Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Жазма маданият жана цензура: Молдо Кылыч: "Китептерим - өлбөй турган күмбөзүм"


Молдо Кылычтын "Канаттуулар" деген китеби.
Молдо Кылычтын "Канаттуулар" деген китеби.

Кыргыздын даңазалуу жазгыч акыны Молдо Кылычтын мурасы жана советтик цензуранын бул мураска каршы иш-аракети тууралуу айтылуу илимпоз Омор Сооронов менен эл жазуучусу Мелис Абакиров “Азаттыктын” студиясында ой бөлүшөт.

Идеологияга коошпогон адабий мурас

1911-жылы Казандан кыргызча китеби жарык көргөн жазгыч акын Молдо Кылычтын адабий мурасы жарым кылымга жакын басылып, идеологиялык ур-токмокко алынып келди.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери деле улуу акын адабият тарыхынан өзүнө тиешелүү ордун ала элек. Ушу тапта кыргыз илимпоздорунун алдында улуу акындын адабий мурасын элге жеткирип, аны улуттук-маданий баалуулуктардын катары кошуу милдети турат.

“Азаттык: Молдо Кылыч Шамыкан уулунун - Шамыркановдун көзү өткөндөн кийин, чыгармаларынын көпчүлүгү чыккандан кийин жарым кылымга жакын коммунисттик бийликтин куугун-сүргүнүндө болду. Эмне үчүн көзү өтүп кеткен акын ушундай басым-кысымга туш келип калды? Адабий мурасынын көбү жарыяланып элге таанылып калган акынды, XIX кылымда жашаган акынды ХХ кылымда басым-кысымга алып идеологиялык душман катары көрүп келишти. Омор ага сөздү сиз баштасаңыз.

Сооронов: Туура, кыргыздагы биринчи китеп чыгарып, биринчи китеби чыккан Молдо Кылычты кийинки кездерге чейин ошентип келишти, жакында эле чыгармаларына ачык кайрылуу болду, Себеби Октябрь революциясынан кийин тап күрөшү башталды, ошондон тарта Молдо Кылычты манаптын тукуму катары куугунтуктай башташты.

Молдо Кылычтын өзү жок, бирок анын чыгармаларын бүт баары окуп, биринен бири көчүрүп окуп жүргөн, элге белгилүү, андан кийин тап күрөшүнүн негизинде кыргыздар өздөрү, Молдо Кылычтын тукумуна каршылар, анан көрө албагандар деген болот, ошолор буга манаптын тукуму деп артынан түшө беришкен. Алгачкысы ушул.

Кийин 1950-жылдары, ага чейин да бир топ (кысым) болгон. Мен ошол 50-жылдардан кийинкисине токтолоюн. 1956-жылы “Литературнач газетага” Никитич, Токомбаев, Юдахиндин “Молдо Кылычтын мурастарын элге жеткирүү керек” деген макаласы жарыяланган. Макаладан кийин Молдо Кылычтын чыгармаларын жарыялоо маселеси колго алынып, Илимдер академиясынын Коомдук бөлүмүндө 10-11-14-сентябрда, мына ушул мезгилде, талкуу болгон.

Ошондо Москва, Ленинград, башка жактан келген окумуштуулар, биздикилер болуп отузга жакын киши сүйлөп, академик Болот Юнусалиев доклад жасаган, ал 31 беттен турат. Жыйында эки жаат болушуп, Молдо Кылычка конференцияга чейин күнөөнү коюп Жээнбай Самаганов, Балтин дегендер бир нече каршы макалалар жазышкан.

Мисалы, Балтин менен Самаганов “Киргизское литературоведение на неправильном пути”, Балтиндин “Космополитизмге, улуттук чектелүүчүлүккө, формализмге жана эстетствого каршы!” деген макаласын “Мугалимдер газетасына жарыялашкан. Анан Батманов “Принципы орфографии киргизскогог языка” деген макаласында Молдо Кылычты козгогон. Булар ошол кезде, 1940-жылдары Саманчин, кыргыз адабияты боюнча биринчи кандидаттык диссертация жактаган киши, анан Жапар Шүкүров - ушул экөө диссертация жактап, мынабу макалалардын бардыгы ушул экөөнүн диссертацияларына каршы жазылган макалалар болчу.

Булар Молдо Кылычтын чыгармалары тескери, космополитизм деп, пантюркисттик, панисламисттик, дагы толгон измдерге толгон деп айыпташкан.

1956-жылкы Коомдук илимдер бөлүмүндөгү конференцияда да 1952-жылкы “Манастын” конференциясындагыдай кылып, Молдо Кылычтын чыгармаларынын туура эмес жерлерин алып таштап, анан чыгаралы дегендей ниетке келип калышат да.

Бирок буга караманча каршы чыккандар Түгөлбай Сыдыкбеков менен Калпаков, Жээнбай Самаганов гана болушат. А кездеги атагы чыгып турган Түгөлбай Сыдыкбеков бул маселе боюнча эки жолу чыгып каршы сүйлөйт. Ошондогу Сыдыкбековдун айтканы:

“Акын жазган чыгармаларды, анда басымдуу болгон терс, жат идеялардан арылтып, андагы бир аз гана таламга жооп берген учурларды калтырып жарыялашка илим туура көрөбү?”- деп суроо коёт. “Эгерде туура көрсө Молдо Кылычтын “Зилзаласын” да, “Зар заманын” да билгениңердей редакциялап бастыра бергиле” - дейт. “Жок, муну илим макул таппаса, анда бул чыгармалардын автору азырынча биздин таламга жооп бере албайт. Анда диний-мистикалык, реакциячыл көз караштар басымдуу”, - деп айтат.

Жыйын бери жакка ооп баратканда ушул эле оюн экинчи ирет чыгып сүйлөгөндө кайталайт. Ошентип токтотуп койгон.

"Коммунисттик тарбия берчү мааниси жок тура"

“Азаттык”: Мелис ага, Молдо Кылычтын чыгармачылыгына чабуул Исхак Раззаковдун тушунда башталган экен. Ал кишинин тиешесин айтпай эле коёлу, бирок да Турдакун Усубалиевдин тушунда деле акталган жок да. Мунун себеби эмнеде?

Абакиров: Коммунисттик идеология таптык позициядан - адабиятка, тарыхка, бүт мурастарга мамиле да ошондон чыгат. Коммунисттик идеологиянын талабы кала берген, бай-манаптык, реакциячыл, диний-мистикалык дегендин баары коммунисттик идеологияга туура келген эмес. Омор айткандай, биздин интеллигенция бири бири менен таарынышып калса, пикир келишпестик чыкса, талаш маселе чыкканда буларды курал катары пайдаланышкан. Булар ошолордун курмандыгына чалынган. Мына ошол Молдо Кылычты көтөргөн киши, аны бастырган, жыйнаткан киши ушул деп келишкен.

Атүгүл кийин эле, коммунисттик идеологиядан аз-аздан кутула баштаган Горбачёвдун “кайра куруу” заманы келгенде деле биздин Жазуучулар союзунда Касым Тыныстанов менен Молдо Кылычты кайра калыбына келтирүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Ошол жыйынга БКнын катчысы Масалиев, идеология боюнча катчы Шеримкуловдор келишип катышкан.

Масалиев: “Бул кишини эмне эле жазуучулар кайра-кайра чыгарыш керек деп жатасыңар? Мен аны даярдатып, өзүм кайра окуп чыктым. Молдо Кылычты да, Касым Тыныстановду да. Буларда ...” - деп баратып токтоп калды да, - “коммунисттик тарбия берчү мааниси деле жок тура. Анан силер эмнени айтып атасыңар”, - деди.

Бул республиканын биринчи жетекчисинин кече күнкү - 1980-жылдардагы сөзү. “Кайра куруунун” заманы, эски идеологиянын чынжырынан кутулабыз деп тургандагы сөз. Жетекчинин сөзү. Бул кала берет.

Мен таң кала берем. Эгемендикке жетиштик, улуттук баалуулуктарды калыбына келтиребиз деген менен ага эркибиз жетпей жатат. Мисалы, Молдо Кылычты. Бул биринчи жазгыч акын, агартуучу. Даанышман философ.

Эгер башка элде ушундай кишиси болсо, 1911-жылы китеби чыккан, ошол жылдары эл арасында белгилүү акын болсо, алар эчак эле даңазалап ийишмек. Бул кишинин насаатары, агартуучулугу Абай Кунанбаевден кем калбайт. Казак эли үчүн Абай Кунанбаев, Ыбырай Алтынсариндер кандай эмгек сиңирсе, Молдо Кылычтыкы деле кыргыз үчүн ошондой эле мааниге ээ. Ошону калыбына келтире албай атканыбыз - биздин коммунисттик идеологиянын чынжырынан бошоно албастыгыбыздын кесепети. Ал биздин мээбизге ушунчалык орноп калган экен, дагы эмне болуп кетет экен, динди жактаган турбайбы, бай-манаптын тукуму турбайбы, намаз окуган киши турбайбы, Төрөгелди тукумундагыларды эле даңазалаш керекпи, деген идея дагы эле бар.

Бул кала берет. Биз “Буудайыкты” чоң ата чоң энелерибиз айтып берип жатка билчүбүз. Ал азыр деле кулагымда турат.

“Элкин, элкин, элкин тоо.

Элкин тоонун ар жагы –

Телегейи тегиз тоо.

Тегиз тоонун бер жагы,

Алакандай көк жайык,

Орун салып жайылган

Куш төрөсү Буудайык”, - деген саптар азырга чейин эсимде.

Молдо Кылычты Тоголок Молдо менен Ысак Шайбеков кандай баалаганын дагы айтам. Молдо Кылычтын чыгармалары - накта адабий тилдин үлгүсү. Омокең жакшы билет, ошол эле Молдо Нияз, Молдо Багыш, башка жазгыч акындарда кыргыз диалектисинин өзгөчөлүгү бар. Молдо Кылычтын тили адабий тилдин негиздөөчүсү катары кабыл алынган. Тоголок Молдо Молдо Кылычтан алты жаш улуу, бирок аны аябай сыйлаган, чыгармаларын көчүрүп алып жайылткан.

Молдо Кылычтын чыгармаларын жайылткандардын бири Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков, Белек Солтоноевдер болгон. Ысак Шайбеков жазган ырында:

“Молдо Ысак жазуучу,

Напси шайтан азгырчу,

Кылыч акын дарыя,

Жанынан кудук казуучу”, - дейт.

Тоголок Молдо менен Молдо Кылычтын байланышы катуу болгон, Шамшынын белин ашып Токмокко келгенде Молдо Кылыч ага такай жолугуп турган. Тоголок Молдо Кара-Дөбө деген айылда фельдшер болуп турган. Молдо Кылычтын чыгармаларын жазып алып жайылтып турган. Ошондон ал:

“Молдо Кылыч даанышман,

Козгоп айткан алыстан.

Акындарды сайратса,

Жалгыз чыгат жарыштан.

Акылынын молунан,

Акындыктын зорунан.

Адабият, тарыхтан,

Айтып кеткен жолунан”, деп жазган.

Укмуштай баалаган. Ушуну пайдаланбай жүрөбүз, Омоке. Бул Тоголок Молдонун калтырган баасы.

Молдо Кылычка каршы турган академиктер

“Азаттык”: Омор ага, идеологиялк басым-кысымга алынган акындардын бир тобун сиз таап чыктыңыз. Улуу акындар Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, булардын ичинен Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок өзгөчө турган акындар.

Сооронов: 1950-жылдардан кийин Молдо Кылычтын чыгармаларын жарыялоо, изилдөөнүн токтолуп калышына чоң ролду Түгөлбай Сыдыкбеков, ага кошумча казактын улуу окумуштуу, жазуучусу Мухтар Ауэзов ойногон.

Зияш Бектеновдун айтуусунда, ошол конференция убагында ал киши Т. Сыдыкбековдун үйүндө болуп жүрүптүр. Конференцияда сүйлөгөн Сыдыкбеков менен Ауэзовдун сөзү бирдей. Сыдыкбековдун айтканын Ауэзов да айтат.

Ошону менен бирге эң мыкты жасалган академик Юнусалиевдин докладын Ауэзов бир эле сөз менен минтип”: “Это антинародное определение”, деп койгон.

Анан минтип айтып атат:

“Однако эти облечения пути реабилитации Молдо Кылыча на самом “Зар-Замане” которое делается отдельными товарищами, они несостоятельны. Это не серьезно, не научно. Я считаю, что это произведение мистическое, антихудожественное, конечно, абсолютно не реалистическое произведение”, - дейт.

Бул эми чыгарбаш керек эле сөз да. Анан ошондой чоң окумуштуу башка республикадан келип айтып атса, ошону угуп турган чоңдор, жүз Раззаков болсо да колдой албайт, актай албайт.

Анан, жана аталган молдолордун ичинен Молдо Ниязды ал кезде эч ким билген эмес. Кол жазмалары молдолордун колунда болгон. Билген эмес. Жеңижок деле ошондой, жыйналган эмес. Молдо Кылычтыкы болсо бүт кыргызга тараган, ар бир чоңдун колунда болгон. Фондуда көчүрүлгөн кол жазмалары гана эмес, алардын орусча котормолору да бар. Андан да эң башкысы, Молдо Кылычты кармаш үчүн барып туруп эле манаптын баласы, манаптын тукуму дейт. Бирөө чыга калып ушуну айтса эле баары чалкасынан кетет да.

“Азаттык”: Калыгул менен Арстанбекти эмнеге ал “компанияга” кошуп атат?

Сооронов: Алардын баары замана, доор жөнүндө ырдап атышпайбы. “Акыр заман”, “Зар заман”, “Тар заман” болуп атпайбы. Анын үчөөн бириктирип алып сого беришкен.

“Азаттык”: Мелис ага, эгемендик келгени Молдо Кылычтын чыгармачылыгы кенен изилденип, кеңири пропагандалышы керек эле. Мамлекеттик сыйургалга ээ болуш керек эле. Негедир андай болбоду. Эмне үчүн ушундай болуп калды?

Абакиров: Айтып атпаймбы, идеологиядан азыр да кутула элекпиз. Коммунисттик идеологиядын кутулдук деп атасыңбы? Кутулбайсың! Ал үчүн биздин муунубуз бүт "өлүшү” керек. Коммунисттик идеологияга сугарылган муун жок болмоюн кыйын.

Мына Омокең илимине кетип калган 1990-жылдары Молдо Кылычты чыгаралы, деп калдык. Баш сөзүн Кеңешбек Асаналиев жазып, илимий түшүндүрмөсүн Омокең жасады. Илимий аппараты менен сонун китеп чыгардык.

Мындай китептер көп чыга бербейт. Молдо Кылычтын “Казалдарын” 28 миң нуска менен чыгарттык. Поэзия китептерин 4 миңден ашырганга ал кезде уруксат да берилчү эмес. Мен башымды сайып ошол ишке бардым. Элге жетсин деп ошенттик. Андай нуска менен бир да ыр китеп чыккан эмес.

“Азаттык”: Омор ага, Молдо Кылычтын, Молдо Нияздын, Молдо Багыштын, Жеңижоктун китептери чыгып атат. Бирок мунун бир проблемасы жана Мелис ага айтып аткан маселеге такалып атпайбы. 28 миң нуска азыр жомокто гана болчу кыял болуп калбадыбы. Чыкккан китептердин нускасы аз, элге жетпей калууда. Сиздин институтта убагында бааланбай келген классиктерди элге жеткирүүнүн жолдорун издөө, аны жандантуу иштери жасалып жатабы?

Сооронов: Жанагы сөзүмдү аягына чыгарып коёюнчу. 1960-жылдардын ортосунда идеология боюнча катчы Бейшен Мураталиев деген кишинин демилгеси менен Молдо Кылычка карата көз караштар боюнча дагы бир илимий жыйын өткөн. Ага мен да катышкам. Ошондо Молдо Кылычка каршы болгондордун көпчүлүгү мурдагы көз караштарынан кайткан. Баары жазып беришкен. Алар фондуда турат.

Түгөлбай Сыдыкбеков каршы жазып берген. “Мое мнение” дегенинде минтип айтат:

Өз каршылыктарынан өч алуу учүн ар кандай келишүүчүлүккө, көктүккө, жаакташууга барышат”, - дейт , адамдар дейт. "Ошонун кесепетинен бул маселе туура баасын албай жана чечилбей келе жатат”, - деп жазып бериптир.

Өзү кылган ишине ушундай өзү жазып бериптир. Аалыке экөөнүн тиреши, Токомбаев “Бетме-бет кеңешели” деп жазса, бул “А. Токомбаевге ачык кат” деп жазган. Экөөнүн өмүр бою тирешүүсү Молдо Кылычка зыянын тийгизип келген.

Анан сен азыркыны сурап атпайсыңбы. Ушундай теманы изилдегенди мен институттан же башка жерден көрө элекмин. Бул жерде тосуп аткан же коммунисттик идеология “кармап” турган эч ким жок. Ошону изилдей турган, бел байлап кирген эч ким жок. Жөнөкөй кишилер изилдеп чыгарса алына жараша китеп чыгарышка шарты жок. Молдолорду айтып атпайсыңбы. Ошолорду араб тамгасынан көчүрүп койдук, ошолорду колго алып, айлык албаса да, башка албаса да, оозеки гана мактап жүрө бербестен, терең изилдеп чыгыш керек да. Антмейинче элге кантип жетет. Атүгүл өзүнүн чыгармалары элге жетпей жатпайбы.

Абакиров: Мен бир-эки сөз кошо кетейинчи. Молдо Кылычтын сүрөтү жок. Беш маал намаз окуп сүрөткө түшкөн эмес.

Белек Солтоноев Ат-Башыдан келатып жанында бир жума болуп 13 китебин жазып алган экен. Солтоноевдин ал киши тууралуу сөз менен тартылган турпаты бар.

Ал мындай деп жазат:

“Бети кызылдуу, сепкили жок, жүзү абдан толук, тегерек чоң кара көздүү, орто бойлуу, семизче, чоңураак кара мурут, ээгинде кичине чокчо кара сакалы болуп, жаактарына сакал чыкпаган, кийимди өтө таза кийинип, денин таза тутуп, диндар болгон. Сууну жээктеп курт-кумурска, чөп-чарларга байкоо салып жүргөн, жазганда чорпо байлап (арабча жазганда) ойкуштатып, сулуулатып жазат".

Чорпо байлап дегени (азоо аттардын оозуна тегеректетип ооздурук койгон) сулуу жазып, бир дагы чийип салбай, таза ырды жазган. Төкмө акын болгон. Ырды комуз менен, домбура менен аткарган. Комузду чоң атасы Төрөгелди да черткен. Абасы Кудайберген Үркүнчү уулу кыргыздагы залкар комузчулардын бири болгон. Саяпкер болгон. Кудайберген комузчу комуз да, домбура да черткен. Кудайберген орустардан гармон алдырып аны да ойночу экен.

Осмонаалы Сыдык уулунун санжырасында бар. 14 кылдуу комузду ойлоп тапкан, аргендей үнү бар деген жери бар. Кийин Молдо Кылыч жазганга тоскоол болот экен деп комуз менен домбураны таштап жалаң жазганга өтүп алган экен. Төгүп ийген.

“Азаттык”: Мелис ага, ушуга улай бир суроо. Молдо Кылыч Шамыркановдун мааракеси белгиленгени турат. Мына ошого карата кандай иш-чаралар жасалат. Бул кишинин чыгармаларын элге жеткирүү, пропагандалоо, изилдөө боюнча.

Абакиров: Молдо Кылычтын атындагы мектеп, китепкана, көчө таптакыр жок. Коюлган эмес. Акындын туугандарына айткан өзүнүн сөзү бар. “Мага күмбөзүңөрдүн кереги жок. Менин китептерим өлбөй турган күмбөзүм” деген экен. Жазгандарын түбөлүк калар күмбөзүм деген.

Былтыр 150 жылдыгын белгилебей калдык. Көчмөндөрдүн оюну, Үркүндүн жүз жылдыгы болуп, бул кишиге орун тийбей калды. Быйыл дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыдыгына карата иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз. Буга бир-эки кишинин демилгеси аздык кылат, буга мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлдеги бир чара болуш керек. Аракет кылып атабыз, өтүш керек. Молдо Кылычтын жыйнагын Омоке түзгөн жыйнакты, мурда-кийин изилдеген окумуштуулардын баарынын жазгандарын чогултуп 49 басма табак кылып жыйнап, казалдарын да, башкасын да окуп даярдап койдук. Уруксат эле болсо Улуттук тил комиссиясы тарабынан чыгарылат, тендер жарыяланат.

Туулгандыгынын 150, каза болгондугунун 100 жылдыгы деп республикалык масштабда бир иш-чара, илимий конференция өткөрсө өткөрүп, ал болбосо китепканаларда китеп көргөзмөлөрүн уюштуруп, иш-чара өткөрүп койсокпу деген ниет турат. Чыгармаларын чыгаралы деп атабыз.

Анан Тоголок Молдо, Арстанбек, Осмонкулдай эле эстелигин орнотконго жер жагынан жардам берсин деп атабыз. Эстеликтин каражатын туугандары өзүбүз эле топтойлу деп жатабыз. Эгер Тоголок Молдо аянтынан жер берсе, эстеликке конкурс жарыяласа, эми булар быйыл бүтпөйт.

Сооронов: Ушуга кошумча. Канчалык чоң денгээлде жасаганда да, бул киришүү гана бөлүгү болуш керек. Молдо Кылычка атайын, бу Токтогул башкалардын 100 жылдыгын, 150 жылдыгын кандай өткөрүп атабыз, ошолордой кылып мамлекеттик деңгээлде чоң кылып, өзүнчө иштер жасалышы керек. Булар эми келечекте жасалышы керек.

“Азаттык”: Сиздерге чоң ырахмат, ишиңиздерди ийгилик коштосун!

Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган илимий кереге кеңештин көрнөгү. 25.11.2016.
Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган илимий кереге кеңештин көрнөгү. 25.11.2016.

P.S. "Азаттыктын" тактоо иретиндеги кыска маалыматы.

2016-жылдын январында Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө залкар ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулган.

2016-жылы 25-ноябрда Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУда даңазалуу жазгыч акын жана ойчул Молдо Кылыч Шамыкан уулунун (1866-1917) 150 жылдыгына арналып, атайын илимий жыйын (кереге кеңеш) өткөрүлгөндүгүн белгилей кетүү абзел.

Бул жыйын, Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, "Мурас" фонду, Кыргыз мамлекеттик университети, "Кыргыз Тарых Коому" бирикмеси, КР Улуттук илимдер академиясы, ж.б. шериктер тарабынан биргелешип уюштурулган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG