Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:28

КЫТАЙЛЫК ОКУМУШТУУ М. МАМБЕТАКУН : КЫРГЫЗ ТИЛИ ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кытайдын Хыйлунцзянь провинциясындагы Фү –йу кыргыздарынын улуттук тили кандай абалда экендиги жөнүндө ал жакка барып келген кытайлык окумуштуу кабар берет.

- Мамбеттурду мырза, адегенде кыргыз тилинин бүгүнкү абалы боюнча өзүңүздүн пикириңизди билдирип койсоңуз?

-Менимче кыргыз тилинин өнүгүү жагдайы соңку жылдары бир кыйла жакшырды. Мурдагы тарыхый шарттарга салыштырганда, азыр улуттук тилибизди колдонуубузга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылды. Мейли биздин Жүңгүдө (Кытайда) болсун, мейли Кыргызстанда болсун, кыргыз тил-адабияты боюнча мектептердин көбөйүшү, калктын жан-саны арбышына байланыштуу кыргыз тилинин чөлкөмү кеңейип баратат, эл аралык таасири да көтөрүлүп бара жатат деп ойлойм.

-Мамбеттурду мырза, сиз Хыйлунжаң провинциясында жашаган кыргыздарга барып, алардын эне тилинин абалы боюнча иликтөө жүргүзгөн элеңиз. Фү-йу кыргыздарынын тилине байланыштуу бир аз кеп салып берсеңиз?

-Эми бул фү-йү кыргыздары азыр Маньчжурия өлкөсүнө, Хыйлунжаңга барып калганына 300 жылга жакын убакыт болуп калды. Сөссүз алардын азыр жашап жаткан чөйрөсү, айланасындагы улуттардын орундашуу жагдайына карай, алардын коомдук байланыш тили сөзсүз кытай тилинде жана аларга жакын жашаган дагур, өлөт тилдеринде болгон. Ошону үчүн өзгөчө XX-кылымдан кийин мектепте окуу, жаңы маданият менен тарбиялоо системасынын жайылышына байланыштуу Хыйлунжаң кыргыздарынын балдарынын дээрлик баары кытай тилиндеги мектепке киришкен. Ошону менен аларда өз тилин унутууга бет алуу башталган. Бирок, 1950-жылдарда Хыйлунжаң кыргыздарынын аксакалдары негизинен үй-бүлөдө бардыгы кыргыз тилин иштетишкен.

Биз Хыйлунжаң кыргыздарына 1996-жылы бардык. Анда кыргыз тили үй-бүлөдө өтө аз пайдаланып калыптыр. Мисалы, сен ким, кимдин баласың, тамак жедиңби деген сыяктуу жөнөкөй сөздөр гана калган. Ал эми турмуштук тил негизинен ханзу (кытай) тили болуп калган. Ошондон биз байкадык, 60 жаштан ашкан бир канча аксакал, апалар гана өз тилин кичине көкүрөктө таамай сактаган. Алардан бул сөздөр кыргызча кандай айтылат деп сураганда гана эстеп, айтып бере алышкан. Бирок, көбүнчө бул тил негизинен колдонуудан кала баштаган. Эми ойлойм, ошол аксакалдардын ааламдан өтүшүнө байланыштуу азыр балким, бул тилди чыныгы тил катары колдоно ала турган адамдардар, менимче, жок калган сыяктуу болуш керек.

-Ал эми Фү-йудагы кыргыздардын бүгүнкү күндөгү саны боюнча кандай маалыматтар бар?

- Азыр фүйлүк кыргыздарынын саны 2 миңге жакын. Бирок, алардын саны ыкчам көбөйүүдө. Анткени, Жүңгөдө аз сандагы улуттарга байланыштуу улуттук саясатта бир жакшы мыйзам бар. Ага ылайык ханзулардан башка аз сандуу улуттар бир эмес, эки балалуу боло алат. Фү-йуда мисалы, эне тарап кыргыз болуп, ата тарап ханзу болсо да, алардын баласы тизмеге кыргыз улутундагы атуул катары деп катталат. Ошондуктан, алардын саны төмөндөбөй, өсүп келет. Фү-йу кыргыздары негизинен Вужазы жана Шижазы деген эки кыштакта жашашат.

-Мамбеттурду мырза, өзүңүзгө маалым болгондой, кыргыз тили жоголуп бараткан тилдердин катарына кирет деген көз караштар да бар. Бирок, айрым окумуштуулар мындай пикирлерди четке кагышууда. Кыргыз тили келечекте жоголушу мүмкүн деген көз караштарга сиз кандай карайсыз?

-Бул пикирге кошулууга болбойт. Эми кыргыздардын санынын дүйнөдөгү башка улуттардын санына салыштырмалуу бир кыйла аздыгына карап эле, мынча млндон төмөн саны бар улуттардын тили дагы бир мынча жылдан кийин жоголот деген божомолдорду илимий божомол катары кароого болбойт. Азыр эми кыргыздар өз тилин ушундай аздектеп турганда, аны ушундай сүйүп, күйүп, ушул тил менен өзүнүн маданиятын, адабиятын, салт-санаасын өнүктүрүп, акыл-оюн кеңейтип турган мезгилде кыргыз тили менимче, жоголууга эмес, өнүгүүгө карай бет алып жатат. Эгер кыргыздар өз тилин жерибесе эле, өз тилин таштабаса эле, эч качан кыргыз тилин кимдир бирөөлөр келип жогото албайт. Ошондуктан, бүгүнкүдөй кырдаалда кыргыз тили жоголууга бет алган тил деп алдын ала божомолдоонун өзү анча илимий тыянак эмес деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG