Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Жусуп Абдрахманов алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң мыктысы, кеменгери катары совет бийлигинин кандуу капшабына кабылып, жаштайында жок кылынган.

Кыргызстан союздук республика катарына кирип, кийин коммунисттик империя ыдыраган соң өз алдынчалыкка жетишине Жусуп Абдрахманов башында турган кыргыздын патриот азаматтарынын ролу баа жеткис.

Ленин менен сүйлөшкөн кыргыз

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Көл кылаасындагы Чиркей деген айылда манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаш кезинен орус-тузем мектебинде окуп, терең билим алууга жетишкен.

1916-жылкы Үркүндө ата-энесинен ажырап, жетимчилик азабын тарткан, кийин совет бийлиги орногондо комсомолго өтүп, Орусия комсомолдорунун 1920-жылкы 3-курултайына өкүл катары катышкан.

Жаңы бийликтин жолбашчысы Владимир Ильич Ленин менен жолугуп, узакка сүйлөшкөн. Жусуп Абдрахманов улуу жолбашчы каза болгондон кийин анын шакирттери делгендер теңирден тескери жолду – кандуу жазалоону тандап алышканын, өлкөнүн экономикалык абалы жыл санап начарлап баратканын көрүп, мындай зордукка каршы турууга буямасы келбесин билип, болгон сырын “Күндөлүгүнө” төгүп, гумандуу делген коомдун кандыбулоонду баштап алганына каңырыгы түтөп, өмүрүн арнаган идеалы көз көрүнөө жок болуп баратканын ойлоп санаа тарткан.

“Тагдырдын жазмышы менен тарыхый зор окуянын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан күнүгө өзүң көргөндөрдү, башыңан кечиргендерди, кайрадан жан дүйнөңдөн өткөргөн нерселерди жазып калтыруу тарыхый жагынан алганда кызыктуу болбой койбос. Бул аруу тилекти күндөлүк жазуу менен жүзөгө ашырсаң болот, ошол себептен мен күндөлүк жазууга аракет жасайын. Чынында оюмду бир топ эле кечигип ишке ашыра баштадым, бирок “эч болбосо кеч болсун”, - деп жазган Жусуп Абдрахманов “Күндөлүгүнүн” башталышында. Бул 1928-жылдын 18-августу болчу.

Абдрахмановдун "улутчул" күндөлүгү

Кыргызстандын ХХ кылымдын 1920-30-жылдарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери Жусуп Абдырахмановдун саясий ишмердүүлүгү, эл үчүн жасаган кайраткер аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү, жазган эмгектери бүгүнкү азат Кыргызстандын жетекчилерине, жаштарына, жалпы элине дем бере турган, осуят болор мааниси чоң.

Жусуп Абдрахмановдун көрөгөчтүгү менен кыргыз эли 30-жылдардын ачарчылыгынан аман калган. Ал эми анын союздук республикалар катарында баарына теңата республика болушуна кандай аракет жумшаганын айтып отурса узун сөз.

Жусуп Абдрахмановдун негизги максаты - Кыргызстанды союздук республикалар катарына кошуу, башкалар менен теңата жашоо укугуна жетишүү болгон.

Белгилүү публицист, журналист Эсенбай Нурушевдин ырасташынча, Жусуп Абдрахманов Кара-кыргыз автоном түзүмүнүн мейкинин азыркы турушунан кыйла кенен, арымы кыйла жерлерди камтыган бакубат республика таризинде элестеткен.

- Жусуп Абдрахманов биздин кыргыз интеллигенциясынын, жалпы эле жетекчилеринин ичинен эӊ билимдүүсү, эң көрөгөчү болгон, мындай кыргыз биздин тарыхта сейрек эле кездешсе керек деп кээде ойлоп кетем. Жаш кезинен комсомолдун курултайына барып, Лениндин өзүнө жолугуп, бир нече саатка чейин аны менен сүйлөшкөнү, мындан сырткары жеке саясий ишмердиги таң калтырат. Азыркы күндү көрө билген экен. Көп ойлору, көп долбоорлору ушул күнгө чейин келечектүү көрүнөт. Өзгөчө Ысык-Көлдөн тартып, Арал деңизине чейин, Кара-кыргыз, Кара-калпак автономиясын түзүү жөнүндөгү долбоору. Борбору катары Жалал-Абадды алалы, ушул аймакта Кара кыргыз-Кара калпак автономиясын түзөлү деген идеясы ошол кезде мыкты долбоор болгон деп ачык эле айта алам, бир жагы арман кылып, бир жагы Абдрахмановдун көрөгөчтүгүнө таң калып. Күндөлүктөрүн окуп отурсаң, ушул күнгө чейин актуалдуу, мына биздин кыргызды кантип улут кылыш керек, кантип көтөрүп, өстүрүп, көзүн ачып, алдыңкы эл, алдыңкы улут кылып көгөртүш керек деген ойлору ушул күнгө чейин маанисин жоготпой келет. Абдрахманов жөнүндө айтканда, андан кийин тарыхта масштабдуу ойлонгон, алысты көргөн, абдан билимдүү, өз заманына төп келген, алдыңкы заманды да көрө билген, калктын камын, келечегин терең ойлонгон Жусуп Абдрахмановдой саясий ишмер биздин тарыхта чыга элек. Азыр Абдрахмановду өткөн доордун өкүлү катары карап, элдин көбү билбейт.

Байкуш кыргыз калкым

Түркстан автономиялуу социалисттик республикасын улуттук республикаларга бөлүү маселеси козголгон чакта Жусуп Абдрахмановдун Жалал-Абадды борбор кылып Кара кыргыз – Кара калпак республикасын түзүү сунушу жыйын катышуучуларынын чоң талашын жараткан.

Совет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин менен биринчи сүйлөшкөн кыргыздын жүйөсү советтик түркстандык партиялык өнөктөштөрүн ынандыра алган эмес. Жусуп Абдрахманов андай чакта айыпты башкалардан эмес, өзүнөн көргөн, ынанымдуу жүйө келтире албаганын айтып, аракетин ара жолдо таштап койгон эмес. Ал баарынан мурда өзүнө талапты катуу койгон, жасаган иштерине канааттанбаган, дайыма өзүн өзү курчутуп, камчылап келгенин мына бул сыр ачуусунан деле байкоого болот.

Байкуш менин кыргыз калкым! Сен өз тагдырыңды жеке турмушун чече албаган, бирөөнү сүйүп калып, анын айынан сени менен коштошуп кеткени жаткан бактысыз бир балага ишенип, тапшырып койдуң”.

Минтип өзүнө өзү сын көз менен караган адам гана айта алат.

Компартияны ичтен иритип, эл арасында анын “катуу кол” саясатына ишенбөөчүлүк күчөп, партия жетекчилери менен орто катмардагы активисттердин маанайы пастап, өлкө опуртал жолго түшүп калганын Жусуп Абдрахманов кылдат туюп, минтип жазган.

“Мамлекеттик аппараттын бюрократиясы, активдер арасында кандайдыр үмүт үзүлүү, пессимизм пайда болду, сырттан келгендерге ушунун баары даана көрүнүп турат. Бул ээрге эптүү отурбагандарды, күрөшүп жаткан иштерибизге жеткире ишене албагандарыбызды андан бетер алсыратып салды”.

Турмуш - толкун

Жусуп Абдрахманов ишбилги чыныгы улуттук деңгээлдеги лидер экенин 27 жашында Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы кезинде ырастаган. Жаңыдан бутуна туруп келаткан жаш мамлекеттин чарбалык маселелерин чоң борбор Москвадан кандай кыйынчылыктар менен чечүүгө жетишкенин күндөлүгүндө жашырбай ачык баяндаган.

“Адамдар деле табият кубулуштары сындуу өзгөрүлмөлүү келет. Достор деле көп, бирок чын-чынына келгенде баарыбыз эле жалгызбыз. Баарынан жалгызы мен эле болушум керек, менден жалгызды табуу кыйын. Пенде дегениң турмуш-тириликтин ойку-кайкысынан оңой эле өтүп кетем деп ойлойт. Менин баамымда, турмуш дегениң каалаганча калчап, анан адамды бир күнү акыркы күнүнө алып келет. Күрөш – жеңиш эмес, ар бир күнүң – жаркылдаган жакшы кубаныч эмес”,- деп жазган.

Ленина Абдрахманова: “Эл душманынын” үй-бүлөсү деп баары качкан

Ленина Абдрахманова – Кыргыз совет мамлекетин түзүүчүлөрдүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы. Азыр 81 жашта, Бишкек шаарындагы тамчы аккан эски үйлөрдүн биринде жалгыз бой жашайт.

1916-жылкы оңунан чыкпаган көтөрүлүштөн теңинен ашууну кырылып калган кыргыз элинин союздук өлкө ичиндеги өз алдынча мамлекет болушуна жетүүсү толгон-токой кыйынчылыктарга туш келген. Ким билет, Жусуп Абдрахманов башында турган кыргыз интеллигенциясынын бир топ жылдарга созулган тынымсыз аракети болбосо Кыргызстан өз алдынча республика болор беле же коңшу эки республиканын курамындагы автономиялык түзүм болуп калар беле – муну айтыш кыйын.

Кыргыз мамлекетинин ХХ кылымдын башындагы калыптанышынын катаал драмасы терең, ар тараптуу изилдене элек. Ошол кездин катаал чындыгы Жусуп Абдрахмановдун “Күндөлүгүндө” эч бир жасалмаланбай, так, ачык баяндалган.

Жаңы мамлекет түптөөнүн кыйын жүгүн Жусуп Абдрахманов өнөктөштөрү менен толгон-токой кыйынчылыктар менен ишке ашырышты. Бирок бул иштин баасы өтө эле оор болду, ошондогу патриот алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын мыктылары сталиндик кандуу жазалоодон кутула албай, жапжаш курагында атылып кетишти, алган жарлары жесир, балдары жетим калышты. Алардын бир тобунун жалпы көмүлгөн жери Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин ачыкка чыкты.

Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөчүлөрдүн кыргыз эли алдындагы эмгегинин барк-баасын, мамлекет куруунун маани-маңызын тарых илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Көчкүновдон уксак.

- Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сыяктуу бир топ саясатчылар, окумуштуулар болбосо ошол мезгилдери кыргыз элин бириктирип, бир мамлекетке кошуп, жаңы мамлекет куруу процесси татаалыраак болмок. Таптакыр болбой калышы мүмкүн эмес деп айтуу кыйын. Себеби тарыхый мыйзам ченемдүүлүк деген бар, бул кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан тарыхый көрөңгөсү, күчү, кудурети ошол адамдарды алдыга чыгарган. 20-жылдары кыргыз элинин тагдырына, бешенесине ушул адамдар буйруган экен.

Кайда баратабыз?

Жаңы бийликтин башында турган алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын арасынан пенделик турум-турпаты жагынан да Жусуп Абдрахманов катарлаштарынан кадыресе айырмаланып турат. Анын ички сезим-туюмдары, ашыктыгы коомдук кызмат милдеттери менен эриш-аркак көрсөтүлгөн. Айтса, Жусуп Абдрахманов 1925-жылы совет өлкөсүнүн Ирандагы элчиси катары эки жыл иштеп, маанилүү мамлекеттик тапшырманы аткарып келген.

Ирандан келгенден кийин ал кайра эле чарбалык иштерге баш-оту менен киришип, Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин өзүнө алган.

“Беш жылдыктын үчүнчү жылы партиялык кадрлардын кыйласын кырып койчу жыл болуп калабы деп корком. Каякка баратабыз?” деп суроо койгон.

Жусуп Абдрахмановду совет өлкөсүндөгү кандуу иштердин күчөп баратышы катуу чочулаткан.

“Талаш катуу өттү. Урюпин коркоктук кылып, аягында өзүм жалгыз калдым. Бюджеттин абалын билип турган кишилер чындыкты айтуу ордуна «чоңдорго» кошомат кылып турганы мени иренжитти. Кошоматчы «чынчыл» аткаминерлер арбууда. Мындан партия менен революция утушка ээ болобу? Шегим бар”, - деп жазган Жусуп Абдрахманов 1928-жылы 16-октябрда күндөлүгүнө.

Жолбашчылар толтура, абал начар

1928-жылдын 1-сентябрында лениндик гвардиянын аз-аздан партиялык кызматтан четтетилип, өлкөнүн абалы начарлап жатканы кабарланган.

“Эгин жыйымы начар. Өнөр жай товарлары жок. Дыйкандар үчүн иш жүзүндө репрессия эле болууда, алдыда кара туман каптап келатат. Совет бийлиги үчүн «жут» болбойбу?”

Экинчи күнү деле ошол эле маанай, “эртең эмне болот” деп тынч уктай албаганы айтылат.

“Өлкө түшүмдү жакшы алат, бирок наны жок, анткени өнөр жай товарлары жок, дыйкандар акчага сатпайт, анткени тынымсыз жамгыр жаап, эгинди жыйнаганга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Өлкө айыл чарба кризисинин алдында турат. Ушул абалдан кантип чыгууну эч ким билбейт. Оңдо-солдо жалаң жол башчылар, бирок өлкө кантип өнүгүшү керектигин эч ким айтып бере албайт. Эгер Ильич болгондо…”

Владимир Ильич жок, анын жолун улантуучулар мамлекетти биротоло мүңкүрөтүп, бир боор калкына кандыбулоонду баштоого өткөн. Миллиондор атылып, абакка салынып, ГУЛАГдарга иштеп, катаал жазалоо Советтер өлкөсүн чылк каптап, 1937-жылы Жусуп Абдрахманов атылган. Ошол эле жылы Жусуп Абдрахмановдун сырдаш досторунун бири Мария Натансон жок кылынган. Натансон аркылуу Жусуп Абдрахманов Лили Брик, Владимир Маяковский менен таанышкан.

Ошентип 36 жашында кыргыз элин ХХ кылымдын цивилизациясына кошуп, башкалар менен бирге союздук республика катарында өнүгүшүнө өмүрүн арнаган дагы бир азаматты элине кызмат кылар кезинде жок кылышкан. Жусуп Абдрахманов да хрущевдук “ала баарда” акталып, коомдук сый-урматка татыды. Бирок мунун баары анын көзү жокто, артында калган кызы Ленина Абдрахманованын Москвага үзгүлтүксүз жазган кат арыздарынын натыйжасында ишке ашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG