Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Ботодой боздоп Путинге кайрылган Боня

Орусиянын президенти Владимир Путин жана орусиялык блогер Виктория Боня. Коллаж.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана орусиялык блогер Виктория Боня. Коллаж.

Орусиялык инфлюенсер Виктория Боня орус президенти Владимир Путинге кайрылып, өлкөдөгү беш көйгөй тууралуу айтканы талкуу жаратты. Украинадагы согуш тууралуу ал үн каткан жок. Кремль Боня айткан көйгөйлөрдү чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирди. Былтыр Боня Кыргызстандын бийлигине да кайрылган.

«Сизге кайсы эндиктин өңү көбүрөөк жагат?»

Орусиялык инфлюенсер, блогер Виктория Боня ушул жумада Инстаграмдагы 13 миллион катталуучусуна ушундай суроо узатты. Бул анын кадимки күндө жарыялаган контенттеринин бири.

Бул видео 45 миң лайк топтоду.

Бирок 14-апрелде ал мындан алда канча чоң резонанс жараткан адаттан тыш видео жарыялады. Анда ал Орусия президенти Владимир Путинге түз кайрылуу жасады.

«Владимир Владимирович, сизден коркушат. Эл сизден коркот, блогерлер, артисттер коркот, губернаторлор да коркот. Бирок сиз биздин өлкөнүн президентисиз. Менимче, сизден коркпошубуз керек», — деди Боня.

Бул видео кыска убакытта 20 миллион жолу көрүлүп, 1 миллиондон ашуун колдонуучу жактырды.

Саясий талкуу жана бийликти сындоо катуу көзөмөлдөнгөн өлкөдө бул дээрлик 20 мүнөттүк видео интернетте кызуу талкуу жаратты жана тез эле дагы бир ушундай видеонун чыгышына түрткү болду.

«Биздин өлкөдө тамаша катуу жазаланат»

Ушул эле күндөрү Айза аттуу дагы бир инфлюенсер өзүнүн 4 миллион катталуучусуна Орусияда «журналистика өлгөн, юриспруденция өлгөн, тамаша да өлгөн. Анткени биздин өлкөдө тамаша үчүн катуу жазалашат» деп билдирди.

Ага салыштырмалуу Виктория Бонянин видеосу жумшагыраак болгон.

Ал Дагестандагы сел, Кара деңиз жээгинин булганышы, бодо малдын жапырт кырылышы, интернеттин жай иштеши же бөгөттөлүшү сыяктуу маселелерге токтолгон.

Эки видеодо тең Владимир Путинди түз сындоодон качып, тескерисинче, жергиликтүү аткаминерлер ага өлкөдөгү чыныгы көйгөйлөр тууралуу толук маалымат бербей жатат деген пикирин келтиришкен.

Ошондой эле экөө тең Украинадагы согуш тууралуу оозанышкан жок.

Бул видеолор Путиндин популярдуулугу төмөндөп жаткан учурда пайда болду.

Орусиядагы коомдук пикирди изилдөө боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, анын рейтинги 67,8% чейин түшүп кетти. Бул 2022-жылы Украинага каршы толук масштабдуу согуш башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды.

14-апрелде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков миллиондогон адамдарга таасир эткен мобилдик интернеттин өчүрүлүшү убактылуу экенин билдирди.

«Интернеттин чектелиши көптөгөн жарандарга ыңгайсыздык жаратарын түшүнөбүз, бирок… бул чараларга болгон муктаждык жоголгондон кийин Интернет толугу менен калыбына келтирилип, кадимки режимге кайтарылат», — деди Песков.

Аналитик Игорь Эйдман мындай «жеңилдетүүлөр» көбүнчө убактылуу «PR-кадамдар» болушу мүмкүн экенин айтты.

Согуш блогерлерине басым күчөдү

Ошол эле учурда Орусияда согушту колдогон, бирок аскердик кампаниянын жүргүзүлүшүн сындаган блогерлерге каршы кысым күчөп жатат.

13-апрелде Александр Васковский Телеграм каналында Украинанын Донецк облусундагы орус оккупациялык бийлигиндеги коррупция тууралуу пост жазгандан кийин «армияны жаманатты кылды» деген айып менен кармалганы маалым болду.

Ал кийинки күнү бошотулганын, бирок ага каршы соттук иш козголорун билдирген.

Өткөн айда Кремлди активдүү колдогон публицист Илья Ремесло согуш жана өлкөнүн жалпы абалы тууралуу катуу сын жазып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Ал Владимир Путинди да кескин сындап, «согуш кылмышкери» деп атап, Орусияны кыйратып жатат деп айыптаган.

Бул материал жарыялангандан эки күн өтпөй эле ал Ремесло психиатриялык ооруканага жаткырылган.

Ал эми Монакодо жашаган Виктория Боня же Балиде жүргөн Айза камалып калуудан же башка кысымдан, албетте, салыштырмалуу коркушпайт.

Ошентсе да, Боня 15-апрелде кошумча видео чыгарып, интервьюга чакыргандардын баарынан баш тартып жатканын билдирди.

«Менин айта турган башка эч нерсем жок. Мен кандайдыр бир оппозиция өкүлү эмесмин. Эч качан болгон эмесмин жана болууну да көздөбөйм», — деди ал.

16-апрелде ал кайрадан видео чыгарып, көзүнө жаш алып, Путинге кайрылуусун Кремлде көрүшкөнүн жана көтөрүлгөн маселелер боюнча «иш жүрүп жатканын» Дмитрий Песков билдиргенин айтты.

Эми ал саясаттан оолактап, кайрадан эндик тууралуу контенттерин жарыялоону улантышы мүмкүн.

46 жаштагы Боня 2006-жылы “Дом-2” долбоорунун катышуучусу катары элге таанылган. Кийин ал көңүл ачуучу телеканалдарда ар кандай долбоорлордун алып баруучусу болгон. Модель жана актриса катары да белгилүү.

Ал буга чейин да ар кандай талаштуу билдирүүлөрдү жасаганы маалым. Маселен, 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу кутум теорияларын жайылтканы үчүн коомчулуктун көңүлүн бурган. Бул үчүн катуу сынга кабылган, бирок кийин өз көз караштарынан баш тартып, вакцина алганын ачык билдирген. 2022-жылы жарыяланган Орусия менен Беларуска каршы бойкот чараларын «геноцид» деп атаган.

Боня Кыргызстан бийлигине да кайрылган

Виктория Боня альпинизм менен да алектенет. 2024-жылы Непалдагы Манаслу чокусуна чыкса, 2025-жылдын жазында дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырган.

Буга байланыштуу ал былтыр күздө Жеңиш чокусунан түшө албай калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинага жардам берүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылган.

«Достор, менде сонун жаңылык бар. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бизге тик учак берүүгө макул болду. Эми биздин дрон учуп барып, Наталья Наговицинаны издейт. Ура!» — деп жазган көп өтпөй Боня.

2-cентябрда 4500 метр бийиктеги "Түштүк Эңилчек" базалык лагеринен бийик учкан дрон менен Наговицина калган жерди эки ирет кароо жүргүзүлүп, аскада калган альпинисттин тирүү экенинин белгилери байкалган эмес. Мындан улам аны куткаруу операциясы токтотулган.

Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келатып, 12-августта 7200 бийктикте бутун сындырып алган. Анын өнөктөшү Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, алдыда бараткан башка адамдарга маалымат берүү үчүн түшкөн.

19-21-август күндөрү Наталья Наговицина калган жерге дрон учурулуп, ал чатырда жаткан жеринен колун булгалап, тирүү экенин билдирген. Бирок аба ырайынын катаалдыгынан альпинистти куткаруу мүмкүн болгон эмес.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG