Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

Ленина Абдрахманова – Кыргыз совет мамлекетин түзүүчүлөрдүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы. Азыр 81 жашта, Бишкек шаарындагы тамчы аккан эски үйлөрдүн биринде жалгыз бой жашайт.

Кыргыздын даңктуу уулунун урпагы өз атасы, анын тарыхтагы орду, өзү жашаган совет заманынын оош-кыйышы, орус саясатчысы менен туугандык байланышы, эгемен доордогу жашоосу жөнүндө маек курду.

"Азаттык": Сизге Ленина деген ысымды ким берген?

Ленина Абдрахманова: Менимче, ата-энем берсе керек, атам Жусуп Лениндин идеяларын аябай колдогон. Мындан сырткары улуу эжем мага айтып калар эле, кайсы бир 1-май майрамында трибунадагы Сталиндин жанындагы бир африкалык кара киши колуна кыз көтөрүп турган экен. Сталин андан “кыздын аты ким?” деп сураса, “Ленина” деп жооп берген экен. Ошол окуя да түрткү берсе керек деп ойлоп коем. Анын үстүнө мен 28-апрелде төрөлүпмүн, эки күндөн кийин 1-майды бүткүл өлкө майрамдап жатпайбы...

"Азаттык": Атыңыз большевиктердин жол башчысы Лениндин аты менен байланыштуу болгонуна сыймыктанасызбы же...

Ленина Абдрахманова: Албетте, сыймыктанам. Анын үстүнө менин атам Ленин менен учурашкан, сүйлөшкөн биринчи кыргыз. Комсомолдордун экинчи съездинде учурашкан, атамдын акылына баа берген. Атам Ленинди терең сыйлаган, анын идеяларын колдогон.

Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

"Балалыгым оор болду"

"Азаттык": Сиздин балалыгыңыз кайда, кандай өттү?

Ленина Абдрахманова: Атам 1937-жылы 4-апрелде Оренбург шаарында эмне болорун сезген болуш керек. Апама “балдарды Кыргызстанга алып кет” деп айтыптыр. Ошентип биз ал кездеги Фрунзеге келдик. Жашай турган жерибиз жок, уй камаган сарайда согуш башталганга чейин төрт жыл жашадык. “Эл душманынын” үй-бүлөсүн батырып алгандан баары коркушкан, жаа бою качышкан. Биздин үй-бүлөдөн үч адам: атам, иниси Токо жана апамдын агасы кармалып, камакка алынган эле. Бир кезде жалпы журтту ачарчылыктан сактап калган Жусуп Абдрахмановдун үй-бүлөсү ачарчылыктын азабын тартып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп чоңойдук.

"Азаттык": "Эл душманынын кызы” экендигиңизди качан билдиңиз?

Ленина Абдрахманова: Менин бир тууган эжем Аида азыр 90 жашка чыгып калды, Алматыда турат. Аны “эл душманынын кызы” деп мектепке албай кыйнашканда, “балдарда эмне жазык, алар билим алыш керек” мектеп директору - өзбек жигит жоопкерчиликти өз мойнуна алып, окуткан. Онунчу классты бүтүргөндөн кийин апам эжемди окушуң керек деп жатып, Ленинградга байланыш институтуна жөнөтөт. Окуусун бүтүрүп келгенден кийин да “эл душманынын кызы экен” дешип жумушка алышпайт. Буркуруп ыйлап жатканы көз алдымда турат. Апам казак кызы болгон, таекелерим жардам берет деп ойлосо керек, айласы кеткенде апам Аида эжемди Алматыга кетирүүгө аргасыз болот. Эжем ошол боюнча Казакстанда иштеп, ошол жакта үй-бүлө күтүп, өмүр бою жашап калды. Ошонун баарын угуп, сезип, жүрөгүм эзилип жүрүп чоңойдум да.

"Азаттык": Жаштык кезиңиз кандай өттү?

Ленина Абдрахманова: Кандай өтмөк эле, ачкачылыкта, ач-жылаңач чоңойдум. Таенем биз менен чогуу турчу, ачкачылыктын айынан менин көз алдымда өлдү. Апам жумуштан келип ойготоюн десе, таенемдин денеси эбак муздап калган экен. Апам байкуш эртеден кечке фронтко шинел тиккен фабрикада иштечү, таап келгени биздин курсагыбыздан ашчу эмес. Элестетип көрүңүз, апамдын өзүнүн беш баласы, багып алган дагы бир бала, таенемдин түйшүгүнүн баарын апам тартты, эмне деген гана күндү көрбөдүк...

Биздин үй-бүлө 1933-37-жылдары Орусиянын Оренбург шаарында жашаганбыз, мен ошол шаарда төрөлгөм. Мен атамдын элесин да билбейм, аны камакка алганда мен тогуз айлык наристе экенмин.

Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

"Апам менен атам Алматыда таанышкан"

"Азаттык": Апаңыз менен Жусуп Абдрахманов экөө кантип, кандай жагдайда табышып, үйлөнүшкөн?

Ленина Абдрахманова: Апам казак кызы. Атам 1917-жылдан кийин Верныйга (Алматы) барып, бир аз окуп, жокчулуктун айынан жалданып иштеп, жанын багып жүргөндө апам менен таанышат. Апамдын айтуусу боюнча, ал башында Жусупту теңине албай, чанып жүрөт, тийгиси келбейт. Аны байкап калган апасы, менин таенем Жусуп кедей болгону менен зирек, акылдуу, эмгекчил бала, мындан бир нерсе чыгат деп апамды көндүрөт. Ошентип экөө Алматы шаарында баш кошушат. Кийин апам стенографисттерди даярдаган курсттан окуган экен. Араб арибинде жазган кол жазмаларын окуп калдым. Апабыз турмуштун бардык кыйынчылыгын көтөрүп, бизди багып өстүрдү, 1978-жылы дүйнөдөн өткөн.

"Азаттык": Сиз Ташкенттеги эл чарба институтун бүтүргөндөн кийин кайда, ким болуп эмгектендиңиз?

Ленина Абдырахманова: Мен окууну бүтүп келгенден кийин Фрунзедеги заводдордун биринде 18 жыл иштедим. Биздин завод эл чарбасына, керек болсо космоско керектүү айрым жабдууларды чыгарчу. Кийин ошол заводдо он жыл профсоюз уюмунун төрайымы болдум. Жалпы элүү жыл эмгектенип пенсияга чыктым. Өкмөт менен партия Эмгек кызыл туу ордени, бир топ медалдар, грамоталар менен сыйлады.

"Азаттык": Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

Ленина Абдрахманова: Турмуштун, жашоонун кыйынчылыгынын айынан мен мектепти 19 жашымда бүтүрдүм, институтту дагы кеч аяктадым. Турмушка да 29 жашымда чыктым, жолдошум орус улутунан болчу, 32 жыл чогуу жашадык, балалуу болбодук.

“Кыргызстан өз алдынча республика болот"

"Азаттык": Жусуп Абдрахмановдун лидерлик сапаты кайдан деп ойлойсуз, ата-энесинин тектүүлүгүнө (манаптын баласы), тарбиясына же кийинки жылдары алган билимине, тажрыйбасына байланыштуу болгонбу?

Ленина Абдрахманова: Ата-тегинин канынан болушу ыктымал, атасы таасирдүү манаптардан болгон. Анан орусча мыкты билим алып жатат. Ал мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун Верный (Алматы) шаарынан баштаган. Ал жерден Москвага жумушка жиберишет. Жусуп Абдрахманов 19 жашында Ленин менен жолугуп жатат. Атам кыргыздын биринчи дипломаты, 1925-жылы Иран мамлекетине эки айга барып, 24 жашында элчилик тапшырмаларды аткарган. Ага кандай милдет жүктөлгөн, аны кандай аткарган изилдеп көрүш керек. Келгенден кийин Москвада СССР Борбордук Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө шайланып, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалып жатат. Бул дагы атамдын акыл дараметин, уюштуруучулук жөндөмүн, лидерлик сапатын байкагандан кийин ишеним кылышса керек деп ойлойм. Анда Кыргыз Республикасы дегенден дайын жок. Кыргызстан өз алдынча болобу же башка республикаларга кошулабы, деген чоң суроо турган. Атам “Кыргызстан өз алдынча республика болот, ага мындай аргументтер бар” деп далилдегенден тажаган эмес. Ал кыргыз элин, мекенин өз жанынан артык көргөн, сүйгөн, ал үчүн кызмат кылуудан чарчаган эмес.

Иосиф Сталин менен Владимир Ленин, 1919-жыл
Иосиф Сталин менен Владимир Ленин, 1919-жыл

"Азаттык": Жусуп Абдрахманов Москвада саясий жетекчилерден сырткары, Орусиянын алдыңкы маданий ишмерлери менен да жакшы мамиледе болгон деп айтылып калат?

Ленина Абдрахманова: Атам мамлекеттик иштерден колу бошой калса эле өз заманынын алдыңкы адамдары, жазуучулар, акындар, артисттер менен жолугууга шашкан, театрлардагы спектаклдерди, музейдеги көргөзмөлөрдү калтырбай көрүп турган, китептерди үзбөй көп окуган. Ал кездеги аты таш жарып турган Маяковский, Мендельштам, Борис Кушнер, Лилия Брик ж.б. алдыңкы инсандар менен жакшы мамиледе болгон. Маяковский 30 жашка чыкканда жыгачтан жасалган койду белекке берип, “менин элим, менин кыргыз жерим жөнүндө ыр жазчы” деп өтүнгөн экен. Ал чөйрөгө келгенде өзүн жакшы сезип, рухий жактан байытып турган. Москвалыктар “Юсуп” дешип жакшы көрүшүп, өз катарларында күтүшкөн. Атам бул жагынан орустар айтмакчы “чоочундардын арасында өз, өзүбүздүн арабызда чоочун” болгон да. Атамды азыр да башкалар жазып жатышат, Москвадан, Санкт-Петербугдан чыккан Катаняндын, Эдуард Филательскийдин китептеринде, Швецияда жарык көргөн дагы бир китепте Жусуп Абдрахманов жөнүндө айтылат.

Жусуп Абдрахманов менен Абдыкадыр Орозбеков.1927-жыл
Жусуп Абдрахманов менен Абдыкадыр Орозбеков.1927-жыл

​"Атам менен күндөлүктөрүн окуп тааныштым"

"Азаттык": Ушундан улам бир суроо, сизди Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы, белгилүү саясатчылардын бири, маркум Евгений Примаков менен туугандык байланышын издеп жүрүптүр деп угуп калдык...

Ленина Абдрахманова: Мен, атам менен 1990-жылдардын башында анын күндөлүктөрүн окугандан кийин тааныштым да. Ошондо белгилүү тарыхчы, профессор Жеңиш Жунушалиев “Евгений Примаков сенин бир тууган агаң” деп жатышат деди, оозумду ачып таң калдым. Мен анда Евгений Максимовичке кат жазайын десем Жунушалиев өзүңө зыяны тийип калбасын деп чочуп, болбой койду. Анын үстүнө ал учурда Примаков Орусиянын өкмөт башчысы болчу, анын карьерасына, аброюна шек келип калабы деген ойдо кат жазбай калдым. Мындай сөздөрдүн чыгышына Жусуп Абдрахманов жазган күндөлүгүндөгү Мария Натансон деген кыз менен жакшы мамиледе болгону, бири-бирин сүйүшкөнү, кыска убакытка жашаган фактылар себеп болгондой. Натансон дагы антисоветтик кыймылдарга катышты деген шылтоо менен соттолор алдында эркек бала төрөп, аны бир тууган эжеси багып алып, Тбилиси шаарына алып кеткени жөнүндө маалыматтар бар. Ошол бала Абдрахмановдун баласы, кадимки Примаков болушу мүмкүн деген божомолдор бар, так маалыматтар жок. Бирок, атамдын иниси Токо, бир тууган эжем Рая менен Примаковдун жаш кездериндеги сүрөттөрү окшош. Совет заманынын 1980-жылдары Евгений Примаков СССР Жогорку Советине Сокулук районунан депутат болууга өзү суранган деген кепти угуп калам, анын да жөнү барбы деп ойлойм. Кечээ жакында Орусиянын телеканалында иштеген Примаковдун небересине “сиздин үй-бүлө үчүн Жусуп Абдрахманов жана Мария Натансон деген ысымдар бир нерсе айтабы, алар жөнүндө эмне билесиз” деп кат жазгам, азырынча жооп жок. Балким небереси, биздин Примаков менен туугандык байланышыбыз болсо мурастарын талашат деп ойлошу мүмкүн же алжып калган бир кемпир жазган турбайбы деп маани бербей жаткандыр...

"Азаттык": Биздин эгемендүү Кыргыз мамлекети, азыркы муун Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүн таанып билдикпи, ал кишинин мекен үчүн жасаган жалпы эмгегин татыктуу баалай алдыкпы?

Ленина Абдрахманова: Атамдын партияга мүчөлүгүн араң 1989-жылы 31-декабрда калыбына келтирген. Ошондо да Масалиевдин учуру эле, жаңы заман келгенине карабай, коркуп бир топ кылчактап отуруп анан чечим кабыл алышкан. Кийин көп кайрылууларга карабай, көчөгө атын бербей жүрүштү, Акаев заманында мурдагы Совет көчөсүнүн бир бөлүгүн гана атамдын ысымы менен аташты, ага да шүгүр. Абдырахманов ким эле? Ал Ататүрк сыяктуу эле Кыргыз мамлекеттин биринчи түзүүчүсү, уюштуруучусу. Атам жөнүндө, анын жыйындарда жасаган докладдары, сүйлөгөн сөздөрүнүн маңызы тууралуу Рыскулбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков мага көп нерселерди айтып беришкен. Азыркы жаштар Жусуп Абдрахманов ким экендигин толук билишпейт. Ал өз заманы тургай, азыркы күн менен караганда акыл-ою, билими, ой-жүгүртүүсү жагынан өтө жогорку деңгээлдеги адам болгон экен. Мен мындай жыйынтыкка анын эмгектерин, күндөлүктөрүн көрүп, окуп, талдап чыккандан кийин келип отурам. Ал болгону 3-класс орус-тузем мектебин бүтүргөн, ошол үч жылдын ичинеде орус тилинен сырткары немис жана араб тилдерин да өздөштүргөн. Орус тилинде болсо түш жооруган деңгээлде сүйлөй да, жаза да билген. Мен анын орус тилинде жазылган күндөлүгүн окуп отуруп бир дагы ката тапкан жокмун, башкалардын да колу тийген эмес.

"Азаттык": Атаңыздын сапаттары сизде барбы?

Ленина Абдрахманова: Анча-мынча уюштуруучулук жөндөмдөрүм атамдан болсо керек. Адамдардын жашоосу, кыйналган элди, теңсиздикти көргөндө туралбай кетем, бул дагы атамдан жукса керек.

"Азаттык": Азыр жашап жаткан жайыңыз өңүздүн батириңизби?

Ленина Абдрахманова: Биз жашап жаткан үйдү элде “хрущевка” деп коюшат, эки бөлмө. 1958-жылы атамды актагандан кийин беришкен, апам, таенем жана бир туугандарым болуп он адам ушул жерде жашадык. Азыр үстүнөн тамчы агып, жүдөтүп жатат, чатырды бүтөйлү десек каражат жок...

"Азаттык": Убагында ири заводдо профсоюз лидери болуп иштегенде өзүңүзгө батир алсаңыз болот беле?

Ленина Абдрахманова: Болмок, үй-жайымды чоңойтууга, жакшыртууга толук мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Жутунбадым, башкалар алсын деп эле жүрдүм, топуктуу болгонго аракет кылчумун. Эл аман болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG