Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Ысык-Көлдө селден бир адам каза болду, бир өспүрүм дайынсыз

Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосунда сел жүргөн жер, 5-июнь, 2026-жыл
Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосунда сел жүргөн жер, 5-июнь, 2026-жыл

5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынан ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү. Ысык-Көл облусунун губернатору Бакыт Жетигенов ошол жерде туруп "Азаттыктын" журналистине айткандай, таксиде келаткан бир жаран набыт болду, аны менен чогуу отурган 8-класста окуган өспүрүм дайынсыз. Аны издөө уланууда. Жер көчкү түшкөндө төрт машине жолдон чыгып, ылай-баткак басып калган. Машиненин айдоочусу Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, анын абалы туруктуу экени кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Темирбеков журналисттерге жолдон өтүп бараткан эки машине баткакка батып калганын айтты. Бир машинеде бараткан үч киши сыртка чыга качканга үлгүрсө, эки жүргүнчү ичинде калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун адистери жеринде иштеп жатат. Түнкү саат 1лерде жол ачылганы маалым болду.

5-июнь күнү саат болжол менен 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосунда сел жүрүп, кара жол убактылуу жабылып калган. Күбөлөр социалдык тармактарга жеринен видео тартып жүктөп, бир нече автоунааны сел көл тарапка агызып кеткенин айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG