Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

"Алты киши дароо мерт кетти". Жол кырсыгы эмнеге азайбайт?

Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр. 1-сентябрь, 2026-жыл.
Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр. 1-сентябрь, 2026-жыл.

Бишкек – Ош унаа жолунда алты кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Жыл сайын Кыргызстанда миңге чукул киши жол кырсыгынан мерт болуп, он миңден ашыгы ар кандай жараат алат. Буга көп учурда катуу ылдамдык себеп экенин адистер айтып келет.

"Алтоо тең набыт болду, экөө балдар эле"

1-сентябрда Бишкек – Ош автожолунда жол кырсыгынан алты адам мерт кетти. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККБ) “Азаттыкка” билдиргендей, кырсык Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болду.

"KIA K5 үлгүсүндөгү автоунаа машинелерди озуп өтүү учурунда оор жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, KIA K5тин ичиндеги алты киши мерт кеткен. Жүк ташыган машине Toyota Land Cruiser унаасы менен да кагышкан", - деп билдирди милиция.

KIA K5 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги адамдар баары набыт болушкан. Каза болгон жүргүнчүлөрдүн бирин - 28 жаштагы Аргендин сөөгүн моргдон алып кеткен классташы Чубактын айтуусунда, унаада Аксы районунун эки айылынын - Авлетимдин жана Мукурдун тургундары болгон:

"Шоопур дагы биздин айылдан, 20 жаштагы жигит эле. Биздин классташыбыз 28 жашта болчу. Унаада 52 жаштагы биздин айылдык аял төрт жашар небереси менен, дагы Авлетим айылынан эки кыз болгон. Кыздардын бири 19да, экинчиси 14 жашта экен. Кыздар эже-сиңдилер болчу деп айтып жатышат, улуусу студент, кичүүсү мектепте, окуусуна кайтып кетип баратышкан дешти. Баары мерт кетиптир".

Чубактын айтуусунда, классташы менен унаа айдоочусунун тажиясы 2-сентябрда болгон, ал эми таене менен неберенин сөөгү 3-сентябрда жерге берилди.

"Биз классташыбыздын эле сөөгүн алып кеттик Токтогулдагы моргдон. Анткени жакындарына гана берет экен. Айдоочу бала менен классташыбыздын тажиясы кечээ (2-сентябрда) болду. Классташыбыздын төрт жашар баласы калды. Берки небереси менен чогуу көз жумган аял менин кошунам болот, алардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Окуянын чоо-жайын биз деле соцтармактардагы видеолордон көрүп, билдик. Биз барганда машинасын да милиция алып кеткен экен, көрбөдүк".

Бишкекти көздөй багыттагы жолдо болгон бул кырсыктын соцтармактарга тараган видеолорунда KIA K5 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта алдындагыларды озуп өтүп баратып, алдында келе жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышканын көрүүгө болот.

Милиция азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере элек. Маркум айдоочунун жакындары да суроолорго жооп берүүнү туура көрүшкөн жок.

"Чаралар катаалдаганы таасир эткен жок"

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.

Жол кырсыгын алдын алуу максатында былтыр өлкөдө жол эрежелерин катаалдаштыруу жана айдоочулук күбөлүк алуунун жол-жобосун күчтөндүрүү тууралуу бир топ чечимдер кабыл алынган.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн он ай окуу системасы ишке киргизилип, менчик автомектептер жоюлган.

Буга демилгечи болгон президент Садыр Жапаров мурда айдоочулук күбөлүктөр ачык эле сатылып жүргөнүн белгилеген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Мурда айдоочулук күбөлүктөр ачык эле сатылчу, азыр жасалма интеллект менен сынак тапшырганды киргизип койсок, жыйырма жолу тапшырып, өтө албай жатышат. Мурунку заман болгондо менчик мектептер өткөрүп иймек. Мыйзамдуу, коопсуз, адилеттүү, калыс өлкөдө жашашыбыз керек", - деген Садыр Жапаров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) былтыр 10 айдын ичинде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырган 568 миңден ашык жарандын 83 миңи гана өтүп, 319 миңи кулап калганын билдирген. Ал эми практикалык сынакка 210 миң жаран катталып, 96 миңге жетпегени өтүп, калган 115 миңден ашууну тапшыра албай калган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу деген негиз менен былтыр ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков баштаган бир катар тиешелүү жетекчилер кызматтан алынган.

Бирок тийиштүү чаралар катаалдашканына карабай жолдордо адам каны төгүлүүсү уланып жатканын белгилегендер да бар. Жарандык активист Эртай Искаков мунун жоопкерчилиги эң ириде айдоочуларда деп эсептейт:

Эртай Искаков
Эртай Искаков

"Жоопкерчилик кимде болушу керек? Албетте, айдоочуларда. Алар өз өмүрүн, коопсуздугун ойлобосо да ташып бараткан жүргүнчүлөрдүн, башка адамдардын коопсуздугуна жоопкер! Алардын маданияттуулугу жок, эрежелерди сактабагандыктан ушундай кайгылуу окуялар көп болуп жатат. Ичип алып рулга отурат, ылдамдыкты ашырат, жол кыймылынын талаптарын сактабайт. Камера жок кесилиштерден кызыл чыракты тоготпой өтүп кетет. Жолдор зымырайт, бирок ошол түптүз, сонун жолдордо көзөмөл камералары жок. Катуу ылдамдыкты токтото турган, адам факторун жое турган системаны Кыргызстанда киргизе албай жатабыз".

Быйыл июндун башында президент Садыр Жапаров мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Анда алкоголдук ичимдик ичип рулга отурган айдоочуга 100 миң сом айып пул салынып, күбөлүгүн убактылуу алуудан тартып, кесепети оор болгон учурларда 10 жылга эркиндигинен ажыратууга чейинки жаза каралган.

Быйыл 14-майда Чүйдө Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.

30-майда Бишкек – Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр өрөөнү) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан KIA К7 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон.

Кашка-Суудагы кырсык: Беш кишинин сөөгү жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG