Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Улуу Террор: Ошол жүзү куруган 37-жыл ай!


Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү "Ата Бейит" эскерүү жайы. Чүй облусу, Кыргызстан. 12.1.2008.

Мындан 80 жыл илгери 1,5 миллиондон ашуун советтик жарандар сталиндик режим уюштурган массалык куугунтуктун жана террордун жаңы айлампасына дуушар болгон. Он миңдеген кыргыз айдыңдары да алардын ичинде болду.  Эми ошол Улуу Террор доорун жаңыча таразалоо милдети турат.

“Таптык” делген күрөш

Дүйнө жүзү мурдагы Советтер Биримдигинин тарыхында массалык жазалоолор көп ирет жүргүзүлгөндүгүнөн дурус кабардар. Бул өлкөдө коммунисттик типтеги (“эзүүчү тапка каршы”) концлагерлерди куруу идеясын коммунисттик ыңкылаптын лидери жана Совет өкмөтүнүн негиздөөчүсү Владимир Ленин бир нече жолу айткан.

Атуулдук согуш, басмачылык кыймылына каршы күрөш маалында жана андан кийинки учурда, маселен, бай-манаптарды сүргүнгө айдоо, кулакка тартуу сыяктуу жүрүмдөрдө кыргыздардын да көптөгөн айдыңдары мурда тектүү кишилерден же алардын урпактарынан болгону үчүн эле куугунтукка кабылышкан.

Андан соң, 1930-жылдары да империалисттик жана башка “тыңчыларды” издөөнүн улам жаңы курмандыктары табыла берди.

“Улуу Террор”

СССРдеги өзгөчө кеңири масштабдагы куугунтуктоолордун эбегейсиз зор толкуну 1937-жылы башталгандыгы маалым. Бул окуяларды Батышта “Улуу Террор” (the Great Terror, the Great Purge) деп аташса, ал эми Никита Хрущев бийликте турган маалда “ежовщина” – “ежовчулук” деп жымсалдап аташкан.

Чын-чынында, 1936-жылдын 26-сентябрынан 1938-жылдын 9-декабрына чейин СССРдин ички иштер эл комиссары болуп иштеген Николай Иванович Ежов (1895‑1940) өзү деле мамлекеттик чоң машиненин бир тетигиндей эле болчу.

Горидеги грузин карыя И.Сталиндин сүрөтүнө тооп кылууда. 21.12.2016.
Горидеги грузин карыя И.Сталиндин сүрөтүнө тооп кылууда. 21.12.2016.

Бул машиненин ал кездеги кожоюну – большевик Иосиф Сталин (Жугашвили; 1878‑1953) эле. Ал 1922-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бүткүл союздук Компартиянын (большевиктер партиясынын; кыскача ВКП(б)нын) Борбордук Комитетинин Башкы катчысы кызматын аркалап келген. Иш жүзүндө ал акырындап бийлик тизгинин жеке колуна жыйып, диктаторго айланган.

1934-жылы 1-декабрда Иосиф Сталиндин жакын жөкөрлөрүнүн бири, ВКП(б)нын Ленинград обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров (өз тегаты – Костриков; 1886—1934) атып өлтүрүлгөн. Бул окуя Сталин үчүн өзүнө түз жана кыйыр оппозицияда болгондордун көзүн тазалоо үчүн шылтоо болуп берген.

Сталиндик доордо “бүткүл союздук староста” атыккан киши ‑ 1922—38-жылдары СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) Төрагасы кызматын, 1938-жылдын 17-январынан 1946-жылдын 19-мартына чейин СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Төрагасы кызматын аркалаган Михаил Иванович Калинин (1875—1946) да ‑ бул массалык репрессияларды жүзөгө ащырууга көмөкчү болгон.

М.И.Калининдин колу коюлган СССРдин БАКынын жана Эл Комиссарлар Кеңешинин 1934-жылдын 1-декабрындагы токтомуна ылайык, советтик жумурияттардын кылмыш-амал кодекстерине “советтик түзүлүшкө каршы күрөшкөн террорчуларга” байланыштуу жаңы эрежелер киргизилген. Маселен, тергөө иши он күндөн узак эмес мөөнөттө бүткөрүлүшү керек; кылмыш ишин кароо тараптардын катышуусу жок эле жүргүзүлө берет; өкүмгө карата доо арыз четке кагылат; өлүм жазасы тууралуу өкүм эч создуктурулбастан эле жүзөгө ашырылууга тийиш.

Мунун өзү жазыксыз жерден катаал өкүмгө кабылган жүз миңдеген кишилердин чымындай жаны чыркырап, бөөдө жерден бу дүйнө менен көз ачып-жумгуча кош айтышуусу үчүн СССРде мамлекеттик мыйзамдык механизм жаратылгандыгын туюнтат.

Кийинки, 1935-жылы 27-майдагы СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК; орусча НКВД) жетекчилигинин буйругуна ылайык, бүткүл өлкө боюнча ИИЭКтин “үчүлтүктөрү” (орусча “тройка”) уюштурулду. Ага ички иштердин жергиликтүү башкармалыгынын башчысы, милициянын башкармалыгынын башчысы жана облустук прокурорлор кирген. Бул “үчүлтүктөр” эч кандай соту жок эле кишини сүргүнгө айдоо жана лагерлерге 5 жылга чейинки мөөнөткө камоо сыяктуу чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ болгон.

Оболу бул иштерди жалпысынан көзөмөлдөгөн киши – СССР ИИЭКинин 1934‑36-жылдардагы жетекчиси Генрих Григорьевич Ягода (Енох Гершевич Иегуда; 1891–1938) болду. Сталин аны “жумшактыгы” үчүн сынга алып, ордуна Ежовду койгонго чейин Ягода жетектеген “чекисттер” далай кишилердин канына забын болду.

Маселен, 1935-жылдын ичинде эле Ленинград шаарынан жана облусунан башка жактарга 39,660 киши сүргүнгө айдалган, 24,374 киши ар кыл жазага кириптер болгон.

Алардын көбүн жазалоодо “троцкийчил-зиновьевчил террордук топко тийешеси бар” деген стандарттык айып тагылган (уруп-соккулоонун айынан бул доого макул болуп, өзүн “айыптуумун” деп тапкандардын көбү Троцкий же Зиновьев деген кишилердин бар болгондугунан деле кабарсыз бечаралар эле).

Калайыкка таянган зулумдук

Ал эми 1937-38-жылдарда СССРдеги террор өзгөчө кулач жайылгандыгынын сыры азыр да талаш-тартыш аркылуу иликтенип келет. Теориялык жактан, албетте, Иосиф Сталин “социализм канчалык жеңген сайын, тап күрөшү ошончолук айыгышкан мүнөздө жүрөт” деп сунуштаган жобо коомго өзүнүн кедергисин тийгизбей койгон жок. Бул жобо ВКП(б) Борбордук Комитети тарабынан улам-улам колдоого алынган жана мамлекеттин идеологиялык машинеси тарабынан калайыкка үзгүлтүксүз жайылтылып келген.

Маселен, 1937-жылы 23-февралдан 3-мартка чейин Бүткүл союздук Компартиянын (большевиктердин) Борбордук Комитетинин пленуму өткөрүлдү. Анда Иосиф Сталин “Партиялык иш-аракеттеги кемчиликтер жана троцкийчил жана башка эки жүздүүлөрдү ойрон кылуу чаралары жөнүндө” деген темада баяндамасын окуду. (Бул пленумга катышкан жана чыгып сүйлөгөн 72 кишинин 52си көп узабай атууга кеткен).

Сталин бул пленумда да социализм жеңиштүү илгерилеген сайын, тап күрөшү ого бетер курчуй берет деген жобосун кайталаган.

Бул идеологиялык жагдай саясий сабаты төмөн миллиондогон карапайым кишилердин көөдөнүнө советтик түзүлүшкө каршы душмандарды өз араларынан тез аранын ичинде табуу жана камоо аркылуу коммунизмге карай кеткен чыйырды байсалдуу улантабыз деген түшүнүктү уялатты.

Коммунисттик Кытайда 1965-75-жылдардагы “маданий ыңкылап” маалында да калайыктын көбү адилетсиз жазалоолорго каршы үн чыгарбастан, моюн сунуу аркылуу террорду эрксизден колдоого алганын салыштырып кароо сталиндик доордогу, анын ичинде 1937-38-жылдардагы, советтик коомдогу дендароолукту жана террорго моюн сунуу, ал түгүл аны жүзөгө ашырууга кол кабыш кылуу көрүнүштөрүн аңдоо үчүн кыйла жеңилдик жаратат.

Заманбап иликтөөчүлөрдүн оюнча, кээ бир учурда футбол күйөрмандарынын котолоп турган чагында алардын айрым “тентектери” жалпы мыйзамдык жана адеп-ахлактык чектерден чыгып, эрдемсинип, тополоң кылууга өткөн сыяктуу эле, диктатуралык түзүлүштө мамлекет өзү түзгөн удулдан пайдаланып, маргиналдык топтор өз замандашынын укуктарын массалык түрдө тебелөөгө өткөн “саясий жактан бир беткей жана жаатчыл” психологиялык жана идеологиялык маанайга алдырышат.

Дегиңкиси, Сталин, Ягода, Ежов же Берия өздөрү элди аралап, кеңирсиген мамлекеттин булуң-бучкактарында бардык камакка алууларды өз колу менен жүзөгө ашырган жок го. Алар, албетте, камакка алуу боюнча улам жаңы планды иштеп чыгып турушту, ал эми аргасыз жана ыктыярдуу аткаруучулар – ар бир булуң-бурчтан чыга берди. Бири – аргасыздан аткарды. Башкасы – ыракаттанып аткарды. Саал мурдараак жазалоо толкунунда жазалоочу болгондор кийинки айлампада өздөрү “империалисттик өлкөнүн тыңчысы”. “троцкийчи” ж.б. доолорго эч далилсиз эле “жем” болуп жатышты. Кээ бир кишилер уруп-токмоктогонго чыдабастан, башкаларга жалаа жабышса, айрымдары өздөрү эле “айгак чыгып” жатышты.

"Ежовдун болот мээлейи". Борис Ефимовдун карикатурасы.
"Ежовдун болот мээлейи". Борис Ефимовдун карикатурасы.

Мындай кырдаалда башкаруучу диктатордук режим саясий маданияты төмөн болгон, улам кайталанган идеологиялык ураандардан көзү туманданган пенделерден куралган массаларды жаратат. Режим, бир чети, аларды колдоого алат экинчи чети, алардын көмөгүнө өзү таянат. Жазалоочу мамлекеттик режим менен саясий маңкурт топтор бири-бирине ширелишкенде, албетте, бул режимге каршы тургандар гана эмес, эптеп өз оокаты менен алектенгендер да (өзгөчө алганда, билимдүү-таалимдүүлөр, айдыңдар) жапатырмак диктатуралык запкы алдында калышат. Түзүүчүлөрү жана теоретиктери бул диктатураны “жаркын келечекке жеткире турган пролетардык же башка диктатура” деп атап алышканы менен, чын-чынында, ал – цивилизациялык өнүгүүгө олуттуу бөгөт болчу, инсандын кадыр-баркын кемсинтүүчү зулум режим болуп саналат.

“Режимдин зулумдугу анын өз башын жуткурат” деген акыйкат сөз бар. Бирок канчалык коомдун оодук бир бөлүгү тарабынан колдоого алынса, мындай режим ошончолук узагыраакка сакталышы ыктымал. (Сталиндик режим СССРде биротоло кыйрады, бирок анын Түндүк Кореяга экспорттолгон түрү азыркы тапта да өлкө калкын өзүнүн темир чеңгелинде тутууда).

Жазалоолор ар айылды, ар үйдү эңшерген

Жалпысынан, мындан 80 жыл илгери канча киши камакка алынып, канчасы набыт болгондугунун реалдуу санын чыгаруу ишинин чети оюла элек. Айрым адистердин айтымында, бир эле инсан бир нече кылмыш иши боюнча жоопко тартылган учурда, бул киши бир нече жолу башка инсан катары катталып калган учурлар болгон. Ошондой эле сабатсыз тергөөчүлөр жана милиция кызматкерлери кармалып баратканда жолдо тындым кылынган далай кишилердин өлүмүн эч каттабай койгон кездер да айтылат.

Жазалоо үчүн айып тагуу үчүн атайын жасалма калып (штамп) жаратылган. Маселен, Жапония бар экенин өмүрүндө укпаган киши деле “жапондук тыңчы” катары “ашкереленип”, абакка кесилген же өлүм жазасына кириптер болгон.

Кыргызстанда көп айтылган эски трагикомедиялык анекдотту эскере кетсек, кээде, абакка кесүү планы аткарылбай жатканда, карапайым кишинин көлөчүнүн таманына гезиттин Сталиндин сүрөтү бар айрыгын төшөй калып, же өзүнүн жеке карьерасына тоскоол болгон замандашын жалаа жаап карматып ийип, жексурдуктун терроруна кызмат кылып берген нечендеген кишилер болду.

(1986-жылдагы Алматы шаарындагы Желтоксон окуяларынан кийинки 1987-жылдын башында Кыргызстанда да саясий куугунтуктар орун алганда, кээ бир кыргыз “мыктылары” өз атаандашын тизелетүү үчүн ага “улутчул” деген саясий жарлыкты тагып чыккан учурлар болду).

1930-жылдары жазалоочулардын “кара тизмесине” кабылгандарды “тез арада эптеп башка жактарга качып кеткиле!” деп бөлөк коопсузураак аймактарга качырган айрым расмий жетекчилер да болду. Журналист Жаңыл Жусубжан жазгандай, ошондой инсандардын бири – Тажикстандын тоолуу Мургап аймагында советтик жетекчи кызматта иштеген мурдагы казы Атабай Жанузак уулу 1930-жылдардын башында нечендеген тың кишилерди алар сталиндик жазалоого кабылаарда Кытайга качырып, өмүрүн сактап калган.

Кыйноонун азабына чыдап, өзү да жалган айыпты моюнуна албаган жана башкаларды да эч каралабастан мерт тапкан же узак мөөнөттүк абакка түшкөн миңдеген баатыр инсандар да болду.

Ал эми “бүткүл союздук староста” М.И.Калининдин өзү 1938-жылы 25-октябрда “троцкийчилер менен оңчулдардын антисоветтик ишмердигине колдоо көрсөткөн кылмышкер” катары камакка алынган жубайы Екатерина Ивановна Калинина (теги эстон Екатерина Йогановна Лорберг; 1882‑1960) айымды бошотуп алууга да чамасы жеткен эмес (бул айым Сталиндин уруксаты менен 1946-жылы бошотулган; кийинчерээк, Сталиндин өлүмүнөн кийин гана, толук акталган).

Кээ бир чөлкөмдөрдө турмушта болбогон “душмандык саясий партиялар” (маселен, Кыргызстанда – кылмыш иштеринде Социал-Туран партиясы деп көп учураган, бирок иш жүзүндө эч ким тарабынан уюштурулбаган партия) ойдон чыгарылып, алардын “мүчөлөрү” катары бейкүнөө кишилер абакка тыгылган жана бир катары өлүм жазасына жазыксыз жерден кириптер болушкан.

Айрым чакан этностордун өкүлдөрү жазыксыз жерден репрессияларга кабылышкан. Маселен, 1937-жылдын августунан 1938-жылдын августуна чейин созулган “поляк өнөктүгү” маалында СССРде жашаган поляк тектүү кишилердин дээрлик 140 миңдейи (жалпы советтик поляктардын 22 пайыздайы) жазыксыз жерден сот жазасына тартылган. Бул – 1940-44-жылдардагы орус эмес улуттардын өкүлдөрүн жазалоо, депортация кылуу сыяктуу сталиндик кылмыштарга чейин орун алган этноциддик белгиси бар алааматтуу окуя болуп калды.

Ири саясий же башка жооптуу кызматкер кармалганда, адатта, анын жубайы да камалчу, эрезеге жете элек балдары болсо балдар үйүнө тапшырылчу. Михаил Калинин сыяктуулар, албетте, мында эрежеден тышкаркы инсан болду, анткени алар сталиндик репрессиялык машинеге керектүү жана дагы эле “иштеп жаткан тетиктерден” болчу.

Профессор Роза Айтматова, Төрөкул Айтматовдун кенже кызы. 28.10.2013.
Профессор Роза Айтматова, Төрөкул Айтматовдун кенже кызы. 28.10.2013.

Көп сандаган каарман жубайлар күйөөсү кармалганда же ал камакка алынаарга чейин журт которуп, балдарына калка болгон нечендеген учурлар катталган. Маселен, кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмерлеринин бири Төрөкул Айтматовдун жары Нагима Хамза кызы Маскөөдөн Таластын Шекер айылына күйөөсү камалаардан эртерээк кайтып келип, балдары менен аман калышкан.

Жүз миңдеген советтик чыгаан мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, окумуштуулар, өнөрпоздор, ж.б. коом “каймактары” дал ушул Улуу Террор маалында набыт кетишти. Касым Тыныстанов сыяктуу бабаларыбыз атылып кетти. Аалы Токомбаев, Кусейин Карасаев, Кожомкул баатыр сыяктуу бабаларыбыз кийин абактан кайтып келишти.

Ошол доордогу чыгаан чыгыш таануучулардын бири Евгений Дмитриевич Поливанов (1891—1938), маселен, 1934-жылдан тартып Кыргызстандын борборунда жашап жаткан. 1937-жылы ал “жапондордун тыңчысы” деген жалган жалаа менен Фрунзе шаарында камалып, 1938-жылы атууга кеткен.

Жогоруда айтылгандай, көптөгөн сталинчил жазалоочулар өздөрү чыңдаган капканга өздөрү түшүп жатты. Маселен, Генрих Ягода 1937-жылы 28-мартта камакка алынган. Ага Троцкий, Бухарин, Рыков ж.б. менен тымызын байланышта болгон, ИИЭКте троцкийчи-фашисттик кутум уюштурууну көздөгөн, Сталинге каршы мамлекеттик төңкөрүшкө беленденген, ж.у.с. өзү бир кезде башкаларды каматтыргандай ойго келгис айыптар тагылган. Анын миң жолу актанганына карабастан, бир кезде өзү жарым дирижерлук кылган жазалоочу машине аны угуп да койбоду. 1938-жылы 15-мартта Ягода Маскөөдөгү Лубянка абагында аттырылган.

Ал эми айтылуу Ежовдун өзү 1939-жылы 10-апрелде камакка алынып, “троцкийчилерге тилектеш болду, чет мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылды жана мамлекеттик төңкөрүш үчүн камылгалар баштады” деген курулай айыптоого кабылып, 1940-жылы 4-февралда атууга кетти.

Кыргыздын эркин акындарынын бири Казыбек Мамбетимин уулу “бадышаны кулатып, бартияны кан кылдык” деп бир партиянын үстөмдүгүнө негизделген партократия орногондугун ашкерелеп ырдаганы бар. Ал эми 1937-39-жылдары жазалоочу мамлекеттик машине “большевиктик партияны” деле карап койгон эмес.

А.Жирков жетектеген Саха делегациясы Бишкектеги М.К.Аммосовдун айкелине гүлчамбар коюуда. 13.11.2014.
А.Жирков жетектеген Саха делегациясы Бишкектеги М.К.Аммосовдун айкелине гүлчамбар коюуда. 13.11.2014.

Теги саха (якут) Максим Кирович Аммосов (1897—1938) — ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун катчысы жана Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы кызматын аркалап жатып, башканы түгүл өзүнүн жеке керт башын коргой албады. Ал 1937-жылы 16-ноябрда Бишкекте жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы 28-июлда Маскөөдө атууга кеткен.

Бийликтеги партия саясий лидерлер Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, агартуучулар Эшенаалы Арабаев, профессор Касым Тыныстанов, ж.б. жаңы советтик өзгөрүүлөрдү кубаттап-колдоп чыккан миңдеген асыл инсандарды куру ажалдан ажыратып кала албады. Себеби бул партиянын башкы жетекчиси Иосиф Сталин – дал ошол 1930-жылдардагы массалык өлүм машинесин түзүп жана тездеп иштөөгө демитип турду.

Айрым маалыматтарга караганда, ошол 1937-38-жылдары СССРде ар кыл саясий себептерге таяп 681 692 кишини атууга кесишкен. Ал эми “антисоветтик” иш-аракети үчүн делип камалгандардын саны 1,5 миллионду түзгөн.

Жалпысынан, СССРдеги большевиктик жазалоолор бери дегенде 12,5 миллион кишинин тагдырына балта чапкан дешет.

Сөз соңунда

Быйыл, 2017-жылы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, Кыргызстанда сталиндик репрессиялардын улуу толкунунун 80 жылдыгына байланыштуу эскерүү чаралары жана илимий иш-чараларды өткөрүү каралды. Бул 80 жылдыкты өткөрүү маселеси Кыргыз Өкмөтүнүн быйылкы иш-чараларга беленденүү боюнча атайын уюштуруу комиссиясынын отурумунда да талкууланды.

Адеп, ыйман, тарбия менен байланыштуу быйылкы жылдын иш-чараларынын жадыбалы ата-бабалардын ийгиликтерин гана эмес, башынан өткөргөн азап-тозокторун да калыс үйрөнүү аракеттерин камтыгандыгы, албетте, канааттандырбай койбойт. Былтыр 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын Борбордук Азияда расмий белгилеген жападан-жалгыз жумурят – Кыргызстан болду. Быйыл, балким, 1937-жылкы кандуу окуялардын 80 жылдыгын башка өлкөлөрдө деле эскерүү чаралары аркылуу белгилешээр?

Дегиңкиси, Кыргызстан өзүнүн эгемендикке карай жолун сталиндик доордогу мыкаачылыктарды моюнга алып, жазыксыз ажал тапкан бабаларды эскерип, “тазалануу” далаалаты менен баштаган: 1991-жылы 30-августта Кыргызстандын коомчулугу жана расмий бийлиги Бишкектин жанындагы дөбөдө сталиндик массалык көрүстөндөгү маркумдардын сөөгүн кайра аруулап жерге берип, “Ата Бейит” эскерүү жайын – көрүстөнүн расмий ачкан. Эртеси күнү, 31-августта, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумуриятты көз каранды эмес мамлекет катары расмий жарыялаган.

Эгемен Кыргызстанда ошол 1920-30-жылдарда элге адал кызмат кылып, жазыксыз жерден өлүмгө дуушар болгондордун айкелдери тургузулууда, алардын ысымдары коомдук жайларга, көчөлөргө, мектептерге берилип жатат.

Албетте, каалганы сталиндик доордун жүзүкаралыгын ашкерелегенге кең ачкан бул соңку окуялар үчүн сыймыктанабыз. Ошол эле учурда Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу мыкты атуулдардын сөөгү кайсы жерде коюлганын алигиче биле элекпиз. Ала-Тоодо дагы кайсы жерлерде массалык атуулардын курмандыктары белгисиз көмүлүп жатканын кошумча изилдөө жана набыт болгондордун сөөгүн аруулап жерге кайра берүү парызы моюнда турат. Репрессиялангандардын жалпы тизмесин түзүү жана ачык жарыялоо, мурдагы ИИЭКтин архивиндеги 1920-30-жылдардагы жазалоолор боюнча маалыматтарды интернетке эркин жайгаштыруу, басылмаларга жана китептерге ачык жарыялоо сыяктуу милдеттер турат.

Албетте, совет доорунда коомдук өнүгүүдө, чакан этносторго автономиялык жана башка макамдагы мамлекеттүүлүктү түзүүдө, сабатсыздыкты жоюуда, мурда өзгөчө эзилген катмарларды салыштырмалуу акыйкат макамга чыгарууда, илим-билимде, өндүрүштө, технологияда эбегейсиз зор ийгиликтер, бир далай илгери жылыштар камсыз кылынды. Бул өзөккү ийгиликтер жөнүндө совет доорунда эле ачык айтылып келди. Ал эми 80 жыл мурда “социализм толук жеңди” деп расмий жарыяланган СССРде жаңы күч менен башталган Улуу Террор жөнүндө азыркы күнү да билгенден биле элегибиз арбын.

Армения, Кыргызстан, Орусиянын президенттери жана Молдованын өкмөт башчысы "Ата Бейиттеги" 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө набыт болгондордун эстелигине гүл коюуда. 17.9.2016.
Армения, Кыргызстан, Орусиянын президенттери жана Молдованын өкмөт башчысы "Ата Бейиттеги" 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө набыт болгондордун эстелигине гүл коюуда. 17.9.2016.

1937-жылкы окуялар, тээ 1916-17-жылдардагы тарыхый окуялар сыяктуу эле, жалпы коомчулуктун жандуу катышуусу менен эскерилиши абзел. Ар бир үйдө, ар бир айылда жана шаарда өз тагдырына бул окуялардын түз же кыйыр таасири тийген инсандар арбын. Алардын же алардын урпактарынын 80 жыл илгерки окуялары жөнүндөгү эскерүүлөрүн калыс чогултуп, жарыялап, сересеп салышыбыз – урпактык парыз.

Азыркы муундар мурдагы сталиндик тоталитардык доордун ачуу чындык камтылган барактарын таамай үйрөнсө, анда ошондой доорду кайталабаш үчүн коомубузду алдын-ала руханий эмдөөдөн өткөргөнгө тете асыл иш аткараары шексиз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG