Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Бишкек электр тармактар ишканасы жарыктын маал-маалы менен өчүшүнө түшүндүрмө берди

Кыргызстандагы электр чубалгыларын оңдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр чубалгыларын оңдоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымат таратып, шаарда жана ага танапташ райондордо жөнгө салуу максатында жарыкты өчүрүү чараларына түшүндүрмө берди.

Мекемеден билдиришкендей, абанын температурасынын адаттан тыш жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын аймагында электр энергиясын керектөөнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү катталды. Ишкана эң жогорку чекке жеткен керектөөнү буга мисал катары келтирди.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт/саатты түздү. Былтыркы жылы бул күнкү көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саат болгон.

“Ошентип, суткалык электр энергиясын керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18% өстү. Бул аномалдуу ысыктан улам кондиционерлерди массалык түрдө колдонууга байланыштуу өлкөнүн энергетика тутумуна рекорддук күч келгенин тастыктайт. Өзгөчө ашыкча жүктөмдөрдөн улам аймактын энергетикалык тутумунун жабдуулары өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Абанын температурасы +45 °C болгондо электр берүү чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25% чейин төмөндөйт, буга байланыштуу айрым тилкелерде жол берилген техникалык ченемдерден ашуу фактылары катталган. Жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында энергетиктер эң жогорку жүктөм байкалып жаткан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында убактылуу алдын алуучу жөнгө салуу чараларын киргизүүгө мажбур болууда”, – деп айтылды Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматында.

17-июлда саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчкөн. Авариялык өчүүгө байланыштуу скважиналардын иши токтоп, айрым райондордо суу чыкпай калган.

Ошондон тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG