Медициналык коомчулук нефролог Насира Бейшебаеванын ишин калыс карап, мамлекеттик органдардан ага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү маселесин кароону суранышты.
Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барыктабасова буга байланыштуу Фейсбук баракчасына кайрылуу жарыялап, кесиптештерин петицияга кол коюуга чакырды.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында Бейшебаева Насира Адылбековнага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик органдардан сурайбыз. Бүгүн биз үчүн бул жөн гана бир адамдын тагдыры эмес. Бул дарыгердин кадыр-баркы, медицина кызматкеринин укугу, ак халатчан адистин коомдогу орду жана адамгерчилик принциптери жөнүндө маселе", - деп жазган Барыктабасова.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаматты жана бир катар дарыгерлер социалдык баракчалары аркылуу кесиптешинин камалышына нааразылык билдирип, видео кайрылуу жарыялашты.
Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу анын жактоочусу Евгения Крапивина социалдык тармактар аркылуу билдирген.
Өкүм чыккандан кийин үй камагында отурган Бейшебаева айып изоляторуна киргизилген.
Нефролог Насира Бейшебаеваны үй камагына февраль айында Ленин райондук соту чыгарган. Эске салсак, дарыгер 2026-жылдын башында кармалган.
Буга Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун нефрология бөлүмүндө дарыланып жаткан өспүрүм кыздын апасынын арызы негиз болгон.
Бишкектин тургуну, жалгыз бой эне Зульфия Стамкулова өспүрүм кызы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2024-жылдын 11-октябрында "нефротикалык синдром" менен түшкөнүн, дарыгер аны текшерип, "заарасында белок жок, абалы туруктуу "деп тапкандан кийин абалы начарлаганын айткан.
Кызды туугандары дарылоо үчүн Түркияга алып барышкан, ал жакта текшерүүдөн өткөндөн кийин бутта бир канча тромб бар экенин айтышып, жоон сандан ылдый кесишкен.
Кыргызстанда бөйрөк оорусунан жабыркагандар нефролог дарыгерлер тартыш экенин айтып келишет.
Быйыл, апрель айында жумуш учурунда медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү сунушу берилген.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бир нече депутаты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, дарыгерге иш учурунда тоскоолдук кылып, ден соолугуна жеңил жаракат келтиргендерди эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталган. (ST)
Шерине