Мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку кезде өз дарегине айтылган сынды президенттик шайлоо алдындагы "кара пиар" деп атады. Мындай пикирин ал 11-сентябрда Талас шаарындагы борбордук мечитти ачкан учурда айтты. Мамлекет башчы менен жолуккан дин ишмерлери президентти эл арасында айтылган сөздөргө көңүл бурбоого чакырышты.
"Эл бузарлар тигил, бу деген сөздөрдү айтып жатышат. Эч кайсынысына көңүл бурбай, ушул бойдон кете бериңиз, эл сиз менен", - деди жолугушууга катышкандардын бири.
Ага жооп берген Жапаров "шайлоо алдындагы кара пиар" тууралуу айтты:
"Ар бирине жооп берип, алышып отура берсем мындай жыйынтыкка жете албайт элем. Анда кетип бараткан жолубуздун аягына чыга албай калабыз. Иттер үрө берет, кербен жүрө берет. Кудай мээни, акыл-эсти берген. Ойлоп, талдап ишенгени ишене берсин. Бул эми шайлоо алдындагы кара пиар деп эсептегиле. Эмнеге былтыр, мурдагы жылы айтышпайт. Шайлоого үч ай калганда ар нерсени айтып, жомок токуп жатышат", - деди Жапаров.
Президент коомдо дагы эле саясий туруксуздук уюштурууну каалагандар бар экенин 9-сентябрда Жогорку Кеңешке баргандагы кайрылуусунда белгилеген. Президент коомчулукту туура эмес маалымат тараткандарга ишенбөөгө, аларды ээрчип кетпөөгө чакырган.
Садыр Жапаров августтун соңунда Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын ачылышында да коомчулукту чет өлкөдө жүрүп бийликти сындагандарга ишенбөөгө чакырган. Анын алдында чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаевдин, “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн бийликти сындаган билдирүүлөрү чыгып жаткан. Чет жакта жашаган эколог Самат Кушбек да бийликтин ишин сындап келатат.
Мамлекет башчы журналист Али Токтакуновго берген соңку интервьюсунда президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген.
Президент июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.
Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш 16-17-сентябрларда белгилей турганы күтүлүүдө. (КЕ)
Жапаров президенттик шайлоо алдында "кара пиар" жүрүп жатканын айтты
Дагы караңыз
Шерине