Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

МАСКӨӨДӨ ЖҮЗ ТОМДУК «СТАЛИНИЗМ ТАРЫХЫНЫН» 5 ТОМУ ЖАРЫК КӨРДҮ


Мурунку аптада Москвада 100 китептен турган «Сталинизмдин тарыхы» жыйнагынын 5 китеби жарык көрдү. Аларга орусиялык жана ар кайсы өлкөлөрдөн сталиндик кезди иликтеген эң мыкты делген эмгектер кирген. Долбоор «Орусиялык саясий энциклопедия» басылмасы, Орусия федерациясынын мамлекеттик архиви жана Борис Ельцин кору тараптан ишке ашырылып атат.

Жарык көргөн томдорго: «Кызыл террор», «Москва менен Чыгыш Европа. 40-50-жылкы коомдук кайра жаралуу кезиндеги бийлик жана чиркөө», «Сталин жана жөөттөр», «Кремл жана Балтика деңизи боюндагы өлкөлөр» монографиялар кирген.

Сталин дооруна серп салып, ал кезге аптыкпай баа берүү эми өзүнчө китеп болуп жарыялана баштады. Жүз китептен турган ар башка мамлекеттер жана орусиялык илимпоздор изилдөөлөрү сталинчилдиктин чыныга бетин ачууга карай жаcалган кадам экенин белгилешүүдө. ИНТЕРФАКС жазганга караганда анча китеп бери дегенде эки, ары дегенде үч жыл ичинде басылып чыгат.

«Газета» жазган маалыматта алгачкылардан болуп жарык көргөн томдордо Ежовдун өмүр баянынан тартып Сталиндин жөөттөргө болгон мамилесине дейре материалдар жайгаштырылган. Жүз томдук сериянын максаты – аны чыгарып аткандар пикири боюнча – азыркы тушта да кайра жарала баштаган идеологияны акылга салып өлчөө жана аны канткенде болтурбай коюу амалын издөө.

Сталинизмдин курманы болгондор көп жазылганына карабай жүз томдуктун чыгышы калкка керек экенин мамлекеттик архивдин жетекчиси Сергей Мироненко айтты:

«Бул отуз жылга чукул Сталин башкарып турган кездеги биздин өлкөнүн тарыхы. Иликтенип чыга элек жерлери кыйла бар. Бул түгөнгүз материал».

Ал андан аркы кебинде бир мисал келтирип, Сталиндин Бакудагы учуру такыр куру кеп экенин, анын «Нино» басмаканасын уюштуруп, камалды дегени документ менен салыштыра келгенде жалганга чыкты. Сталин дегеле басмакана уюштурган эмес, Бакуда абакта да олтурган эмес дейт.

Ал эми «Орусиялык саясий энциклопедия» басмаканасынын жетекчиси Андрей Сорокин айтканга караганда «Сталинзмдин тарыхына» дегинкиси бул темада чыккан чет өлкөлүк 100 мыкты китеп кошулду.

«Долбоорду иш жүзүнө ашырууда басмакана көтөргөн демилге орусиялык тунгуч президент Борис Ельцин атындагы кор жардамга келди. Ошонун аркасы тийип миңдеген орусиялык китепкана ал томдорду бекер алышат», - дейт Андрей Сорокин.


«Мемориал» уюмунун жетекчиси Арсений Рогинский болсо: "Биз сталинизмди жеңген жокпуз. Андан арылууну каалабаганыбыздан эмес аны түшүнүп биле албаганыбыздан улам жеңе албадык. Бул томдор сталинизм дартынан чындап арылууга тээк болот», - деген.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG