Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

"Хижамага беш жолу алып барышкан". Өзгөндө эки айлык ымыркай чарчап калды


Балдар ооруканасы. Иллюстрация сүрөт.
Балдар ооруканасы. Иллюстрация сүрөт.

Ош облусунда эки айлык ымыркайдын өлүмүнүн себептери териштирилип жатат. Баланын жакындары аны денесин тилдирип, кан чыгаруучу процедурага алып барып жүрүшкөнүн билдиришти.

Дарыгерлер наристени мындайга бир эмес, бир нече жолу алып барышканын, ооруканага ал өтө оор абалда жеткирилгенин айтышты. Адистер гемоглобини кескин төмөн болгонуна бир нече жолу жасалган кыйма (хижама, тилме) себеп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы балдар ооруканасында 21-январь күнү эки айга толо элек ымыркай чарчап калды. Дарыгерлер наристе аларга өтө оор абалда келгенин, канынын гемоглобин көрсөткүчү аябай төмөн болгонун айтып жатышат.

Ымыркайдын мындай абалына буга чейин кыйма жасалганы себеп болушу мүмкүн дешет.

Өзгөн райондук ооруканасынын дарыгери Нарбек Адылбаев "Азаттыкка" буларды айтып берди:

"Денесинин температурасы жакшы эле, 36'9 болчу. Дароо эле кислород аппаратына уладык. Биринчи жардам көрсөттүк, бала бир аз эмип калды. Гемоглобини өтө төмөн, 43 болуп келди бизге. 43 деген бул аябай аз да бир жарым айлык балага. Бизге келген убакта кан кетүү жок болчу".

Ымыркайга дарыгерлер кан куюшкан, бирок ага карабай наристе 21-январь күнү эртең менен чарчап калган.

"Биз сураганда "далысын тилдирип жатканбыз, беш жолу алып бардык" деп кийин айтышты. Акыркы 2-3 жолу барганда кан токтобой, көп кетиптир. Кан куйдук 70 миллилитр. Баланын салмагы 5 кг 200 грамм болчу. Жардам бербеди. Эртең менен 08:10дордо абалы начарлай баштады. Бала карыша баштады", - дейт Нарбек Адылбаев.

Ымыркайдын чоң атасы менен байланышканыбызда ал балага кыйма кылдырганына он күнгө чамалап калганын айтып, учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын билдирди:

"Кыргызчылык кылып аркасынан кичине-кичине лезвие менен тилдирип коёт. Он күн мурун бүткөн ал. Кечээ экспертиза кылганда анын тиешеси жок деди. Эми муну тергөө тактайт да. Түштөрдө ыйлап калды. Анан эмнеге ыйлап жатат, ооруканага алып баргыла десем ашказанына суук тийип калган окшойт деп калышты. Ошентип, саат 4-5 болду, 5-6да жөнөдү. 7:30да Мырза-Акеге барган экен. Мырза-Акеден Өзгөнгө жөнөтүптүр. Өзгөндө ушундай иш болуп жатат".

Жарык дүйнөгө жаңы келген баланын өлүмү менен аяктаган окуянын чоо-жайын азыркы тапта Өзгөн райондук милициясы териштирүүдө.

"Экспертизанын жыйынтыгына жараша болот чечимдер. Азырынча күбөлөр гана суралып, экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат", - деди Ош облустук ишчи иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Байтиков.

Адистер наристеге кыйма кылдыруу өтө кооптуу экенин, аз эле кан жоготуу ымыркайды өлүмгө алып барарын эскертет.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова Кыргызстанда хижама, кыйма, тилме сыяктуу процедураларга уруксат жок экенин, тилекке каршы, мамлекет жарандарын мындай амалдардын кесепетинен коргоо үчүн тийиштүү көзөмөлүн да жүргүзө албай жатканын билдирди:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Бул процедура көзөмөлгө алынган эмес. Ошондуктан кооптуу. Өзгөчө балдар үчүн коркунучтуу. Анткени жаңы төрөлгөн наристе кан жоготууну өтө оор көтөрөт. Кечээки окуяда бала болгону эки айлык. Мындай учурда 50 миллилитр кан жоготуу эле өлүмгө алып келиши мүмкүн. Кан басымы кескин түшүп, жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар. Кыргызстанда бул процедура мыйзамсыз. Ошондуктан ал жерде болгон аракеттерге Кылмыш-жаза кодексиндеги беренелердин алкагында чара көрүлүшү керек. Негизи эле эмчи-домчу, табыптарга балдарды кабыл алууга кескин тыюу салуу зарыл".

Хижама жасатканда адамдын денесиндеги кайсы бир жерлерин тилип, канын чыгарышат.

Кыргызстанда ал дарылануунун расмий ыкмасы катары сунушталган эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дайыма эскертүү берип келүүдө. Кан жоготуудан тышкары кан аркылуу ар кандай оор илдет жугуу, кан кетүү, абалдын оорлошу, башка оорулардын козголушу сыяктуу коркунучу өтө жогору экени эске алынып, лицензия берилбейт.

Кыйма жасаткандан кийин оорусу күчөп, кишилер каза болгон учурлар буга чейин да катталган.

Өзгөндөгү окуя социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып, аман-эсен төрөлгөн, таптаза эне сүтү менен чоңоюп, эми гана жашай баштаган наристеде кайдагы бузук кан болмок эле деп ата-энесин, жакындарын айтыптагандар көп.

Норма боюнча эки айга чейинки балдарда гемоглобин көрсөткүчү 150-240 г/л болушу шарт.

Ал эми Өзгөндө чарчап калган ымыркайдыкы, жогоруда дарыгер айткандай, 43 г/л болчу.

"Беш жолу далысын кыйдырган". Милиция ымыркайдын өлүмүн териштирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG