Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Таласта "Айтматов ааламы" тарыхый-мемориалдык комплекси ачылды

“Айтматов ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык комплекси
“Айтматов ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык комплекси

Таластагы Шекер айылында 12-сентябрда “Айтматов ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык комплекси ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров баштаган бир катар интеллигенция өкүлдөрү барды.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров "Айтматов ааламы” комплекси жөн гана музей эмес, маданияттын, илимдин, агартуунун жана руханий тарбиянын борбору болууга тийиш деп айтканын жазды.

“Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү. Анткени Айтматов – адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырган, ар кыл маданияттар менен диндердин карама-каршылыгын эмес, алардын өз ара түшүнүүсүн жана диалогун жактаган, келечек үчүн коңгуроо каккан жалпы адамзаттык деңгээлдеги нравалык лидер!", - деди Садыр Жапаров.

Комплекстин аймагында маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган амфитеатр, улуттук маданиятты чагылдырган боз үйлөрдү тигүү үчүн аянтчалар, ошондой эле туристтердин эс алуусу жана тейлөө үчүн зарыл инфраструктура жайгашкан.

2025-жылы октябрь айында 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо жарлыгына кол коюлган. Ага ылайык, быйыл жыл башында Айтматовдун 100 жылдыгына карата иш-чаралардын планы бекитилген. Айтматов районунун Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музейи “Айтматов ааламы” болуп өзгөрүп, ал жерде эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык курулуш иштери жүрө турганы айтылган.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылы 80 жашында дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң нуска менен чыгып келет.

Айтматов 1986-1991-жылдары Кыргызстандагы Жазуучулар бирлигин жетектеген. 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы, 1994-2006-жылдары Кыргызстандын Бельгиядагы, Люксембургдагы, Нидерланддагы, Франциядагы элчиси болгон. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG