Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында, Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын Казы-Жар тилкесинде жааган жамгырдын кесепетинен түшкөн сел тазаланды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Коктудан түшкөн таш аралаш суу 21-июль, кечки саат 18:00-19:00дө жолду каптаган.
Өкүлчүлүктөн такташкандай, окуядан жабыркагандар жок. Жол кырсыгы катталган эмес жана жол кыймылы үзгүлтүккө учураган жок.
Дубандын аймагындагы №23 Жол тейлөө ишканасынан (ЖТИ) бир автожүктөгүч тартылып, жолго түшкөн сел калдыктары тазаланды.
Интернетке тараган видеодон көрүнүп тургандай, сел жолду жарым-жартылай баскан. Машинелер таш суудан буйтап өтүп жатышканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында маалымдалгандай, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты.
Жарым жылда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган. (ErN)
Шерине