Австрия соту "Группа 24" тобунун мурдагы активисти Нуриддин Ризаини Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн четке какты. Сот отуруму 9-сентябрда Венада өттү.
Расмий Дүйшөмбү оппозиция өкүлүн экстремисттик уюмдун ишмердигине катышып, аны жүзөгө ашырууга чакырык жасаган, экстремизмди ачык актап, медиа каражаттары жана интернет аркылуу конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырган деп айыптоодо.
Ризаи "Озодиге" курган маегинде бул далилсиз, саясий өңүтү бар айыптоо экенин айтты.
Анын белгилешинче, сот отуруму 15 мүнөткө созулуп, судья активистти Тажикстанга экстрадициялоого негиз жок деген чечим чыгарган.
Нуридин Ризаи (чыныгы аты-жөнү Нуриддин Ганиев) Австрияда 11 жылдан бери жашайт жана бул өлкөдөн саясий башпаанек алган. 2021-жылы саясий ишмердигин токтотконун билдирген.
Былтыр Тажикстандын Ички иштер министрлиги оппозициялык уюмдардын 18 мүчөсүн экстрадициялоо боюнча Австриянын бийлигине өтүнүч жолдогон.
Буга чейин Австрия соту Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Фирдавс Шукуровду экстрадициялоодон да баш тарткан.
Август айында Тажикстан Шавкат Мухаммадды (Шавкатжон Шариповду), анын 76 жаштагы апасын, аялын жана бир тууганын экстрадициялоо өтүнүчүн четке кагып, аны негизсиз деп атаган.
Freedom House уюмунун маалыматында, 2021-жылы Тажикстандын бийлигин сындаган чет өлкөдөгү адамдарды уурдоо, куугунтуктоо жана аларга басым көрсөтүү боюнча 38 окуя катталган.
Шерине