Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Тоңдо беш автоунаа кагышып, бир үй-бүлөдөн үч бала каза болду

Тоң районунда катталган жол кырсыгынан кийин тартылган видеодон скриншот.
Тоң районунда катталган жол кырсыгынан кийин тартылган видеодон скриншот.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталган жол кырсыгында бир үй-бүлөдөн үч бала каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.

Кырсык 19-июль, саат 13:50 чамасында Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортолугунда, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 33-чакырымында болгон.

Жол тескөөчүлөр тактагандай, беш машине кагышкан. Тергөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, Караколду көздөй бараткан Hyundai Palisade жана Chevrolet машинелери каршы тилкеге чыгып, Honda Stream, Chevrolet Spark жана Volkswagen Vento автоунаалары менен сүзүшкөн. Кырсыктын айынан 16 жаштагы өспүрүм, төрт жаштагы бала жана эки айлык бөбөк мерт болду. Бир нече адам жабыркады.

Блогер Эртай Искаков окуянын видеосун социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялап, каршы тилкеге чыгып, кырсыкка себепчи болгон айдоочу саатына 140 чакырым ылдамдык менен баратканын жазды. Блогер койгон видеодо эркектердин бири балдарын кучактап, ыйлап жатканы тартылган.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (ErN)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG