Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:14

1933-37: Улуу агартуучу Эшенаалы Арабай уулунун татаал тагдыры


Эшенаалы Арабай уулунун (Ишеналы Арабаевдин) айкели анын атындагы КМУнун башкеңсесинин маңдайында тургузулган.

Сталиндик доордо илимдеги чапкан жолуна жасалма бөгөт кылынган жана абакка түшүп, өмүрү мезгилсиз кыйылган залкар агартуучу Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев) тууралуу учкай сөз.

Берекелүү күз айларынын башталышы менен мектепти көздөй агылган балдарды карап олтуруп, жалпы эле адамзаттын ургаалдуу ийгиликтеринин бири болгон жалпыга билим берүүнү эзелтен эңсеп, өмүрүн агартуучулукка арнаган Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров ж.б. сыяктуу элибиздин далай азаматтары көз алдыңа тартылат.

Алардын бири – ХХ кылымдын башында казак, өзбек, татар, башкыр агартуучулары менен теңтайлашып чыккан жана алардын алдыңкы сабында турган – Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев; 1882-1933).

Алгач ошол доор тууралуу азын-оолак сөз кылсак, XIX кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын баш ченинде Орусия империясынын курамындагы татар, башкыр, ошондой эле анын кийинки отордук аймагы (колониясы) болгон Борбордук Азия чөлкөмүндөгү калктардын жаңыча калыптанып келе жаткан интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрү баш көтөрүп, артта калган караңгы мусулман калкты орустар менен эле эмес, өнүгүп жаткан европа элдеринин катарына кошуу аракеттери менен чыгышкан.

Мифтахетдин Акмулла (Камалетдинов; 1831-1895).
Мифтахетдин Акмулла (Камалетдинов; 1831-1895).

Мисалга алсак, башкыр элинин сыймыктуу уулу, акын-агартуучу, падышалык Орусиядагы жалпы мусулман түрк калктарына айдыңдык таасири тийген ойчул инсан - Мифтахетдин Акмулла (Камалетдинов; 1831–1895) эле.

Ал өз өмүрүн жаштарга билим берүүгө арнап, ырлары аркылуу караңгы элди илим-билимге ээ болууга ырааттуу үндөгөн:

Башкорттарым, окуу керек, окуу керек,

Арабызда наадандар көп, окуган аз.

Уралдагы апсайган аюудан корккондой биз,

Эй, туугандар, наадандыктан коркуу керек...

... Алтыга бирди кошсоң – он болбойт го,

Саатты алга бурап, түн күн болбойт го.

Билимдүүлүк – арстандан дагы күчтүү,

Таянбай буга, түшүң сенин өңгө айланбайт го.

Деги эле ХХ кылымдын башындагы айдыңдардын (интеллигенциянын) башатын түзгөн агартуучулардын элди билим алууга үндөгөн саптары арбын.

Осмонаалы Сыдык уулуна арналган китеп көргөзмөсү. Бишкек. 02.2.2010.
Осмонаалы Сыдык уулуна арналган китеп көргөзмөсү. Бишкек. 02.2.2010.

Алардын бири – улуу агартуучунун замандашы, кыргыздын алгачкы тарыхчысы аталган Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940).

Мисал катары, анын Уфа шаарындагы “Шарк” басмасынан 1914-жылы жарык көргөн “Тарих-и кыргыз Шадмания” деген эмгегиндеги ырларынан үзүндү келтирсек:

Ассолоому алейкүм, азиздерим,

Жүгүргүн миллет (улут) үчүн азаматым.

Билүүгө Европанын магрифатын (окуу, билим),

Талаптангын илимге адыл затым

Биле көр, бул замандын ары жагын,

Аз да болсо силерге насыйкатым.

Окугун, колдо дөөлөт, болсо күчүң...

Кыргызстан аймагында медреседе иштеп, жергиликтүү элдин тарыхын, маданиятын кагазга түшүргөн татар агартуучусу Сабир Габделманов (1879-1917) да мекендештерин билим алууга үндөп, дүйнөлүк маданияттын, илим жана техниканын жетишкендиктерин пайдаланууга үндөйт:

Ойгонуңуз туугандарым! Ойгонуңуз!

Качып кетти бакыт деген коёнуңуз.

Башка улуттар бул чалчыктан чыгып кетти,

Жыйналгыла! Биз да кеттик, жыйналгыла!

Шашылыңыз! Шашылыңыз! Тез көчүүгө,

Канаттарды өстүрүңүз тез учууга.

Качкан бакыт аркасынан кууп жетип,

Тезинен кууп жетип, көкүрөккө кысып, кысып.

Акын Сабир Европанын орто кылымдарда артта калгандыгын, ал эми Чыгышта ал учурда илим-билимдин өнүккөндүгүн айтып, ошол учурда Европа мурда мусулман элдеринен билим алгандыгын да эске салат:

Бул Европа билимди менден алып,

Ал билимдин кооздугуна батып калды.

Ал менде азыр эмне калды?

Туткундуктун чуңкуруна байлап салды.

Кайда кетти ал Багдаддын атак-наамы?

Жана дагы кайратман, акыйкат хандары?

Мен өстүргөн билимдин гүлдөрүнө

Баягы эле европалык оонап жатат, гүлдү жыттап.

Миржакып Дулатовдун музейи. Торгой облусу, Казакстан.
Миржакып Дулатовдун музейи. Торгой облусу, Казакстан.

Казак агартуучусу, "Алаш" ураанын чакырган акын Миржакып Дулатовдун “Оян, казак!” ("Ойгон, казак!") деген чыгармасы ошол учурда түрк тилдүү элдердин арасында кеңири белгилүү болгон. Мындай илим-билимге, жаңыланууга үндөгөн чыгармалар абдан арбын кездешет.

Анткени ХХ кылымдын баш ченинде Түркстан аймагы (ал учурда азыркы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын аймагы ушундай аталган) реформа, жаңылануу, көз карандысыздык жана прогресс үчүн күрөштөрдүн аренасына айланган.

Ушундай шартта, тактап айтканда ХIХ кылымдын аягы – ХХ кылымдын баш ченинде улуу татар агартуучусу, жадидчилик кыймылынын башатында турган Исмаил Гаспралы (Гаспринский), өзбек агартуучусу, жадидчи М.Бехбуди, башкыр А.З.Валиди, казактардан чыккан А.Байтурсынов, М.Чокаев, М.Тынышпаев ж.б. менен удаалаш А.Сыдыков, А.Койбагаров, Э.Арабаев ж.б. сыяктуу кыргыздын азаматтары башка айдыңдар менен тыгыз байланыш түзүп, саясий аренага чыгышкан.

Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882-1933).
Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882-1933).

Алардын бири – Эшенаалы Арабай уулу совет бийлиги орногонго чейин эле, тактап айтканда, 1911-жылы казак агартуучусу К.Сарсекеев менен биргелешип, казак-кыргыз балдары үчүн алиппе түзгөнү ("Алипба жаки төте окуу" деп аталган бул алиппе тууралуу көпчүлүк биле бербейт), кийин совет доорунда да жазган алгачкы алиппе катары эсептелген окуу китеби бүгүнкү күндө калкыбызга маалым.

Карапайым калк күткөн алиппе 1924-жылы жарыкка чыгып, далай балдардын сабатын ачууга жардам берди.

Бирок бышкан ашка сынчы көп демекчи, агартуучунун “Алиппесин” сындагандар да көп болгон.

Алардын бири – Назир Төрөкул уулу (Түркстан БАКнын Казак-кыргыз бөлүмүнүн башчысы). Анын “Ак жол” гезитинин 1924-ж. №497 санында чыккан макаласынан мисалдар келтиребиз.

“Кыргыз алиппесинин” (Ташкент, 1924) автору Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882-1933) сталиндик доордо жазыксыз жазаланган кыргыз агартуучусу болчу.
“Кыргыз алиппесинин” (Ташкент, 1924) автору Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882-1933) сталиндик доордо жазыксыз жазаланган кыргыз агартуучусу болчу.

“Ушул кыргыз алиппесинде заманга тиешелүү окшоштугу бар бир ооз аңгемеси жок. Китептин баш жагында шаблон сыяктандырып: “Бардык өлкөлөрдүн эмгекчилери бириккиле!" деген урааны бар. Бирок, китептин ичинде ошол ураандын ээсине тиешелүү бир ооз сөз эмне үчүн табылган эмес. Мунун маанисин биз ойлонуп-ойлонуп тапкан жокпуз. Канчалык шашылыш болгону менен балдар түшүнгөндөй кылып, бир ооз Ленинден, 1917-, 1920-жылдардын тарыхынан, кеңеш өкмөтүнүн же кедейдин дүнүйөдө ким экенин жазып чыгууга мүмкүн эле го, алиппенин эң аягындагы тору тайды билген бала буларды кантип эле билбей калсын”, - деп Назир Төрөкул уулу сын жазган.

Буга Эшенаалы Арабай уулу ошол эле гезит бетинде жооп жазган:

“Бул алиппенин ичинде кеңештин негизин түзгөн кедей айтылган деген эмес - анын “калпы”. Алиппенин майда аңгемелеринин баарысы дээрлик кедей турмушу, эмгек жамаатынан алынган. Карагат термек, арпа ташымак, суу ташымак, балыкчылык, багбанчылык, бүркүтчүлук, кой, жылкы бакмак, кыргыздын эмгегинин негизи!

Алиппедеги калган аңгемелери: жаныбарлардын балдарга эң жакыны мышык, козу, тай сыяктуулар менен достук тууралуу да ой бөлүшүү үчүн жазылган... 2–3 айлык башталгыч алиппенин ичине мектепке жаңы гана келип, башы айланып отурган балдар үчүн коммунисттик партия, “Кошчу” союзу, 1916-жылдардын тарыхын, таржымакалын жазбаптыр дегени туура эмес”.

Бул жооп Эшенаалы Арабай уулунун өтө тажрыйбалуу педагог экендигин таасын айгинелеп турат. Анткени, чындыгында 6–7 жаштагы балдардын психологиясын, жөндөмүн эске алганда, Э.Арабай уулу жазгандай, Ленин, партия, эмгекчилер тарыхы сыяктуу татаал материалдар түшүнүүгө оор болорун бүгүнкү күндө ар бир башталгыч мектептин мугалими далилдеп бере алат.

Ал 1924-ж. Түркстан АССРинде уюшулган Илимий комиссияны (азыркы Илимдер академиясынын башаты же кыргыз илиминин пайдубалы деп да айтсак болот) жетектеп турганда, бир катар окуу китептерди, элдик оозеки чыгармаларды жыйнап, жарыкка чыгаруу менен катар эле, улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосунун вариантын жаздырып алуунун демилгечиси болгон (бул ишти алгач Каюм Мифтаков, кийин Ыбырайым Абдрахманов аткарган).

Залкар жазуучу Ч.Айтматов кийинчерээк таасын белгилегендей, “кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусу” болгон эпостун бул вариантынын жазылбай калышын элестетүү бүгүнкү күндө акылга сыйбайт.

Жогорудагы айтылган иштер улуу агартуучу Эшенаалы Арабай уулунун иш-аракеттеринин бир гана үзүмү.

Ал эми анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайрадан түптөлүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымы жөнүндө учкай кеп таштасак, алгач 1922-жылы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорун жетектеген Абдыкерим Сыдыков менен үзөңгүлөш иш жүргүзүшүп, бирок долбоор ишке ашпай калган соң да, аракеттерин токтотушкан эмес.

Алар далай ирет борборго кат жолдошуп, кыргыз менен казакты айырмалай албаган жетекчилерге кыргыздын өз тили, аймагы, маданияты бар өзүнчө бир улут экендигин, эгер аларды казактарга же өзбектерге кошуп коё турган болсо, бир улуттун жок болуп кетүү коркунучу бар экендигин билдирип келишкен.

Уфадагы мурдагы "Галийа" ("Галия") медресеси.
Уфадагы мурдагы "Галийа" ("Галия") медресеси.

Совет бийлиги орногонго чейин эле Уфадагы “Галия” медресесинен чогуу билим алышкан казак интеллигенция өкүлдөрү менен байланышын андан ары бекемдеп, Эшенаалы Арабай уулу 1920-жылдары жарык көрүп турган “Ак жол”, “Казак” ж.б. гезиттерге макалаларын байма-бай жарыялап турган.

Алардын бири “Ак жол” гезитинин 1924-ж. №486 санына жарыяланган “Кара-кыргыз алданбайт” деген макаласында “...кыргыздын жаралыш тарыхы эки жарым миң жыл экендигин” белгилеп келип, Өзбек Республикасына кошуу тууралуу аракет жасаган Али Хожаевге (орусча "Ходжаев") каршы пикирин тартынбастан билдирип кеткен.

Ага чейин ошол эле жылы гезиттин №477 санында жарык көргөн “Биздин кыргыздар кандай орун алат?” деген макаласында кыргыз калкынын эрктүү облус болуп, Москвага карагандыгын жана элдин жалгыз гана малчылык эмес, дыйканчылыкта да зор үлүшү, ошондой эле аңчылык, балчылык, токойчулук да бар экендигин, айрыкча кен байлыктарга бай экендигин белгилейт.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938).
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938).

1930-жылдары Кыргызстандагы саясий репрессиянын жүрүшүндө “Социал-Туран партиясын” уюштурган деген жалган жалаа менен алгачкылардан болуп, А.Сыдыков, Т.Сопиев, С.Курманов, К.Телтаев, Н.Тулин жана Эшенаалы Арабай уулу 1933-ж. камакка алынган.

Эшенаалы Арабай уулу 1933-жылы 6-июнда камакка алынып, Фрунзеден Ташкентке жеткирилген. Эртеси эртең менен анын камерасына Борбордук азиялык аскердик чөлкөмдүн өзгөчө бөлүмүнүн атайын өкүлү - ташкендик тергөөчү С.В.Левшин кирген, ал эми кечинде болсо камерадан Эшенаалынын жансыз денеси табылган.

Анын сырдуу өлүмү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт, айрымдары өзүн-өзү өлтүргөн дешсе, айрымдары агартуучуну атайын өлтүрүшкөн дешет.

Биздин пикирибизче, мындай өз доорундагы жогорку билимге эгедер, мусулмандык салтты да мыкты билген инсандын (замандаштары аны урмат менен “молдоке” деп аташкан) өз жанын өзү кыйуу жоругуна барышы дегеле мүмкүн эмес болчу. Экинчиден, өмүрүн, бүткүл дараметин кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн арнаган адамга жогорудагыдай күнөөлөрдүн коюлушу ойго келбеген окуя болгон жана акталышына толук ишеним болмок. Үчүнчүдөн, бул адамдар саясий репрессиянын алгачкы курмандыктары болгондуктан, анын каардуу капшабы али белгисиз болгон (күч алган мезгили 1937–38-жылдар болгон).

Ошондуктан эл ичинде мындай кадыр-баркы жогору, өз көз карашы бар айдың сталинчил бийликке коркунуч жараткандыктан, аны жок кылып салуу ыңгайлуу эле.

Репрессиянын каардуу жылдары алды кыркка чыга элек, арты элүүдөн жаңыдан ашкан элдин алдыңкы сабында турган эр азаматтарынын бөөдө өлүмгө дуушарланышы совет бийлигинин чектен ашкан саясатынын зор трагедиясы.

Бүгүнкү күндө саясий курмандыктардын өкүлдөрүнүн, алардын ичинде, арийне, кыргыз элине гана эмес, бир учурда жалпы түрк элдерине таанымал улуу инсан - Эшенаалы Арабай уулунун өмүрүн изилдеп, тагдырынын белгисиз жактарын алып чыгып, кеңири коомчулукка таанытуу - тарыхчы, адабиятчы, философ, педагог ж.б. окумуштуулардын алдына коюлган зор милдет.

Тарыхчы Аида Кубатова агартуучу И.Арабаевдин мурасын изилдейт. Алматы ш. 23.6.2017.
Тарыхчы Аида Кубатова агартуучу И.Арабаевдин мурасын изилдейт. Алматы ш. 23.6.2017.

Жогоруда учкай айтылгандар кыргыздын алгачкы агартуучусу, коомдук-саясий ишмери Эшенаалы Арабай уулунун иш аракеттеринин бир гана үзүмү.

Ал эми анын коомдук-саясий ишмердүүлүгү, кыргыз мезгилдик басма сөзүнүн демилгечиси, китеп басмасынын баштоочусу экендиги тууралуу алдыда дагы да далай сөз жатат, урматтуу окурман.

Сталиндик доордо жазыксыз запкы чегип, мезгилсиз абакта каза болгон инсандын ысымы азыр Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетине ыйгарылган. Анын айкелдери тургузулган. Ал тууралуу даректүү тасма жаратуу үчүн демөөрчүлөр иликтенүүдө.

Мунун бардыгы эгемен Кыргызстандын айдыңдарынын улуу агартуучу Эшенаалы Арабай уулунун элесин түбөлүккө калтыруу, анын мурасын аздектеп сактоо аракеттеринин башталышы гана болуп саналат.

Аида Кубатова,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG