Кызматтык текшерүү жүргүзүлөт
Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Ала-Арча улуттук паркындагы тоолордо каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнүн жагдайларын ар тараптуу текшерүүнү тапшырды. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, тиешелүү тапшырма Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына берилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жардам тууралуу билдирүүнү кабыл алуу жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштери өз убагында жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнү, издөө-куткаруу операциясынын уюштурулушу, мекемелер аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле техникалык жана адам ресурстарынын пайдаланылышы иликтенет.
Контролдоо башкармалыгына текшерүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөө жана анын жыйынтыктары тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берүү тапшырылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында уюштуруучулук жана системалык мүнөздөгү зарыл чаралар аныкталат. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, жооптуу адамдарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
"Амир мыкты адам эле..."
Бүгүн 10-ноябрда Бишкекте сөөгү Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында табылган 14 жаштагы Амир Кунакуновдун тажыясы өттү.
"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, уулу менен коштошууга баланын атасын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, эки ай мурда камакка алынганы белгилүү болгон Максат Кунакуновду да күч кызматкерлеринин коштоосунда алып келишти.
Ушул эле күнү социалдык тармактарда өспүрүмдүн үй-бүлөсүнүн атынан билдирүү жарыяланды.
17-ноябрда Амир 15 жашка чыкмак экен.
«Биз үчүн бул окуяны кабыл алуу абдан оор. Бирок адамдар Амирди бул трагедия менен гана эмес, эң оболу мыкты адам катары эстеп жүрүшүн каалайбыз», — деп айтылды билдирүүдө.
Жакындарынын айтымында, Амир шайыр, изденген жана таланттуу өспүрүм болгон. Ал астрономияга кызыгып, жылдыздарды, планеталарды жана галактикаларды изилдеген. Ошондой эле чуркоо, анын ичинде марафондук аралыкка жарышуу, альпинизм менен алектенген.
Үй-бүлөсү аны бардык нерсени билүүгө умтулган, мүмкүнчүлүктөрүн сынаган, боорукер жана сылык бала катары эскеришет.
«Амирдин айланасындагылардын көңүлүн көтөргөн жаркын жылмаюусу бар эле. Ал боорукер, кичи пейил, тамашакөй жана кең пейил бала болчу», — дешти жакындары.
Маркумдун үй-бүлөсү издөө иштерине катышкан альпинисттерге, куткаруучуларга, ыктыярчыларга жана жардам көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле алар жалпыга маалымдоо каражаттарын жана коомчулукту үй-бүлөнүн жеке жашоосуна урмат менен мамиле кылууга чакырышты:
«Амирдин ысымы айтылганда адамдар трагедияны гана эмес, анын жашоого болгон сүйүүсүн, кайратын, боорукерлигин жана изденчээктигин эстешин каалайбыз».
Амир Кунакунов 7-ноябрда «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы тоого чыккан бойдон дайынсыз кеткен. Ал кечинде куткаруучулар менен байланышып, жолунан адашканын билдирген. Эки суткага созулган издөө иштеринен кийин 9-ноябрда баланын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. Баштапкы маалымат боюнча, өспүрүм үшүп каза болгон.
"Үлгүрбөй калдык"
Амирдин туугандарынын бири, эжеси Агынай Полотова "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирди.
Бала жардамды турган жеринен кетпей акырына чейин күткөнүн белгиледи:
"Ал жоопкерчиликтүү бала болчу, ошондуктан биз анын ошол эле жерде экенине, ордунан жылбай жардам күтүп жатканына ишенгенбиз. Болгону биз жетишпей калдык, чындап эле үлгүрбөй калдык. Кечки саат 18:00 чамасында ал жоголуп, адашып калганы белгилүү болгон. Ал эми саат 19:00дөрдө Telegram аркылуу билдирүү жөнөтүптүр. Көрсө, ал түшүп кетүүгө жетишем деп үмүттөнүп, ыктыярчыларды чогулууга чакырып, чогуу такси менен кетүүнү сунуштап жазыптыр. Биз бул тууралуу өтө кеч билдик. Чынында көп нерсе өз убагында жасалбай калды. 8-ноябрда кечинде ӨКМ өкүлдөрү мыйзамга жана ички эрежелерге ылайык кечки саат 18:00-19:00дөн кийин издөө иштерин жүргүзүүгө укуктары жок экенин айтышты. Ошондон кийин биз ошол жерде жүргөн ыктыярчылардан, альпинисттерден бери көтөрүлүп, издөөгө жардам берүүнү өтүндүк. Алар көтөрүлүп, издешти. Бирок анда экинчи сутка болуп бараткан эле. Ошол түнү биз бул окуяны коомчулукка кеңири жеткирип, резонанс жаратмайынча эч ким толук аракет көрбөй турганын түшүндүк".
Баланы издөө иштерине катышып, акыры табууга көмөктөшкөн ыктыярчы Ильяр Бакаев айтып бергендей, ал 3500 метр бийиктиктеги жерде болгон:
"Бизде баланын GPS маалыматы бар эле. Амир ӨКМге биринчи жолу чалганда анын геолокациясы министрликте болгон. Ал маалыматтарды алып, мен маршрут боюнча багыт алдым. Издөөгө Google Maps, Garmin жана Strava тиркемелери жардам берди. Алардагы 3D карталар аркылуу кулуарлардын болжолдуу жайгашуусун көрүп, баланын жүргөн жолун түшүнүүгө мүмкүн болду. Түнкүсүн тоодон түшүп келе жаткан адам адатта шаардагы жарыкты көздөй багыт алат да. Ошол логикага таянып, анын маршрутун болжолдодук. Ал 3700 метр бийиктикке чейин чыккан экен. Google Maps'тагы маалыматтар аркылуу жакындаганда телефонду сегиз эселик чоңойтуу режимине коюп, ар бир кулуарды кылдат карап чыктык. Ошентип кызыл күрмө көзгө урунду. Ушул жагдай чоң жардам берди. Болжол менен 3500 метр бийиктиктен табылды. Биз издөө иштерин министрликтин кызматкерлери менен биргеликте жүргүздүк. Алардын баарына чоң рахмат айткым келет. Балдар чындап күчтүү адистер экен. Түшө баштаганда эңкейиш жер өтө татаал болду".
"Ошондо эле чукул кызматтарга чалсак болмок экен..."
Баланы акыркы жолу Адыгене чокусуна чыгып бараткан жеринен көргөндөр болгон. Алардын бири Кундуз Шатенова аба ырайы бузулгандыктан баланы артка кайтууга чакырышканын, бирок ал укпай койгонун "Азаттыкка" айтып берди:
"Биз беш адам болуп Адыгене суусу жакка бара жатканбыз. Жарым жолго барганда Амирди жолуктурганбыз. Жаш бала экен, мурду кызарып, үшүп калыптыр. Аябай жука кийинип алган экен, баш кийими жок, күрмөсү да жука болчу. Биз ага ысык чай берсек, ичпей койду. "Тоого барба, артка кайт" десек, уккан жок. Электронун токтоочу жайынан тамактанганбыз, бизге аябай таттуу алма берген. Андан ары өз жолубуз менен кеткенбиз. Ал калыңыраак курткасын кийип жатканын көргөнбүз. Кийинчерээк Адыгене тараптан бир өспүрүм бала жоголгону тууралуу маалымат укканда ал экен деп ойлогон эмесмин. Анткени Амир күчтүү, өз курагынан улуу көрүнгөн эле. Биз аны менен эки сааттай чогуу жөө жүргөнбүз. Шамал болуп, кар жаап жаткандыктан Электронун токтоочу жайынан артка кайттык, ал андан ары кеттик. Биз ошондо эле чукул кызматтарга чалсак болмок экен деп, азыр өкүнүп турабыз. Аны артка кайтарууга жакшы эле аракеттенип айтканбыз, бирок бизди укчудай түрү көрүнбөдү".
14 жаштагы Амир Кунакунов Бишкектеги "Маариф" мектебинде окуган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновдун уулу экени белгилүү болду.
Маркумдун эжеси Агынай Полотова баланын жоголгону боюнча соцтармакта маалымдап, бийликтен аны табышып коюуга жардам сураган. 9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдү издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Издөө операциясына ӨКМдин кызматкерлеринен тышкары альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар жана тик учактар да катышкан.
Жакындары билдиргендей, ал 7-ноябрь күнү эртең менен Ала-Арча капчыгайында өтө турган чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйүнөн чыгып кеткен.
"ӨКМге өзү чалса, эмнеге ыкчам чара көрүлгөн эмес?"
Кечке жуук бала өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. ӨКМдин куткаруучулары 8-ноябрда Кунакуновдун асынма баштыгын табышкан. Маалыматка ылайык, куткаруучулар Амирдин баштыгын ал телефон чалган жерден алыс аймактан табышкан.
Жакындары Амирдин телефону 8-ноябрда саат 05:05 чамасында Аламүдүн районундагы Чыгыш айылынан белги берип, кайра жоголуп кеткенин журналисттерге билдирген.
9-ноябрда саат 16:00 чамасында өспүрүмдүн сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылганын “Азаттыкка” ӨКМдин издөө жана куткаруу ишин координациялаган кызматкери Нурлис Нурмамбетов ырастады. Министрликтин баштапкы маалыматына караганда, өспүрүм суука тоңуп каза болушу ыктымал.
Учурда өспүрүм 7-ноябрда адашып кеткени тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар берген соң куткаруучулар эмне себептен издөөнү баштаган эмес деген суроо талкууланып жатат. Соцтармактын айрым колдонуучулары эртерээк издөө иштери башталганда өспүрүм аман калат беле деген пикирлерди жазууда.
Журналист, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов ӨКМ кайдыгерликке жол берген жана бул үчүн министр кызматтан кетиши керек деп эсептей турганын билдирди:
"Эгерде бул бала таасирдүү бир үй-бүлөнүн уулу болсо же ордунда мамлекеттик таасирдүү бир кызматкер же жетекчи тоодо адашып калган болсо ӨКМ түнү менен куткаруучуларын, тик учагын жиберип, куткарып келмек. Балким андай болгон деле болуш керек. Министрликте мыкты куткаруучулар бар, заманбап техника менен жабдылган, 3-4 тик учагы бар. Бала сигнал берип, кайрылганда эле аларды Ала-Арчага жиберип, караңгыда болсо да тик учак менен бийикке чейин жеткирип, андан ары куткаруучуларды жиберип, тез аракет кылганда өмүрүн сактап калууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал күнү көңүл бурулган жок, эртеси күнү да жакшы көңүл бурулбады - тик учак пайдаланылган жок. Дүйшөмбү күнү гана Министрлер кабинетинин төрагасы өзү киришип, тапшырма бергенде гана анан тик учак менен издеп, сөөгүн таап келишти. Демек, учурунда, өз убагында эч кандай аракет болгон эмес. Бул жерде ӨКМдин жетекчилеринин кайдыгерлиги жана адам өмүрүн сактап калууга ыкчам аракет кылбаганы үчүн гана көчөт баланын өмүрү кыйылды. Сөзсүз эле Министрлер кабинетинин төрагасы же президент өзү киришип, тапшырма бергенче кыймылдабай отуруп албай, өздөрү билип жасашы керек болчу. Министр өзү баш болгон жетекчилер элден кечирим сурап, кызматтан кетиши керек".
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Фейсбуктагы баракчасына баланы издөө иштери кеч башталганын жазды.
"Ал өзү адашкан күнү эле, 7-ноябрь кечинде ӨКМге чалган экен. Эмне үчүн дароо эмес, эртеси 8-ноябрда гана издеп башташты? Эмне үчүн телефонун пеленг кылып, ордун аныктап, дароо табышкан жок?".
Жарандык активист Эрлан Бекчоро ӨКМге өткөрүлүп берилген тик учактар жана заманбап техника кайда эле деген суроо коюуда. Анын пикиринде, мекеме Амирдин окуясындай өзгөчө кырдаалдарга даяр эместигин көрсөттү:
"Элдин сыны жөндүү. Анткени буга чейин ӨКМ заманбап техника, анын ичинде тик учактарды сатып алганын байма-бай мактанып келген. Амир өзү жансоогалап ӨКМге кайрылганда ошол техника эмне үчүн колдонулган жок? Мындай учурда жардам бере албаган техниканын анда эмне кереги бар? Же алар ишкерлерге жана башка адамдарга кызмат көрсөтүү үчүн эле алынганбы? Эгер Амир ошол чокудан бийликти сындаган видео жарыялаганда, тиешелүү мекемелер дароо мобилизацияланып, түн болсо түнү, күн болсо күндүз издеп таап, алып келип камакка алышмак деген пикирлер айтылууда. Азыр бийликтин эң туура кадамы Амирдин ата-энесинен кайдыгерлик үчүн кечирим сурап, анын атасы Максат Кунакуновду үй камагына чыгарып, тергөөнү ошол шартта улантуу болмок".
Коомчулуктун көңүл чордонунда турган окуя тууралуу атайын кызматтын жана ӨКМдин мурдагы жетечиси Камчыбек Ташиев да үн катып, өзгөчө кырдаалдар министринин жоопкерчилиги каралышы керектигин билдирди. Анын билдирүүсүн тарапташы Өткүрбек Рахманкулов жарыялады.
"Коркунучта калган адамдын өзү байланышка чыккан соң, куткаруу чаралары ыкчам уюштурулуп, колдо бар бардык күч жана каражаттар колдонулушу керек. Министр дароо абал тууралуу доклад алып, жогору жакты күтүп отурбастан дароо куткаруучу кызматтар менен оперативдүү куткаруу операциясын уштуруп, окуя болгон жерге жетиши керек. Ал жакта өзү операцияны башкарып, акыр-аягына чейин жүрүшү керек. Эгер азыркы министр жогоруда айтылган бардык аракетти көргөндөн кийин дагы адам өмүрүн сактап кала албай калса, анда колдон келбей турган да жагдайлар болгону айтылат. Эгер мындай аракет көрүлбөсө, анда анын жоопкерчилиги каралышы керек."
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев журналисттердин суроолоруна комментарий берүүдөн баш тартканы белгилүү болду.
Ал эми анын орун басары Алмазбек Асанов мекеме бул трагедия үчүн моралдык күнөөнү сезип жатканын айтты:
"[Кимдир бирөөгө] эмес, фактыга байланыштуу кызматтык териштирүү жалпы жүргүзүлөт кандай иш-чаралар болгон, эмне болгон, андан кийин бөлүнөт ичинен. Өзүбүздүн юридикалык бөлүм бар, ошонун ичинде атайын бөлүмчө бар иликтөө жүргүзө турган. Биз өзүбүздүн моралдык күнөөбүздү сезебиз. Кечээ прессага да бергенбиз, биз эч жашырган жокпуз убактысын, канчада келгенин, эмне болгонун, канчада чыкты биздин балдар, канчада жетти. Бурмалабай жеткирип жатабыз. Иликтөө бүткөндө кошумча маалымат беребиз".
ӨКМдин маалыматы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 9-ноябрда түшүндүрмө берип, каргашалуу окуяны бир нече жагдайга байланыштырды.
"7-ноябрда саат 19:02де 112 номуруна 2011-жылы туулган жаран кайрылып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. Диспетчер аны менен сүйлөшүп, куткаруучулар борборуна жарандын телефонун берген. Алар адашып кеткен жаран менен байланышып, кайсы жерде турганын тактаган, алынган маалыматка караганда, жаран Электро чокусунун аймагында болгон. Бул учурда "Эдельвейс" куткаруучулар тобу Рацектин кепесинин аймагында башка адамдарды эвакуациялап жатышкан. Саат 22:00дө куткаруучулар жарандын жоголгону тууралуу маалымат алышкан, ага чейин байланышууга тоолуу аймакта белги жакшы кармабаганы үчүн мүмкүн болгон эмес. Куткаруучулар издөө иштерин баштай турган жерге Рацектин кепесинен түшүп келүүгө эки сааттай убакыт кеткен, түнкү саат 12:00 чамасында үч куткаруучу жаранды издөө үчүн Электро чокусуна жөнөгөн", - деп айтылды маалыматта.
ӨКМдин издөө иштери 8-ноябрга караган түнү жана эртеси күндүз уланган. Ал күнү куткаруучуларга кошумча адамдар тартылган. 9-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында куткаруучулар баланын сөөгүн таштан табышкан. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал тоңуп каза болушу ыктымал.
"Бул жөн гана шалаакылык эмес, системанын көйгөйү"
Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалдар министрин же анын жетекчилерин кызматтан алуу менен маселе чечилбей турганын, тоо треккингин уюштуруу системасын өзгөртүп, коопсуздук талаптарын катаалдатуу зарыл экенин айткандар да болууда.
Акыркы жылдары альпинизм менен алектенип жүргөн Илим Карыпбеков жалгыз өзү тоого чыгууга чектөө киргизип, атайын лицензиясы бар коштоочу гид менен гана уруксат берүү керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Ала-Арчадагы ӨКМдин куткаруучуларынын санын көбөйтүп, техникалык базасын чыңдоо зарылдыгын айтты:
"Тилекке каршы, Амирдин кайгылуу окуясы бир нече күн талкууланып, анан унутулат. Бул окуядан сабак алынбайт. ӨКМ болсо Ала-Арчага дагы бир куткаруучу топ кошушу мүмкүн, бирок ошону менен эле токтоп калат. Натыйжада Амир сыяктуу жигиттер, тилекке каршы, дагы курмандык боло берет. Ошентсе да бул окуядан кийин акыл-эстүү өкмөт жана бул багытта иштеген жарандар, анын ичинде Эдуард мырза маселе көтөрөт деп ишенем. Ал бийлик өкүлү гана эмес, Альпинизм федерациясынын жетекчиси дагы. Ошондуктан коштоочу гиддердин лицензиялоо системасын жолго коюп, каалаган адамдын жалгыз өзү тоо чокуларын багындыра беришине жол бербеген тартип киргизет деп үмүттөнөм. Башка арга жок".
Карыпбековдун айтымында, акыркы кезде жаштар арасында тоо чокуларына жалгыз чыгуу модага айланып, жетиштүү даярдыгы жок эле тоого жөнөгөндөр көбөйдү. Мындай учурлар жараат алууга жана кырсыктарга алып келүүдө.
"Ала-Арчага ӨКМдин куткаруучу бригадасы коюлганына үч эле жыл болду. Аларды да биз, Альпинизм федерациясы, окутуп даярдаганбыз. Алар кайрылгандарга жардам көрсөтүп жүрүшөт. Бирок тоодогу куткаруу иштери өтө татаал экенин да эске алышыбыз керек. Мен тоого чыккандарга дайыма айтып келем: ӨКМге гана үмүт артып коюуга болбойт. ӨКМге үмүт артуу деген, жок дегенде кабар берип калсаң, бирөөлөр издеп чыгат деген эле кеп. Эң башкысы, адам өзү даяр болушу керек. Ал бийиктикке чыгууга физикалык жактан даярбы, керектүү жабдыктары, жылуу кийими, азыгы барбы, ушулар маанилүү. Тоодо жаз же жай деген түшүнүк жок, жайкысын деле кар жаайт. Ошондуктан ӨКМге дагы беш куткаруучу кошуу же жетекчисин кызматтан алуу менен эле маселе чечилбейт. Эгер система түп-тамырынан өзгөрбөсө, мындай кырсыктар дагы кайталанышы мүмкүн. Амир адашып калганын айтып ӨКМге кайрылган. Колл-борбордогу кызматкер маалыматты кабыл алып, Ала-Арчадагы топтун келишин күткөн. Ал учурда алар Рацек аймагында башка адамды куткаруу иштеринен кайтып келе жатышкан. Чарчап турган адамдардан кандай ыкчам чара күтүүгө болот? Бул жөн гана шалаакылык эмес, системанын көйгөйү".
ӨКМдин карамагындагы атайын тик учактар
Расмий маалыматтарга караганда, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында үч тик учак бар. Алардын баары азыркы бийликтин тушунда алынган.
Алгачкысы 2022-жылдын август айында алынган төрт орундуу Airbus H125 тик учагы ӨКМдин балансына өткөрүлүп берилген. Ошол эле жылы ушундай үлгүдөгү сегиз орундуу дагы бир тик учак мамлекеттик бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынып, министрликтин балансына берилген.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, аталган тик учактар эң заманбап жабдылып, өзгөчө кырдаалда адам өмүрүн сактап калууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
2023-жылдын 17-октябрында президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын ыкчам жардам көрсөтүүсүнө багытталган» Ми-8МТВ-1 тик учагын тапшырганы маалымдалган.
Маалыматтарда Ми-8МТВ-1 тик учагы 24 орундуу экени, бейтап ташууга ылайыкташканы, аба ырайы начар шартта аэродромдон да, атайын даярдалбаган аянттардан да күнү-түнү учуп, жүктөлгөн милдетти аткара алары белгиленген.
Тик учакты тапшыруу учурунда мамлекет башчы: «Ми-8 эң заманбап авиациялык талаптарга жооп берет. Ал издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган. Бул ӨКМдин алдында турган милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн абдан зарыл», - деп билдирген.
Бирок коомчулукта бул тик учактар коммерциялык багытта кызмат кылган учурлары үчүн көп сын пикирлер айтылып келген.
Вебкам иши боюнча тогуз жылга эркиндигинен ажыратылган Даниэл Ажиев быйыл мартта президент Садыр Жапаровдун ырайымын алганда абактан тик учак менен чыгып кеткени коомчулукта нааразычылык жараткан.
Ошондой эле бул учактар жаштардын колун сураган үлпөттөргө да тартылганы тууралуу видеолор жарыяланган. Бул окуя боюнча министрлик түшүндүрмө берип, тик учак расмий түрдө ижарага берилгенин жана кызмат көрсөтүүнүн акысы толугу менен төлөнгөнүн маалымдаган.
ӨКМ тик учактар узак убакыт пайдаланылбай туруп калса белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин учууга жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин белгилеген. Мекеменин маалыматына караганда, Airbus H125 тик учагын саатына 157 миң 662 сомго, ал эми Airbus H145ти саатына 262 миң 770 сомго ижарага алууга болот.
2024-жылы июль айында Ноокат районунда сел жүрүп, жайлоодо калып калган жарандарды куткаруу иштерине тик учактын дароо тартылбаганы да социалдык тармактарда сынга алынган. Министрлик ошол күнү аба ырайынын шарттары туруксуз болгонун, ал эми эртеси күнү тик учак куткаруу иштерине тартылганын билдирген.
Шерине