Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

АКШ Иранга тогузунчу түн катары менен сокку урду

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн учактары менен согуштук кемелери Араб деңизинде. 2026-жылдын 30-июну.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн учактары менен согуштук кемелери Араб деңизинде. 2026-жылдын 30-июну.

АКШ тогузунчу түн катары менен Ирандын аймагына сокку урду. АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдиргендей, бутага командалык пункттар, абадан коргонуу объектилери, жээкти байкоо системалары, деңиз инфраструктурасы, ракета жана дрон учуруучу жайлар, ошондой эле байланыш тармактары алынды.

Ирандык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, жардыруулардын добуштары Тебриз, Чабахар, Конарек, Бандар-Аббас, Бушир жана башка шаарларда угулду. Иран бийлиги Тебриз шаарынын жанындагы аскердик объектидеги соккудан кеминде бир адам каза болуп, бир нече киши жаракат алганын билдирди.

Иран да соккулар менен жооп кайтарды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдиргендей, Кувейттеги, Иорданиядагы жана Сириядагы америкалык аскердик базаларга баллистикалык ракеталар чабуул болду. Кувейттин бийлиги экинчи күн катары менен тузсуздандыруучу заводго сокку урулганда өрт чыкканын маалымдады. Ал эми Сириядагы америкалык базага сокку урулганы тууралуу сакчылар корпусунун билдирүүсү көз карандысыз булактар тарабынан азырынча тастыктала элек.

Корпус Оман жээги аркылуу АКШ аскерлери сунуш кылган багыт менен Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган эки мунай танкери "жарылып, жараксыз абалга кептелгенин" кошумчалады.

Буга чейин Британиянын Деңиз соода операциялары боюнча башкармалыгы Омандын жээгинде кеме өрттөнгөнүн кабарлаган.

Жакынкы Чыгышка Иранга байланышкан жаңжал кайра тутангандан бери кеминде үч америкалык аскер каза тапты. Экөө 17-июлда Иорданиядагы авиабазага Ирандын чабуулунан набыт кетти.

CENTCOM окуя болгон жерден таанылбаган адамдын сөөгү табылганын билдирип, ал дайынсыз болуп жаткан дагы бир америкалык жоокерге таандык болушу мүмкүн экенин маалымдады. Дагы бир жоокер 18-июлда Ирактын түндүгүндө атып түшүрүлгөн ирандык дрондун ок-дарысын зыянсыздандыруу маалында мерт кеткен.

The Washington Post басылмасы Вашингтон Ирандагы аскердик операцияны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын, Пентагон аймакка кошумча аскердик учактарды жөнөтөрүн жазды. Басылманын булактары абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жана алыс аралыкка атылуучу куралдын запасы азайып жатканын, аскердик инфраструктурага зыян келтирилгенин жана кошумча күчтөрдү жайгаштырууда кыйынчылыктар бар экенин белгилешкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга дале даяр экенин, бирок Ирандын кемелерге чабуулдарына жана Ормуз кысыгын көзөмөлгө алуу аракеттерине жооп кайтарууну улантарын айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи болсо ортомчулар аркылуу сунуштар түшкөнүн ырастап, Тегерандын улуттук кызыкчылыктары эске алынган шартта сүйлөшүүлөргө кайтуу мүмкүн экенин кыйытты.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG