Майыптыгы бар адамдардын Бишкектен Токмокко чейин пландалган жөө жүрүшү өтпөй калды. Уюштуруучулар буга коопсуздук маселеси негиз болгонун билдиришти.
Нарында аялын иштеген жерине барып бычактаган кишинин окуясы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Мунун алдында 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу күйөөсү эки айга камакка алынганы белгилүү болгон.
Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат. «Азаттык» Эгемен Кыргызстандын каармандары - дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева менен баарлашып келди.
Ошто 15 жаштагы кыз туш болгон тагдыр Кыргызстанда балдарга, аялдарга карата зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Окуя тууралуу адвокат Жахангир Сайфуллаев айтып чыгып, акыйкатчыга кайрылган. ИИМ беш көкүлдүн кейиштүү тагдыры тууралуу ушундан кийин маалымат берди.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарында 15 жаштагы кызды мажбурлап сексуалдык кулчулукта кармаган адамдарга токтоосуз чара көрүүгө жана кыздын укугун коргоого аймактагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырды.
Ошто сексуалдык кулчулукка кабылды деген 15 жаштагы кыздын окуясы териштирилүүдө. Кармалган төрт жаран ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүм кызды күч менен кармап, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган деп шектелүүдө.
Кыргыз өкмөтү маалымат каражаттары, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча кезектеги мыйзам долбоорун сунуштады. Анда жалган маалымат таратты деп табылгандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат.
Кыргыз өкмөтү медиа каражаттарында, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча кезектеги мыйзам долбоорун сунуштады. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет же социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга 100 миң сом, юридикалык тараптарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.
Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурда аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.
Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Иван Сологубовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маркумдун жакындары Сологубовго милиция кызматкерлери күч колдонгон деп айыптап, ишти адилет тергөөнү суранып президентке кайрылды. Ички иштер министрлиги дооматтарды четке кагууда.
21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокатынын кассациялык арызын карап, Бишкектин сотунун аны үч жарым жылга кескен чечимин күчүндө калтырды. Айыпталуучунун жакындары Аранованын атынан Фейсбукка жалган билдирүү жазылып, куугунтукка кабылып жатканын айтып жүрүшөт.
Таласта талаада кой жайып жүргөн баланын видеосу боюнча териштирүү жүрүп, бир катар жагдайлар ачыкка чыкты. Анткен менен окуя балдардын эмгекке күчтөп тартылып, укугу бузулуп жатканын эске салды.
Дагы жүктөңүз