Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Диссертация: тар адистиктен жарым кадам ары жылсаң атыласың!


Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. 02.12.2014.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. 02.12.2014.

Илимий диссертациялардын өтө майдаланып кеткен адистик көрсөткүчтөрүнүн (“шифр”) тармактык ирилештирилиши – Кыргызстанда гана эмес, калк саны аз жана окумуштуулук даражага ээ болуу жаатындагы мурдагы советтик системаны сактап жаткан башка пост-советтик өлкөлөрдө деле өзгөчө бир зарылдык.

Кыргызстандын калыптанган окумуштуулук даража алуу системасы – совет доорунун калдыгы. Мурда 240 миллиондон ашуун калкы бар бирдиктүү өлкөдө байырлаган окумуштуулар илимий диссертация жактаганда эмгегин тигил же бул илимдин ичинен айрыкча чакан тармактарга жиктеп көрсөтүүсү шарт болчу.

Орусияда 146 миллиондон ашуун киши байырлайт, абдан көп илимий институттары бар; ал өлкөдөгү илимий тармактарга өтө майдалап жиктөөнү азыркы учурда деле механикалык түрдө Кыргызстандын кыртышына көчүрүү – совет доорунун эски чидеринде калгандай эле кеп. Азыр калк саны 5,5 миллиондой болгон Кыргызстан үчүн бул система ийкемсиз калдык болуп калды.

Маселен, кыргыз тарых илиминде диссертация коргоого келгенде адистиктерди өтө тар шифрлерге жиктеп бөлүп, ар кыл илимий тармактарды бири-бирине жалгаштырчу тармактар аралык изилдөөлөргө жасалма бөгөт коюу чоң залал келтирип жатат.

Биздин оюбузча, илимди тармактар аралык изилдөөлөр аркылуу өнүктүрүү үчүн диссертациялык изилдөөнүн “жайытын” алда канча кеңейтип, бир учурда эмгек бир нече шифрге жана адистикке ылайык келишине эч кедерги болбошубуз зарыл.

Бул жаатта бир мисал келтирейин: немис окумуштуусу, кыргыз таануучу, илимдин доктору Гундула Салк айым (Gundula Salk, бүлө күтө электеги тегаты - Zillmer) тууралуу кыргыз таануучулар абдан жакшы билишет.

Др. Гундула Салк кытайлык кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун жана анын жубайы Гүлсайра менен. 1996.
Др. Гундула Салк кытайлык кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун жана анын жубайы Гүлсайра менен. 1996.

Ал Тоголок Молдонун санжыралык чыгармасын иликтөөгө арналган эмгегин 2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө доктордук диссертация катары эң жогорку (magna cum laude) баага арзуу менен ийгиликтүү коргоду.

Анын бул эмгеги монография болуп жарык көрдү (Salk, Gundula. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860-1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - 374 s. - ISBN 978-3-447-06161-2. ISBN-13: 978-3447061612. ISSN 0340-6423. Series: Veroffentlichungen Der Societas Uralo-Altaica (Book 79). ISBN-10: 3447061618.)

Эми бул эмгекти карасаңыз, бир эле учурда аны кыргыз таануу, фольклор таануу, санжыра таануу, адабият таануу, булак таануу, этнология, этнография, кыргыз тарыхы, инсан таануу, текстология, тарыхнаама, котормочулук жана башка тармактарга жиликтеп санап карай аласыз. Эгерде ал бизде жактагысы келсе, “тигил же бул шифр боюнча жактасынчы”, - деп, “илимдеги аткаминерлер” анын эмгегин “футбол тобундай” улам башка диссертациялык кеңешке жылдырышмак жана кээ бир чакан илимий адистик боюнча бизде таптакыр диссертациялык кеңеш ачыла электиги, кийин деле оңой менен ачыла койбостугу айгинеленмек.

Гундула Салк айымдын “Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” эмгегинен тышкары фу-йү кыргыздары тууралуу изилдөөсүн карап көрөлүк. Ал - бир эле учурда диалектология, этнология, этнография, тил илими ж.б. менен байланыштуу кеңири түркологиялык иликтөө. Аны тилчи десек да болот, этнолог десек да болот.

Француз профессору Реми Дордун эмгектери да ошондой көп тарамдуу. Реми Дор мырза өзүн тилчи деп санайт, кыргызстандыктар аны этнограф катары да өзгөчө баалашат.

Биздеги айрым мисалдарга келсек, маселен, профессор Олжобай Каратаев мырза 1994-жылы ономастика жана этнография жаатындагы тема боюнча кандидаттык диссертациясын жактап, тарых илимдеринин кандидаты болгон. Анын эмгеги тилчилер үчүн да баалуу.

Бир эле учурда тарых жана саясат таануу жаатына тийешелүү өңүттө эмгек жазгандардын бири – профессор Аалыбек Акунов.

Маркум географ Садыбакас Өмүрзаковдун Кыргызстандагы географиялык ачылыштар тарыхына арналган даңазалуу эмгектери ага география илими боюнча гана эмес, Борбордук жана Ички Азиянын тарыхы боюнча да мыкты адис деген кадыр-барк алып келген.

Айтмакчы, кээ бир диссертациялык темалар “(Кыргызстандын) атамекендик тарыхы” шифри боюнча жакталып келгени менен, алардын бир кыйласы Борбордук Азия тарыхын (демек, Кыргызстандан сырткаркы аймактардын, сырткы дүйнөнүн тарыхын), ошондой эле, тарыхнаама, этнография, археология өңүттөрүн да камтыган.

Демек, тар адистик шифр – формалдуу гана чектөө болуп жаткандыгы айдан ачык. Бирок бул чектөө көп учурда жаш окумуштуулардын комплекстүү жана жаңыча (илимий тармактар ширелген мүнөздөгү) изилдөөлөрүн байсалдуу жактоосуна олуттуу кедергисин тийгизүүдө. Диссертациялык эмгектин бир бабы башка адистик шифрге таандык болсо эле, ал бапты кыркып салуу талабы башталат. Балким, дал ошол бюрократтык талаптан улам таптакыр кыркыла турган баптын илимий жоболору жалпы илимди өнүктүрүү үчүн маанилүү болуп жүрбөсүн?

Диссертацияны коргоону уюштуруу жаатында интернетти, мультимедиа усулдарын байма-бай колдонуу аракеттери да солгун көрүлүп жатат.

Маселен, диссертация коргоо иши ачык болгондон кийин, кээ бир расмий жана бейрасмий оппоненттер Skype жана башка усулдар аркылуу башка өлкөдө же башка шаарда, ал түгүл жайлоодо жүрүп, диссертанттын эмгеги жөнүндө өзүнүн адистик оюн билдирүүсүнө уруксат беришибиз керек. Керек болсо, алыстагы адис киши эмгектин сапаты тууралуу видео кайрылуусун интернеттен алдын-ала жибере алат, деген сунушту кабыл алсак дурус болмок (азыр деле бир расмий оппонент тиешелүү жүйөлүү себептен улам дисскеңештин жыйынына келе албай калса, анын мурдараак жиберген пикирин башка бирөө окуп берип койгон учурлар бар; буга эреже уруксат берет).

Мында диссертацияны коргоо кеңешинин мүчөсү же расмий оппонент үчүн төлөнө турган унаа, жатак акысы да үнөмдөлөт, адистик баа берүү мейкиндиги да болуп көрбөгөндөй кеңейет (мисалы, жогоруда айтылган Гундула Салк Германияда туруп эле биздеги этнография боюнча жактоого өз үнүн кошо алмак жана белгилүү археолог, профессор Юлий Худяков Новосибирскиде туруп эле адистик пикири менен бөлүшмөк).

Биздин азыркы жаш илимпоздор кандидаттык диссертацияга тандалып алган тар адистик тема менен өмүр бою чектелбестен, бир нече илимий тармакка ачылыш алып келе турган улам жаңы, улам татаал, улам башка илимий тармактарды жалгаштырган орчун темаларга талпынуусу абзел. Бул үчүн аларга тиешелүү “бюрократтык” шарт түзүү ылаазым.

Кээде чөлкөм тарыхына, фольклоруна ж.б. байланыштуу өз диссертациясын кыргыз жана орус тилдеринде эмес, англис, казак, түрк же башка тилдерде жазган окумуштуулар да кезигет. Менимче, синхрондук котормо жааты чечилген шартта, өлкөбүздөгү диссертациялык кеңештерде жактоо үчүн тилдик чектөө жагы терең ойлонууга муктаж.

Дагы бир мисал, эгерде Кыргызстандагы уйгурлардын, татарлардын, немистердин, дунгандардын же корейлердин фольклору жана каада-салттары боюнча алардын эне тилинде диссертация жазылса, анын кыскача мазмунун (авторефератын) кыргыз тилине которуу менен бирге, синхрондук котормону камсыз кылуу аркылуу диссертацияны өз эне тилинде деле жактатууга неге болбосун? Биздин дунган же немис атуулдарыбыз сөзсүз эле Кытай же Германияга барып, өз тилинде жакташы керекпи?

Кээде негизги тексти 300 беттен ашып кеткен кандидаттык диссертациялардын “көлөмүн кыскарт” деген сунуштарды угуп, абдан таң каласыз. Менимче, диссертация көлөмүнө карата эң төмөнкү чен өлчөм (гуманитардык тармакта кандидаттык иш 170 беттен аз болбосун, физика-математика жаатында төлөнчө беттен төмөн түшпөсүн, деген талап) болгону дурус, бирок кандидаттык иштин жогорку чен-өлчөмү 500 бетке чейин чыгып кетсе, эмне үчүн илимпозду күнөөлөшүбүз жана кыскарт деп жазалашыбыз керек? Диссертациянын текстинен тышкары бир нече томдук оригиналдуу тиркеме даярдаган диссертантты, тескерисинче, кайра алкаганыбыз жөндүү болбосун?

Айрымдар диссертациялык кеңештеги мүчөлөр же оппоненттер өтө көлөмдүү тексти бар эмгектерди окугандан тажашат деген жүйөнү карманышат. Бирок алардын мындай иштен баш тартуу укугу бар эмеспи! Мындан улам башка да маселе келип чыгат: диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарым жыл сайын улам чет-четинен ротацияланышы жана чет өлкөлүк адистерди жана башка облустардагы адистерди бир жолку жактоо иштерине адис катары катыштыруу үчүн кеңештин бери дегенде үчтөн бир бөлүгүн убактылуу мүчөлөргө гана ыйгаруу керек. Алар өз добушун жашыруун эмес, ачык бере алышы ыктымал. Эгерде рецензияланчу диссертация ээсинин кимдиги аларга белгисиз болсо, анда алар өздөрүнүн “жактоого татыктуу” же “четке кагылсын” деген баасын электрондук дарек аркылуу ачык жазып жибере алышат.

Айрым замандаштарыбыз: “Мындай чакан реформадан көрө, чукул бурулуш жасап, Батыштагыдай эле дароо доктордук диссертацияны PhD (Пи-Эйч-Ди) даражасын алуу үчүн коргоо жолуна түшкөнүбүз эп”, - деп айтышы мүмкүн.

Эгерде биз диссертациялык адистиктерди (ага ылайык шифрлерди) мыйзамдуу түрдө ирилештирүүгө жетишсек, анда бул – болочокто ошол PhD системасына өтүү үчүн камылга деле болмок. Эң башкысы – “илим кандидаты” жана “илим доктору” окумуштуулук даражалары азыркы тапта өкүм сүрүп турганда деле, мындай ирилештирген реформа өлкөдөгү тармактар аралык, терең жана комплекстүү изилдөөлөргө жол ачмак.

Бул сыяктуу жаңыча сунуштарды талкуу кылып, омоктуу делгендерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтү жана Жогорку аттестация комиссиясы заманбап диссертациялык эмгектерди жактоо боюнча адистиктердин системасын жана эрежелерин чукул арада кайра карап чыгуусу абзел деп ойлойбуз.

(Азыркы өкмөт башчысы – профессор Жоомарт Оторбаев мырза 1989-жылы Москва шаарында СССР ИАсынын Жалпы физика институтунда доктордук диссертациясын жактаган жана КМШнын гана эмес, Батыштын илимий дүйнөсүн да ичинен көргөн инсан. Азыркы тапта ЖАКтын төрагасы болуп иштеп жаткан техника илимдеринин доктору, профессор Абдырахман Мавлянов мырза да бул кызматка келээринде PhD системасына өтүү жаатындагы реформачыл долбоорун жарыялаганы эсте. Менимче, бул жетекчи замандаштарыбыз жогоруда саналып өткөн сунуштарга жана башка маселелерге астейдил көңүл бурушса керек деп үмүттөнөм).

XS
SM
MD
LG