Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Бишкектен Хайнань аралына түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Хайнань аралындагы Хайкоу шаарындагы жолугушуу. 2026, сентябрь.
Хайнань аралындагы Хайкоу шаарындагы жолугушуу. 2026, сентябрь.

Кытайдын Хайнань аралындагы Хайкоу шаарында Бишкек шаары менен Кытайдын Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу 10-сентябрда "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүгө кыргыз тараптан аталган ишкананын коммерция боюнча директору Аман Мамаев катышты. Жолугушуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн аймактык долбоорлорду коштоо борборунун колдоосу менен өттү.

Негизги тема 2026/2027-жылдардын кыш мезгилине пландалып жаткан Санья – Бишкек – Санья түз авиакаттамын ишке киргизүү болду.

Бул жолугушуу ШКУ саммитинин алкагында эки өлкө башчылары транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жетишкен макулдашуулардын практикалык уландысы экени белгиленди.

Санья Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждык эс алуу мүмкүнчүлүктөрү менен белгилүү болгондуктан жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнө тартат.

Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берген. Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөм төлөө, виза алуу үчүн документ топтоо жана консулдук мекемелерге кайрылуу түйшүгүнөн бошотулат.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG