Орусия чет жакка чыгып кеткен жарандарына каршы чараларды күчөтүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 22-июлда экинчи окууда кароону пландап жатат.
Документ чет өлкөгө чыгып кеткен жана бир катар саясий мүнөздөгү административдик беренелер боюнча жоопко тартылган же кылмыш иши козголгон орусиялыктардын укуктарын чектөөнү карайт. Бул тууралуу «Свобода» радиосу жазды.
Мыйзам долбооруна ылайык, «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды бузуу, Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырыктар, Орусияга каршы санкцияларды колдоо, армияны «дискредитациялоо», ошондой эле «жагымсыз уюмдардын» ишмердүүлүгүнө катышуу сыяктуу беренелер кирет.
Мындай айып тагылган адамдарда эми консулдук кызмат алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болот, Орусиядагы акчасын жана мүлкүн пайдаланууга тыюу салынат, бийлик органдары кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча арызын кабыл алуудан баш тарта алышат, банктык мобилдик тиркеме аркылуу акча которууга түздөн-түз тыюу салынат.
Буга чейин Орусияда өлкөдөн чыгып кеткен жана саясий мүнөздөгү административдик беренелер боюнча жоопко тартылган жарандардын мүлкүн камакка алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган.
Маалыматтарга караганда, мындай чечимдер соттун өкүмүсүз эле кабыл алынышы мүмкүн жана адамды Росфинмониторингдин террорчулар жана экстремисттер тизмесине киргизүү талап кылынбайт.
Орусия коңшусу Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери согушту айыптаган, сындаган жарандарын куугунтукка алып келет.
Шерине