АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы чабуулдарын улантып келатканына 22-июлда 11 күн болду. Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) Х социалдык тармагындагы маалыматына караганда, шаршембиге караган түнкү соккулар 1 саат 15 мүнөт уланды.
Бутага Ирандын аскердик операциялык борборлору, деңиз күчтөрү, авиациялык кампалары, учкучсуз учуучу аппараттарды сактоочу жайлары жана аскердик логистикалык инфраструктурасы алынганы кабарланды.
"Максат — Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары да алсыратуу", — деп айтылды билдирүүдө.
АКШнын маалыматына караганда, үч ай ичинде Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн 30дан ашуун соода кемесине чабуул жасады.
21-июлдун ичинде Иран Кувейттеги АКШ аскерлери жайгашкан Camp Arifjan аскердик базасына ракета жана дрон менен сокку урганын америкалык GlobalSecurity талдоо сайты маалымдады. Кувейт бийлиги өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү ракеталарды жана дрондорду атып түшүрүүгө үлгүргөнүн билдирди.
АКШ менен Иран 17-июнда согушту токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Бирок 25-июнда ирандык жанкечти дрон Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан жарандык танкерге чабуул жасаган. Буга жооп катары АКШ Ирандын аймагына бир нече сокку урган.
8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.
Ал эми 13-июлда АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алганын айткан. Кийинчерээк Трамп Тегеран кепке келбесе, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскерткен.
АКШ Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеши керек деп эсептейт, Иран бийлиги болсо бул программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн кайталап келет.
Шерине