иликтөөлөрүн андан ары улантууга белсенип жатканын билдирди.

Эми ал совет доорунда “кара тизмеде” болгон тарыхчы жана санжырачы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин (1878-1938) мурасын иликтемекчи.

“Кызыл кыргыз тарыхы” эмгегинин автору Белек Солтоноевди жазуучу жана публицист Кеңеш Жусупов кыргыз илимине жана адабиятына 1980-жылдардын экинчи жарымында “Ала Тоо” журналы аркылуу тааныштырган. Андан бери Солтоноевдин чыгармасы ар кыл изилдөөлөрдүн бутасы болуп келет.

Бирок Батыш чыгыш таануучулардын өкүлү, полиглот Гундула Салк бул чыгарманын улам жаңы өңүтүнө үңүлүп, улам жаңы илимий табылгаларын сунуштайт ко деген үмүтүбүз чоң.

(Орустун “Игордун кошууну тууралуу байан” деген чакан дастаны боюнча эле канча жүздөгөн диссертациялар жакталганын эскере кетели).
XS
SM
MD
LG