Бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы расмий белгиленип жатат. Шаардын борбордук аянтында мамлекеттик туу көтөрүлүп, расмий салтанатка президент Садыр Жапаров катышты.
Президент мамлекеттик туу ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенин белгиледи.
“Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, “Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!" деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кулагында жаңырып турушу керек”, - деди Жапаров.
Мамлекет башчы эгемендик алган 35 жылда Кыргызстан башынан көп сыноолорду өткөргөнүнө токтолду:
“Кыргызстандын эгемендигинин соңку 35 жылдык тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз".
Ушул эле күнү президент Талас облусунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун ачылышына катышууда. Алардын арасында "Акылман" лицейи, жаңы мечит, жаңыланган "Манас Ордо" комплекси, ошондой эле "Айтматов ааламы" долбоору бар.
Маалыматка караганда, "Манас Ордо" комплексин реконструкциялап-жаңылоого 1,4 млрд сом каражат жумшалды. Маданий комплексте тарыхый багыттагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан ири жыйын залы, көп функционалдуу административдик корпус, алыс-жакындан келгендер үчүн бардык шарттары түзүлгөн зыяратчылар үйү, түлөөкана жана башка объекттер салынган. Аянты 700 чарчы метр болгон музей кошумча имараттар курулгандан кийин 1090 чарчы метрге кеңейтилген.
Бул жерде байыркы тарых тууралуу санариптик мүмкүнчүлүктөр аркылуу атайын экскурсиялар уюштурулуп, эми ар бир мейманга тарыхый маалыматтар заманбап форматта жеткириле турганы айтылды.
Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. Бул жолку көз карандысыздыктын 35 жылдыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракесине арналган саммитке жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туш келгендиктен Эгемендикти расмий белгилөөнүн датасы жылдырылган.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкөнүн аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, ошол эле жылдын 15-декабрында Эгемендик декларациясын кабыл алган. Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жарыяланган.
Кыргызстандын Эгемендик күнү былтыр Жалал-Абад облусунда белгиленген. (КЕ)
Шерине