Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 11:45

Сталиндик репрессиянын курмандыктары эл эсинде: Сүрөт баян

Сталиндик жазалоолор тарыхына арналган эл аралык илимий жыйын тууралуу сүрөт баян. Бул жыйын Бишкекте 2017-жылдын 8-ноябрында өткөрүлдү.

Быйыл Кыргызстанда сталиндик репрессиялардын чоң толкунунун 80 жылдыгы белгиленүүдө.
Бишкекте "Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деген аталыштагы эл аралык илимий жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу "Мурас" фонду (жетекчиси тарыхчы Кыяс Молдокасымов), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Конрад Аденауэр фонду, ж.б. шериктер тарабынан уюштурулду.
Борбордогу "Парк-отел" конок үйүндө 2017-жылы 8-ноябрда өткөрүлгөн бул илимий жыйынга президенттик аппарат башчысынын орун басары Мира Карыбаева, ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандан да өкүлдөр, өлкөнүн чар тарабынан келген тарыхчы жана башка окумуштуулар да катышты.
Алардын арасында мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова, профессор Топчубек Тургуналы, анжыяндык өзбек профессору Рустам Шамсутдинов, алматылык казак профессору Шамек Тилеубаев, 1991-жылы жайында "Ата Бейиттеги" казууларга жетекчилик кылган коопсуздук кызматкери, тарыхчы Болот Абдыракманов, ж.б. болду.
Илимпоздордун ырасташынча, сталиндик репрессиянын күчөгөн кези 1937–38-жылдарга туура келген. Жалпысынан СССР боюнча эки жыл ичинде 7 миллионго жакын адам камакка алынып, анын 1 миллиондон ашууну атып өлтүрүлгөн.
Калкынын саны ал кезде миллионго жетпеген Кыргызстандын түпкү улутунун өзүнөн эле 40 миңдей киши (айрым маалыматтарга караганда, 22 миңдей киши) жазыксыз жерден сталиндик жазалоолорго кириптер болуп, көпчүлүгү өмүрүнөн айрылган. «Ата Бейитте» алардын 137 өкүлүнүн гана сөөгү 1991-жылы 30-августта арууланып кайра коюлду.
Ал эми 1918-53-жж. басмачылык кыймылы, бай-манаптарды, кулактарды айдоо, ачарчылык, “улутчулдарды жазалоо”, “эмгек майданына жиберүү”, согушта туткунга кабылгандыгы үчүн жазалоо сыяктуу окуяларды эске алганда, жүз миңдеген кыргызстандыктар сталиндик запкыны көргөнү айтылууда.
Жыйындын катышуучулары расмий Бишкекке мурдагы КГБнын архивдерин толук ачуу жана анын материалдарын интернетке ачык жарыялоо сунушун кабыл алышты.
Кыргызстандык тарыхчылар келээрки, 2018-жылы да сталиндик репрессиялар тарыхына арналган иликтөөлөр жана жыйындар улантыла тургандыгын маалымдашты.
Толук көрсөт

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG