Бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 35 жылдыгы расмий белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров катышып, аймакта 105 социалдык объекттин, 60 ишкананын ачылышы болот.
Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. Бул жолку Көз карандысыздыктын 35 жылдыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракесине арналган саммитке жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туш келгендиктен Эгемендикти расмий белгилөөнүн датасы бүгүнкүгө жылдырылган.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.
Кыргызстандын Эгемендик күнү былтыр Жалал-Абад облусунда белгиленген. (КЕ)
Шерине