Издөө иштерин жүргүзүп жаткан топтун маалыматы боюнча, кар жана таш көчкүсүнөн улам дрондордон тартылган видеолорду иликтөөдө адамдардын сөөгү так көрүнгөн жок. Бирок бут кийимдер, кийим-кече жана адамдын денесине окшош сөлөкөттөр байкалган.
“Буга чейин тоо боорунан табылган буюмдар аркан аркылуу бири-бири менен байланышкан. Бул үч адамдын бир арканга байланып, чогуу жүргөнүн көрсөтөт. Акыркы күндөрү аларга таандык буюмдардын баары тоо боорунун төмөн жагынан табылган”, - деди жоголгондорду издөө тобунун башчысы, беларус тоо сүйүүчүсү Александр Смирнов.
43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даяр экенин, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.
Куткаруучу топтун мүчөсү Артем Эйкстер альпинисттерди издөө иштеринин жүрүшү тууралуу социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу улам маалымдап жатат. Анын айтымында, атайын дрондор да колдонулууда.
Чоку Ош облусунун Чоң-Алай районунда, 6613 метр бийиктикте жайгашкан.
Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов издөө, куткаруу иштери тууралуу мындай маалымат берген:
"Төрт күн мурда бизге Беларустун Альпинизм федерациясынын президенти Александр Годлевский расмий кайрылган. Биз төрт күндөн бери ИИМ, ӨКМ жана коомдук куткаруу альпинисттик кызматы менен биргеликте мониторинг жүргүзүүгө жана куткаруу операцияларын уюштурууга активдүү катышып жатабыз".
Максим Полянский менен Николай Свиридов жети миң метрлик беш чокуну багындырган "Ак илбирс" наамынын ээлери. Сергей Рубцов да көп жылдан бери альпинизм менен алектенип келет. Үчөө Корумду чокусуна чыгууга бир нече ай даярданышкан.
Былтыр август айында Кыргызстандын Жеңиш чокусунда эки ирандык дайынсыз жоголуп, орусиялык Наталья Наговицина жана дагы бир италиялык альпинист каза болгон.
Кыргыз өкмөтүнүн сунушу
Кыргызстан өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоорунда аларга милдеттүү камсыздандырууну киргизүү жана бир катар талаптар жазылды. Мындан дээрлик бир жыл мурда орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын Жеңиш чокусунда жаракат алып, каза болушу коомчулуктун көңүл борборунда болгон.
Ал учурда альпинистти алып түшүүгө болгон аракеттерден майнап чыккан эмес. Көпчүлүк альпинисттердин коопсуздугуна жана куткаруу чараларына көңүл буруу маселесин көтөргөн. Эми кыргыз өкмөтү дал ошол Жеңиш чокусуна чыгам деген альпинисттерди алдын ала уруксат алууга милдеттендирмей болуп жатат. Бул чара алардын коопсуздугун коргоо жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн сунушталууда.
Жети миң метрден ашкан үч чоку жайгашкан Кыргызстан альпинизм үчүн да маанилүү. Алардын ичинен Жеңиш чокусу дүйнөдөгү 7 миңдик бийиктиктеги чокулардын ичинен жер шарынын эң түндүктө жайгашканы, катаал шарты жана аба ырайынын улам өзгөрүп турганы менен өзгөчө.
Кыргызстанда бийиктиктен башка өзгөчөлүктөгү альпинисттик аймактар бар. Маселен, жалама зоо болгон Керевшин чокуларына чыгуу үчүн келген чет элдиктер да арбын. Ал эми альпинизмге эми кызыга баштагандарга ылайыктуу деп Ала-Арча капчыгайы жана башка жайлардагы чокулар саналат.