Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Орусиянын дагы эки шаарында Wildberries кампалары бутага алынды

Wildberries ишканасынын кампасындагы өрт. 2026-жылдын 18-июлу.
Wildberries ишканасынын кампасындагы өрт. 2026-жылдын 18-июлу.

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын логистикалык борборлору да бутага алынды. Бул тууралуу компания расмий билдирди.

Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлордо учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте чабуулдун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген компания, баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар бар экенин маалымдады.

"Алардын тезирээк сакайып кетишин каалайм, биз сөзсүз түрдө бардык зарыл жардамды көрсөтөбүз. Өнөктөштөрүбүзгө кайрылам. Кырдаал боюнча бардык ыкчам маалымат сатуучулар порталында жарыяланып жатат. Расмий маалымат булактарына гана ишениңиздер", - деди Wildberries'тин негиздөөчүсү Татьяна Ким.

Краснодарда кампа комплекси өрттөнгөнүн крайдын ыкчам штабы да билдирди. Ошондой эле Краснодар шаарында дрон сыныктары көп кабаттуу эки үйгө тийгени, ал эми Динская станицасында эки жеке турак үйгө зыян келтиргени маалым болду. Армавирде «ишканалардын биринде» өрт чыкканын ыкчам штаб маалымдаган. Кийинчерээк Армавир шаарынын мэриясы сөз мунай базасы тууралуу болуп жатканын тактап, өрттүн аянты 80 чарчы метрге жеткенин билдирди.

Краснодардагы кампа комплексине жасалган чабуулдан кеминде үч адам жараат алганы кабарланууда.

Невинномысск шаарынын четинде учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин кампа комплекси өрттөнгөнүн Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров Telegram каналында билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын саны бешке жетти.

18-июлга караган түнү Орусиянын Тамбов облусундагы жана Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампалары бутага алынган. Курман болгондор кеминде сегиз киши экени айтылган.

Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыккан. Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирген кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылганы маалым болгон. Каза тапкан жана жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG