Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Кыргызстан авиациялык издөө-куткаруу системасын жаңыртууну көздөп жатат

Жеңиш чокусу.
Жеңиш чокусу.

Жарандык авиация агенттиги "КРАЭ-12. Издөө жана куткаруу» актуалдаштыруу " аттуу жаңы авиациялык эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ 2016-жылдан бери колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларды жаңыртуу жана аларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) талаптарына ылайык келтирүү максатын көздөйт.

Долбоор мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүүгө, издөө, куткаруу координациялык борборунун жана тартылып жаткан күчтөрдүн даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле эскирген жана кайталанган жоболорду жоюуга багытталган.

Документте белгиленгендей, мамлекеттик авиациялык издөө-куткаруу системасы бекитилет. Мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдү жарандык авиация органы жүзөгө ашырат. Издөө-куткаруу операцияларын ыкчам координациялоону Аскердик секторунун базасындагы издөө-куткаруу боюнча координациялык борбор жүзөгө ашырат.

“Бишкек” жана “Ош” учуу маалымат райондорун камтыган бирдиктүү издөө жана куткаруу району (SRR) белгиленет. Ички райондор, секторлор жана аймактар күчтөрдү жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү үчүн колдонулат, бирок өз алдынча издөө жана куткаруу райондору болуп саналбайт. Зарыл болгон учурда издөө иштерине Саламаттык сактоо, ИИМ жана жергиликтүү бийлик менен жарандык коргонуу системалары тартылат.

Кыргызстанда соңку учурда адамдар ар кандай шартта сууга чөгүп каза болгон, дайыны табылбай жаткан окуялардын бир нечеси катталды. Арасында бийик чокуларга чыгып, издөөгө алынган чет элдик альпинисттер дагы бар.

2025-жылы орусиялык альпинист Наталья Наговицина Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунан түшүп келе жатканда бутун жабыркатып алган.

Кийин уюштурулган куткаруу операциясы натыйжа берген эмес. Аба ырайынын өтө оор шарттары жана каттамдын татаалдыгы спортчуну эвакуациялоого мүмкүндүк берген эмес. Операция учурунда үч альпинист каза болуп, дагы экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле куткаруучуларды ташып бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыктап, экипаж мүчөлөрү жараат алышкан.

Быйыл августта Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин экөөнүн сөөгү 25-августта тик учак менен тоодон түшүрүлгөн. Үчүнчү альпинистти издөө иштери убактылуу токтотулганын билдирген. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG