"Кызымдын бутунда тромб бар экенин кийин билдик"
Бишкектин тургуну, жалгыз бой эне Зульфия Стамкулованын кызы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2024-жылдын 11-октябрында "нефротикалык синдром" менен түшкөн. Өспүрүм шишип, бөйрөгүндө мандем бар деп, борбордун нефролог дарыгери Насира Бейшебаева карай баштаган. 29-октябрда кыздын "заарасында белок жок, абалы туруктуу "деп үйүнө чыгарган. Бирок 2-ноябрга караган түнү Стамкулованы кызы ойготуп, оң буту тизеден ылдый чыдатпай оорутуп жатканын айткан.
Стамкулова дарыгер Бейшебаевага чалып, кызынын абалын түшүндүргөндө кайра ооруканага алып келгиле деген. Бейтапканада дарыгер өспүрүмгө тамчылатып кальций сайдырып, дарылоо башталган. Бирок күн өткөн сайын кыздын абалы оорлоп, 9-ноябрда эсин жоготкон.
"Ошо маалда Кундуз Алмазбековна деген дарыгер чуркап келип, кызымдын бутун кармап көрүп, Назира Адылбековнанын сөзүн төгүндөп, бул кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн бейтабы экенин, кальцийден эместигин айтты. "Биздин оорулуу болгондо кыздын буту муздабайт эле" деп калчылдай түштү. Ага чейин берки врач аны билген да эмес. Биз ошондо гана кызымдын бутунда тромб бар экенин, буту ошондуктан чыдатпай ооруп жатканын билдик".
Дарыгерлер ошол күнү консилиум уюштуруп, дагы кошумча эки дары жазып, дарылоону уланткан. Ошол эле учурда кыздын бутун сандан ылдый кесүүгө туура келери да айтылган.
25-ноябрда Стамкулованын жакындары Стамбулдагы жеке клиникалардын бири менен кабарлашып, кызын Түркияга алып чыгып кеткен. Ал клиникада кыздын бутунда бир эмес бир нече тромб уюп калган деген негизде операция жасалган. Жети айга созулган дарылануу учурунда кыздын бутун сактап калуу мүмкүн эместиги айтылып, оң бутун тизеден ылдый кесишкен.
2025-жылдын июнь айынын этегинде Бишкекке кайтып келгенден кийин Стамкулова 25-августта УКМКга арыз менен кайрылган. Бул мекеме ишти Ленин райондук милициясына жөнөткөн. Ошол маалда жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "дарыгердин күнөөсү жок" деп, иш кыскартылган.
Дарыгерге козголгон кылмыш иши
Стамкулова буга макул болбой, президенттин администрациясына кайрылып, иш Башкы прокуратуранын кароосуна, андан кийин Бишкек шаардык милициясына түшкөн. Милиция аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) 2-бөлүгүнө (Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун) ылайык иш козгогон. Буга экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы негиз болгон.
"Тромб бар экенин Насира Бейшебаева аныктай алган эмес. Ал биз 2-ноябрдан 24-ноябрга чейин ооруканада жаткан убакытта бир да жолу кызымдын бутун кармап, толук текшерген эмес. Кызым жан чыдагыс оору болуп атат деп ыйлаганынан мен карап тура албай Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директоруна чейин кирдим, ал да жардам берген жок мага. Түркиядагы дарыгерлер биз убакыттан уттуруп ийгенибизди айтышты. Эгер 72 сааттын ичинде операция кылдырганыбызда тромбду алып, кызымдын бутун сактап калуу толук мүмкүн болчу экен. Бирок булар диагнозду туура койбой, бизди "кальций жетишпейт, COVID менен ооруган" деп эле дарылай берген. Бул дарыгердин түздөн-түз шалаакылыгы, биз аларга кызымдын өмүрүн ишенсек, алар бизди майыптыкка түрттү. Ошондуктан мыйзам алдында жооп берсин. Бүгүн менин кызым, эртең ким? Бул көрүнүш токтош керек".
Стамкулова азыр кызы протезге муктаж экенин, мектептен калып онлайн окуп жаткан өспүрүмдүн психологиялык абалы да оордугун айтууда. Ооруп калганга чейин кызы спорттун бир нече түрүн жактырып, өз алдынча машыгып, мектепте дене тарбия сабагынан мыкты жыйынтык көрсөтүп келген активдүү окуучу болгон.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди быйыл 18-февралда кармап, ага "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон.
19-февралда Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин камакка алынган Бейшебаеваны үй камагына чыгарды.
Дарыгердин бөгөт чарасы каралып жаткан маалда соттун алдында анын ондогон кесиптеши чогулду.
Министрликтин штаттан тышкаркы башкы нефрологу Динара Айыпова дарыгерди камоо менен маселени чечүү болбой турганын, анын ордуна дыкат иликтөө жүргүзүү керектигин айтты.
"Аны кармоо жана камакка алуу жол берилгис көрүнүш. Себеби нефрологдун иши өтө оор. Өзгөчө коронавирустан кийин патологиялык оорулар өто татаал жана оор өтүп жатат. Башкача айтканда, бейтап бир оору менен келсе анын башка органдары да жабыркаганы аныкталууда. Буга Насира Бейшебаеванын бейтабы далил болуп бере алат. Ал бөйрөгү ооруп келген, бирок ошол оору башка органдарына да залакасын тийгизген. Ошондуктан дарыгерди минтип жазалоо болбойт".
Кесиптештери айткандай, 30 жылдык тажрыйбасы бар Насира Бейшебаева Кыргызстандагы саналуу нефролог дарыгердин бири. Балдардын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча жалгыз дарыгер-трансплантолог.
"Тийиштүү чаранын бардыгы көрүлгөн"
Улуттук борбордун башкы дарыгери Айна Жетыбаева кыз мекемеге үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун багыттамасы боюнча 2024-жылдын 11-октябрында "гломерулонефрит" деген диагноз менен түшкөнүн билдирди. Өспүрүмдүн бети, денеси шишип кеткен. Бейтап ооруканага түшкөн биринчи күндөн тартып бардык керектүү текшерүү жана дарылоо чаралары көрүлгөн.
"Ооруканага жаткырылгандан кийинки үчүнчү күнү ага коюлган "курч гломерулонефрит, нефротикалык синдром, активдүү стадия" деген диагноз тастыкталган. Борбордо дарылоонун 18-күнүндө негизги оору боюнча жарым-жартылай ремиссия болгон. 11-ноябрда доплер УЗИ (ультра үндүү изилдөө) аркылуу бейтаптын оң бутунун тизе алдында артерия жана тамырларында тромбоз бар экени аныкталган. 14–21-ноябрь күндөрү Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургдарынын жана жеке клиниканын сунуштары боюнча кошумча текшерүү жана дарылоо улантылган. Дарыгерлер Санкт-Петербург жана Москва шаарларындагы кесиптештери менен онлайн кеңешкен. Бардык консультанттар айкалышкан операция жасоо зарылдыгын белгилешкен, ошол эле учурда консервативдүү терапия жүргүзүлгөн. Кан тамырларда тромб пайда болушунун мүмкүн болгон себептеринин бири катары оор нефротикалык синдром жана кыздын мурда COVID-19 менен ооруганы көрсөтүлгөн".
Жетыбаеванын айтымында, 21-ноябрда Улуттук госпиталдын базасында кеңейтилген дарыгерлик консилиум өткөрүлгөн. Ага кан тамыр хирургдары, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, кыздын туугандары жана кыз өзү катышкан.
Консилиум консервативдүү терапияны улантуу чечимин кабыл алган. 23-ноябрда оң бутун сандан ылдый ампутациялоо керек экени айтылып, бирок өспүрүмдүн жакындары андан баш тарткан.
"Дарыгер кудай эмес"
Медицина тармагы боюнча эксперт Гүласыл Сутуева дарыгерге кайсы бир айып тагылганда чын-төгүнү далилденгиче аны кармап, камап коюу туура эмес экенин, маселени күч эмес, мыйзам менен чечүү зарылдыгын айтууда:
"Дарыгерлерди суракка чакырып, сотто күнөөсү аныкталып, далилденсе, түрмөгө жөнөтсө болот. А бирок азыр дароо баса калып убактылуу кармоочу жайга киргизүү эң жаман прецедент. Дал ушундай прецедент менен биз эртең дарыгерлерибизден айрылып калабыз, алар баары чет жакка кетет. Биз, себеби, алар үчүн кооптуу өлкөгө айланып калдык. Медиктер эч убакта бирөөгө зыян кылып коеюн дебейт, алар жардам көрсөтөм деп аракет кылат. Дарыгер кудай эмес".
Бул ишке байланыштуу үч жолу соттук-медициналык экспертиза өткөрүлгөнү, анын жыйынтыгы менен тараптар толук тааныша электиги маалымдалды. Эки тарап тең укук коргоо органдарынан бул ишти акыйкат кароону талап кылып, өлкө жетекчилигин жагдайга көңул бурууга чакырып жатышат.
Кыргызстанда дарыгерлердин үстүнөн даттанган учурлар буга чейин да болгон. 2023-жылдын январь айында ушул эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алты дарыгери кармалган. Алар үч жашар баланын өлүмүнө айыпталган эле.
Дагы бир окуя 2023-жылдын 18-декабрында катталган. Анда стоматологдордун алты сааттык операциясынан кийин үч жашар кыз чарчап калган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2024-жылдын 23-декабрында стоматолог Айганыш Кадыркулованы беш жыл алты айга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары анестезиолог Айнура Туратбекова алты жылга кесилген.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 6,5 миң дарыгер, 8,5 миң медайым, 3,5 миң санитардык кызматкер жана 2 миң техникалык тейлөөчү адис жетишпейт.
Шерине