Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Мусабек Токоман: Жазыксыз жайран болгон тоолук


“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш айылынын түштүгү.
“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш айылынын түштүгү.

"Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында 1937-жылы ак жерден камалып, сталинизмдин жазыксыз курмандыгы болгон Мусабек Токоман уулунун бейнесине арналган баянды сунуштайбыз.

Мусабек Токоман уулунун “эл душманы” болуп атылып кетишине анын социалдык абалы - манаптын тукуму экендиги себепкер болгон. Өз тиричилигине тың, падышалык орус бийлигинин ордуна келген Кеңеш өкмөтүнө кызмат кылган, билимдүү бул инсан 1930-жылдардын аягында атылып, жалган жалаанын курмандыгы болгону кийин аныкталып, 1950-жылдары акталган.

Колундагы байлыгын, мал-мүлкүн толук тартып алып, үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдап ийүү же тап душманы катары атып салуу ал учурда көнүмүш иштердин бири болгон. Айыпсыз инсандардын канын аянбай төккөн совет бийлиги кулагандан кийин анын кыңыр иштеринин кыйласы ачыкка чыкты. “Сталиндик репрессия”, “кызыл кыргындардын” кыйла жылдар жабылган көшөгөсү азыноолок ачылды.

Куугунтук курмандыктарынын бул жолку чыгарылышы Эки-Нарын жергесинен чыккан Мусабек Токоман уулун эскерүүгө арналат.

Ажал алып келген түнкү меймандар

Совет бийлигине колунан келишинче кызмат кылган, болгон билимин элине жумшаган азаматтардын дээрлик баары сталиндик репрессиянын капканына илинген. Көбү атылып, калгандары абактагы кыйноолордон, оор шарттардан алган жараатынан, айыккыс дартынан жерине келип каза болушкан. Социализм тарых тактысынан шыпырылып түшпөсө “кылым кылмышы” ачык айтылбай, жабылуу бойдон кала бермек.

Ошондой жабык калып келген кайгылуу тагдырлардын бири - Нарын дарыясынын жогорку алабындагы Эки-Нарын айылында жашап өткөн Мусабек Токоман уулу тууралуу кеп кылуунун оролу келип туру.

Мусабек Токомандын чоо-жайын укук коргоочу Турсунбек Акундан уккам. Анын айтуусунда, Мусабек Токоман - манаптын уулу. Ал эми Мусабектин Кыйтыке деген уулу 1959-жылы Лейлекте мугалим болуп иштеп жүргөндө биринчи көргөн уулу Турсунбекти өз агасы Акунга бала кылып берип, айтылуу укук коргоочунун аты-жөнү Акунов, кийин демократия шарданы менен анысын Акун кылып өзгөртүп, ушу тапта жаамы журтка Турсунбек Акун катары таанылып жүрбөйбү.

Турсунбек Акун. Бишкек. 16.1.2012.
Турсунбек Акун. Бишкек. 16.1.2012.

Турсунбек Акун чоң атасынын “эл душманы” болуп атылып кеткенин биртоп жылдар совет бийлигинин көп кылмыштарынын бири катары эсептеп, кайгылуу ишти шардана кылбай келди.

Ушу тапта ал өмүр баянын кенен-кесир китеп кылып жазып, анда бабалары менен чоң атасынын тарых-таржымалына кенен токтолорун буга чейин эле маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя кылган.

- Менин атам Акун, анын атасы Мусабек. Ал үч бир тууган болгон. Мусабек, Мусур, Исабек. Мусабек чоң атам эл билген, кат тааныган, орусча билген киши болуптур.

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун атасы Акун Мусабек уулу менен.
Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун атасы Акун Мусабек уулу менен.

Чоң чоң атам Токоман миң койлуу бай киши болгон экен. Оорук-Тамдын үстүндөгү Карагайлуу-Булак деген жерде жайлоодо турушканда, чоң атама артынан киши түшүп калганын айтышкан экен. "Келсе эмне кылат" деп тоотпой коюптур.

Саат бештер чамасында НКВДнын мылтыкчан үч кишиси барат экен. “Мусабек деген сизсизби?”

“Ооба, менмин”.

“Сиздикине жатып кетсе болобу?” - дешет экен.

Келген конокторду бир кара козусун союп, коноктоп жатып калышат экен. Чон атамын эки кемпири бар экен. Бири - Алымкан, менин атамы төрөгөну. Экинчиси - Сайра.

Ошол Сайра энем: “Мусабек, булар соо келген жок, түну менен качып кетчи” десе, чоң атам макул болбойт.

Чоң атам моңолдордун Төтөй уруусунун мыктыларын, Турдубай, Токтомамбет, Асаналы акелеримди алса, мен куру калмак белем, алса алсын, дептир.

Анан эртен менен туруп тигилер: “Мусабек, беш атарың бар деп уктук, албайсыңбы?” дешиптир.

Беш атар дегени, кимдир бирөөлөрдөн Узакбай чоң атабыз баштап булар Кытайга качканы 500 беш атар алышты, деген кабар берилген экен.

Чоң атам Мусабек Кашкарга чейин барып соода кылып келген, орусча жакшы билген билимдүү киши болгон экен. Чоң атам өзү 1937-жылы репрессияланганга чейин Токоман чоң чоң атамы ушу Бишкектен камакта отурган жеринен бошотуп алып кеткен экен.
Турсунбек Акун

Ачыкооздордун ошондой ушагынан кийин НКВДлар келип чоң атамы камап отурушпайбы. Мылтыгы жок экенин билишкенден кийин “жүр биз менен” деп кармап, жонду ашкандан кийин эле колуна кишен салып, атка тескери мингизип, Оорук-Тамдан дайрага жакын жердеги бир жер тамга камап салышыптыр.

Сайра чоң энем артынан барса, чоң атамы уруп, кийимдерин чечип жер тамга жаткырып коюшкан экен. Солдаттар кайтарып үстүнө эч кимди киргизбей коюптур.

Анан Эки-Нарын деген айылга алып келип, ал жерден тартма көпүрө аркылуу сайдан өткөрүп, өйүздө күтүп турган машинеге салып алып кетишиптир. Кийин Нарындын өйдө жагындагы Ак-Талаа деген жерде атылыптыр деп угуп калышыптыр.

Кийин 1950-жылдары Токоман, Мусабек деген чоң аталарым акталышты.

Чоң атам Мусабек Кашкарга чейин барып соода кылып келген, орусча жакшы билген билимдүү киши болгон экен. Чоң атам өзү 1937-жылы репрессияланганга чейин Токоман чоң чоң атамы ушу Бишкектен камакта отурган жеринен бошотуп алып кеткен экен.

Кулак, бай-манап деп 70 ашуун кишини алып кетишкенде артынан туугандарыбыз Мусабек чоң атамы баалуу белек-бечкек менен шаарга жөнөтүшүп, ал киши бул жерде бир айдан ашуун жүрүп, он эки адамды бошотуп кетиптир. Башкасын бошото албаптыр.

Биздин акчабызды алгансын деп туугандары аны сабай турган болушканда, чоң атам бир топ ай Ат-Башыда жашынып жүрүптүр. Кийин туугандарынын ачуусу тараганда айылга келген экен. Атасын сактап, бирок өзү атылып кете берди.

“Атамы күтүп-күтүп “келбеди” деп таарынып үйгө келем”

Атасынын кантип камалып кетиши а кездеги беш жашар кызы Калыкенин эсинде деле жок. Ушу тапта сексенден ашкан байбиче ошол оор кезеңди эстегенде жетишпеген турмуш, нанга жетпей, жарытылуу кийимсиз күн кечирген кыйын жашоосун ойлойт.

Жетимчиликтин азабы бир тең, “эл душманынын” баласы болушу бир тең, калаты замандар өткөн. Жаамы дүйнө бай болууну эңсеп, аракет кылып келатса, совет бийлиги колунда барларды кодулап, бай-манаптарды тап катары жок кылган.

- Мен атаман беш жашымда калыпмын, көп нерсени билбейм го. Чоң атабыз бай, атам өткүрүрөөк киши болуптур. "Токоман кыштоо" деп кыштоосу бар экен. Атам үч бир тууган, өзүнүн беш баласы бар. Андан үчөөбүз калганбыз. Эң кичүүсү - менмин, эки улуу агам экөө тең кайтыш болуп кетишти. Мен азыр 85 жаштамын. Азыркы сооданы менин атам илгери эле баштаган экен. Эмнеге “эл душманы” болуп калганын билбейм. Бирок үйдү “опустап”, суусар-муусарынан бери алып, колхоздун кампасы бар эле, ошол жерге үй оокаттарды тыгышса, Такан деген эжебиз тыңыраак окшойт, анын анча-мынчасын ошол эжем чыгарып алыптыр.

Энемдер “атаң мобу жактан келет” десе, сагынган кез окшойт, ылдый барып күтүп-күтүп кайра келчү экенмин, “атам жок” деп. Мен кичинелик кылдым окшойт, атамы сагынып ортончу бир тууганым абдан жаман болду. Катуу ооруп, молдо-кожо болуп эптеп айыгышкан. Алар чоңоюп калыптыр, жаман болушту. Мен анча болбодум.

“Менин кызым, менин кызымдай кыз жок” дечү экен атам, анын деле ырахатын көрбөй калбадымбы. Кичине чоңоюп 7 – 8ге чыгып калганда кыйын эле болбодубу. Эч нерсе жок. Биз ошо байлыктын калдыгы менен кар болгон жокпуз. Бизден 6 – 7 кишини алып кетип, менин атамды түн ичинде милициялар келип, эт жеп алып, анан атамды айдап алып кетишкенин билем. Түн келип козу сойдуруп жеп, алып кетишкен. Атчан келишкен, ал кезде машине жок. Туугандардан алып кеткен 6 -7си деле келбей калды. Атам да жок болду. Ал заманды Кудай көрсөтпөсүн, кепинсиз өлүштү.

Атасынын камалып, анан атылып кеткенин Машыр Мусуров аксакал да туугандары менен жакындарынан уккан. Ал ушу кезге чейин бирөөлөргө жакшылыктан башканы ойлобогон жөнөкөй адамдардын бардар жашаганы үчүн эле куугунтукка кабылып, үй-бүлөсү чабылып-чачылганын эмдигиче түшүнө албай келатат.

Дагы жакшы, байларды аянбай жок кылган совет бийлигинин да күнү бүтүп, Кыргызстан өз алдынчалыкка жетишип, мурда жашырылып келген катаал жазалоолордун көбү ачыкка чыгып, совет тарыхы аз-аздан реалдуу өң-түс ала баштады.

Машыр аксакалда бала кезинде чала-бучук билип, азыноолок угуп калгандарын билгендерден сурап, кайгылуу окуянын чоо-жайын иликтеп келатат.

- 1937-жылы ак жерден кармап кетишти. Анан дайынсыз болду. Анда мен төрөлө элек кезим. Балдары жетим калган. Токоман чон атабыз өз күчү менен байыса аны кулак деп Токмокко чейин айдаган. Аны эптеп куткарышса, калганын жып-жылаңач шыпырган. Мал-мүлкту кой, үйдөгү ойноп аткан чүкөлөргө чейин алышып, “бөрк ал десе баш алчу” желдеттер ошондо аябай чыгышкан.

Атам репрессияга кетип ошо бойдон дайынсыз жок болду. 1959-жылы ошол ак жеринен кармалгандарга арнап куран окутулган. Артында калган балдарынын бири сегизде, экинчиси жетиде, кичүүсү алтыда экен. Биздин туугандардан дайынсыз болуп сегизи кеткен. Согушка эки-үчөө эле кетти. Баары куугунтуктан жок болду. Сталин жарыктык совет өлкөсүн бир жылда тындырды го. Согушта 27 миллион эл өлүп атса, бул куугунтуктан 40 миллион эл жабыркап атпайбы.

Чын-чынына келген элди экиге бөлүп, байлар менен билимдүүлөрдү кодулоо совет бийлиги менен кошо жаралган. Ошол 1917-жылкы Октябрь революциясынан кийин эле таптык күрөш башталган. Уруулук мамиле-катнаштарга ыктап алган Кыргызстанда бул бай-манаптарды жоюу, колунда бар оокаттууларды кулакка тартуу, кийинчерээк бийликке кылчактабай кызмат кылган билимдүүлөрдү жок кылуу менен коштолгон. Баары жогортон келген буйруктун негизинде, чоң борбордун айткан-дегени, “эл атасынын” эркине жараша жасалган.

Мусабек Токомандын кандуу жазалоонун капканына кабылышы мына ушул жагдайга, 1937 - 1938-жылдары өзгөчө күчөгөн репрессияга туш келген. Нака “кызыл кыргын” ушул жылдары күчөгөн.

Азырга чейин совет бийлигине кызмат кылган азаматтарды бир четтен жок кылуунун артында кандай максат-мүдөө жатканы табышмак. Совет бийлигине каруусун казык кылып иштеп берген алгачкы муун интеллигенциянын кандай күнөөсү бар эле?

Кыйладан бери бул суроо Турсунбек Акунду да ойлонтуп келатат.

Дагы бир өкүнткөн жагдай, жазыксыз жерден бийликтин катаал жазасына кабылып, атылып-асылып жок кылынгандардын сөөгү кайсы жерге жашырылганы ушу кезге чейин белгисиз. Мурунку советтик республикалардын айрымдарында гана бул ишке олуттуу маани берилип, ак жерден жазалангандар тууралуу маалыматтар жарыяланып, эстеликтер орнотулуп, өткөнгө баа берилүүдө.

Кыргызстандын кыйла жеринде жазыксыз жазаланып, атылып кеткен кайрандардын сөөгү жашырылган жерлер бар экени айтылып, бирок ал жерлерде эстелик белги, кимдер кайсы жерде жашырылганы белгисиз калууда. Тарыхтан сабак алуу ириде ушул иштерден башталышы керек эле.

Азырынча кайрандардын сөөгу кайсы жерлерге жашырылганы тактала, иликтене элек, бейкүнөө жок кылынгандарды эскерип коюу аракети жасала элек. Ким билет, атасынын керээзин аткарган Бүбүйра Кыдыралиева болбосо, Чоң-Таш трагедиясы да белгисиздердин катарында калмак.

Мусабек атага окшоп кармалып, суроо-сопкуту жок атылып кеткен кайрандардын кайсы жерде көмүлгөнүн билип, алар тууралуу маалыматтарды чогултуп, жалпы эстелик китеп чыгарып, репрессия курмандыктары унутта калбашы керек.

Бул иш жазыксыз жерден жок кылынгандарга эмес, азыркы муунга, мамлекет атынан опсуз канабайрам болбошу үчүн, опсуз кылмыштарга жол бербеш үчүн керек. Ак жеринен азап тарткандардын атын унутпай, артында калгандардын эскерип турушу адамгерчилик жагынан алганда кийинки муундун милдети болушу кажет го.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG