“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Бишкек шаарынын тургуну Жогорку соттун чечиминен кийин 13 жылдан бери жашаган үйүнөн чыгып кетүүгө мажбурлап жатышканын айтып, ишти калыс териштирүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилигине кайрылды. Беш балалуу бүлөөгө сот аткаруучулар үйдү 1-ноябрга чейин бошотуп берүүгө мөөнөт берген.
Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды.
Кыргызстандагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери, жети жылга соттолгон Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоп, өз ишине байланыштуу апелляциялык сотту ачык өткөрүүгө чакырды. Ага удаа эле абактагы ишкер Имамидин Ташов да президентке ачык кат жазды.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн юрист Адилет Мерканов УКМКга чакыртылганы белгилүү болду. Мунун алдында коомдук бирикмеден анын үстүнөн сотко арыз түшкөн.
Кыргыз бийлиги Еврошаркеттин Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды убактылуу жайгаштыруу сунушун кабыл албаганын билдирди. Буга чейин Брюссел ушул программаны Казакстан менен Өзбекстанга сунуштаганы белгилүү болгон. Ал сунушта Кыргызстан бар-жогу расмий кабарланган эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган петицияга 30 миңге жакын адам кол койду. Петиция депутаттын жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сунушунан кийин башталган.
Орусия кара тумоону жашырабы? Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү. Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында 14 медал алды.
Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3 жаңы конушунда курулуп, быйыл пайдаланууга берилген № 104 орто мектепте балдар убактылуу төрт нөөмөттө окууга мажбур. Мындай абал жаңы корпус курулуп бүткөнгө чейин уланат.
Бишкектеги Ак Ордо конушундагы мектепте окуучулардын төрт нөөмөт менен окуганы коомчулукта талкуу жаратууда. Маалыматка караганда, 750 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесине быйыл 4 миңден ашуун бала кабыл алынган. Мындан улам төртүнчү нөөмөттө окугандардын сабагы саат 16:45те башталууда.
Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украиналык Артем Бородинди 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен Бишкекте кармаган. Ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду.
Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулады. Ал кыйноого кабылган, укугу бузулган жарандардын кайрылуулары боюнча укук коргоо органдарынын ыктымал басымынан же мыйзамсыз аракеттерден коркпой иштөө керектигин айтты.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумганына он жыл болду. Өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун доору эгемен Өзбекстандын түптөлүшү, ошол эле учурда авторитардык башкаруу жана саясий куугунтук менен эсте калды.
Бишкек сотунда Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучу суралып бүттү. Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарып, темирдей каардуу бийлик орноткон Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл болду. Казакстанга чет элдиктер ноябрдан тарта алдын-ала катталып туруп гана кире баштайт.
Бишкек – Ош унаа жолунда алты кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Жыл сайын Кыргызстанда миңге чукул киши жол кырсыгынан мерт болуп, он миңден ашыгы ар кандай жараат алат. Буга көп учурда катуу ылдамдык себеп экенин адистер айтып келет.
Экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн деп айыпталып жаткан Бактыбек Молдалиевдин соту уланууда. Жакындарынын айтымында, ал "Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" сайттарын окуган, бийликти такай сындаган" деп айыпталууда, бирок өзү мындай кинени четке кагууда.
Өкмөт кымбатчылыкты кантип ооздуктайт? Украинадагы согушка азгыруу токтой элек. "Азаттыкка" жакыны согушка кеткен бир нече адам кайрылды. АКШ башпаанек сураган чет өлкөлүктөргө визалык чектөөлөрдү күчөтүшү мүмкүн. Трамптын администрациясы миграция саясатын дагы катаалдаштырууда.
Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургуну Москвада иштеп жүрүп, Украинадагы согушка жиберилген уулун издеп жатат. “Азаттыкка” кайрылган дагы бир жаран күйөөсүн Москвадагы миграциялык Сахарово борборунда согушка барууга мажбурлап жатышканын айтты.
Бизге келген кайрылуулар тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Министрликтин басма сөз кызматы булардын ар бири боюнча тиешелүү консулдуктарга тапшырма берилерин маалымдап, "Азаттыкка" кайрылган жарандардын байланыш телефондорун жазып алды.
Таластагы "Манас ордо" комплексиндеги жаңжал коомдо талкууга түштү. Ага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышканы тууралуу маалымат тарады. Бийлик өкүлдөрү муну четке кагууда. Окуядан соң мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселе козголду.
Кыргызстандын атайын кызматы Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусу кармалганын жарыялады. Аларга соцтармакка жазган билдирүүлөрү менен "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып тагылууда. Акыркы маалда дал ушул соцтүйүндө бийликке сын айткан пикирлер байкалып жатат.
Дагы жүктөңүз