Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, "кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткарган" деген айып тагылган Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.
Сот бул ишти 10-сентябрда карап, Ленин райондук сотунун пробация колдонуу чечимин өзгөрткөн.
Жактоочу Евгения Крапивина дагы бул тууралуу социалдык тармактарда айтып чыгып, дарыгердин жаш балдары бар экенин белгилөөдө.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди быйыл 18-февралда кармап, ага "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Кийин ал үй камагына чыккан.
Дарыгер аталган ооруканада мурда дарыланган бейтап кыздын энесинин арызы боюнча кармалган. Апасы милицияга 2024-жылы 13 жаштагы кызы туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө мажбур болгонун айтып кайрылган.
Бейшебаеванын кармалышын Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасында сынга алган. Ал кандайдыр бир оорунун оор кесепети үчүн бир эле дарыгерди күнөөлөө адилетсиздик болорун белгилеген. Сот учурунда дарыгерди кесиптештери да колдоп чыккан.
Кыргызстанда бейтаптардын өлүмү же башка себептер менен дарыгерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар мурда да катталып келген.
Ошол эле учурда бейтаптардын жакындары медицина кызматкерлерине күч колдонуп, сабаган учурлар да арбын.(КЕ)
Шерине