Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

"Орусиядан күйүүчү май ташуу дээрлик токтоду". Кыргызстанда бензин тартыш, баасы кымбат

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин секирик жасап, бир литри 110 сомго чейин кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстандын негизги күйүүчү май экспорттоочусу болгон Орусия бензин жеткирүүнү дээрлик токтоп калганын айтып жатат.

Кыргыз өкмөтү таңкыстыкты болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүп, бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Орусиядагы май куюучу жайлардагы узун кезектердин видеолорун соцтармактарда талкуулап жаткан кыргызстандыктар бул көйгөйдүн кесепети өздөрүнө мынчалык тез жетерин элестепесе керек. Өкмөт субсидияны жокко чыгаргандан кийин Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы 110 сомго жетти. Мындай чара өлкөдө күйүүчү май менен камсыздоону жакшыртуу үчүн кабыл алынганы кабарланды. Ага карабай АИ-95, АИ-98 үлгүсүндөгү бензин бардык эле май куюучу жайлардан табыла бербейт. Мындай жагдайга айрым тургундар чочулоосун билдирип жатат.

“Азыр АИ-92ни 86 сомдон куябыз. Мындай болсо жакында машина токтоп калат го. Элди да ойлош керек. Бир эле Орусияны карап отурбай, башка жактан аракеттенип, камын көрүшү керек. Көп адамдар машина менен оокат кылат, дыйканчылык кылат. Кембагалдардын жашоосу оорлоп баратат”, -деп айтып берди таксист болуп иштеген Бишкек тургундарынын бири.

"Орусиялык заводдордон сунуш такыр жок болуп калды"

19-июлдун кечинде Бишкектеги айрым май куюучу жайларда бензиндин бардык түрү жок болуп калган учур катталды. Мунай ташуучулар биримдиги бул утурумдук эле маселе болгонун, азырынча өлкө боюнча бир айлык запас бар экенин билдирди. Уюмдун президенти Канат Эшатов Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор дээрлик Кыргызстанга экспорт кылбай жатканы айтууда.

“АИ-95 жок болгондуктан, 92ге күч келип атат. Аны көп алып жатышат. Ошондуктан кээде бензинди май куюучу жайга жеткирүүдө күч келип атат. Түнү майды унаалар менен ташууга тыюу салынган. Ошол себептүү кечинде май куюучу жайда бензин түгөнсө, эртеси күнү ташып барышат. Орусиядан ташып келүүлөр дээрлик токтоп калды десек болот. Дизел анча-мынча партиялар менен келип жатат, бул боюнча маселе жок. АИ-95, 92, 98 дээрлик бензин группасы боюнча тартыштык бар, Орусиядагы заводдордон такыр эле сунуш жок болуп калды. Биздин компаниялар башка мамлекеттерден, Азербайжандан, Кытайдан, Беларустан, жада калса Европадан ташып келүүгө аргасыз болууда”.

Соңку айларда Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору украиналык дрондордун чабуулуна кабылып, өндүрүш кескин басаңдады. Орусияга ички керектөөнү жабуу да кыйынга туруп, айрым чектөөлөрдү киргизип жатат.

Мындан улам кыргыз өкмөтү башка мунай экспорттоочуларды табууга аргасыз болуп жатканын “Азатыкка” Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ырастады.

“Бардык жактан аракет кылып жатабыз. Европадан, Кытайдан, Түркиядан, Азейбайжандан карап жатабыз. Кытайдан макулдук алдык. Мындай түшүндүрөйүн, завод 10 тонна май чыгарат дейли. Ал жерден Акмат бир тонна, Ташмат бир тоннадан алмай болуп жатса, Данияр келип мага бир тонна берип тур десе, завод “кечирип кой, мен буларга карызмын, ал көлөмдү чыгарып беришим керек” деп жатат. Келерки жылга буйрутма бергиле, көйгөйсүз чыгарып беребиз деп жатышат. Көйгөйлүү маселе, быйылкы жылды камсыз кылуу болуп жатат. Келерки жылга чоң заводдор менен келишимдерди түзүп жатабыз. Орусия жылына 45 миллион тонна керектейт. Ошол көлөмдү өздөрү чыгара албай, дүйнө жүзүнөн издеп жүрөт”.

Орусиядагы күйүүчү май кризисинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстанда эң оор абалда калды. Анткени эки өлкө тең керектөөлөрүн негизинен Орусиядан ташып келчү.

Өкмөт газ жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге мамлекеттик субсидия киргизип, бааны көзөмөлдөөнү улантууда. Бул үчүн мамлекет бир тонна бензин үчүн 500 доллардын тегерегинде кошумча төлөп жатканы айтылды.

Кыргызстандын жылдык керектөөсү орточо 2 млн тоннаны түзөт. Орусиядагы күйүүчү май кризисинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстан эң оор абалда калды. Анткени эки өлкө тең керектөөлөрүн негизинен Орусиядан ташып келчү.

Соңку эки айда Кыргызстан менен Тажикстанда күйүүчү майдын баасы кыйла кымбаттады. Эл аралык мониторинг агенттиктери, анын ичинен GlobalPetrolPrices маалыматына ылайык, доллар менен эсептегенде литрине 3–8 центке кымбаттаган. Глобалдык энергетика рыногунун көз карандысыз талдоочусу Борис Аронштейн бул өлкөлөрдө колу жука катмар басымдуу болгон үчүн ушул баа деле олуттуу таасирин тийгизет деген пикирде.

“Орусия мурда бул өлкөлөргө күйүүчү майды рыноктук эмес, мамлекеттер аралык келишимдер боюнча төмөн баада берип келген. Эми мунай менен кошо азык-түлүк, жер семирткич жана башка товарлардын баасы да өсөт. Жүк ташуу жана транзит дагы кымбаттайт. Анткени алардын күйүүчү майынын 90–95 пайызы Орусиядан келип турган”.

Июль айынын орто ченинде Тажикстандагы май куюучу жайларда узун кезектер пайда болду. Кожент шаарындагы дизелдик автобустардын айдоочулары май куюу үчүн түн ортосунда келип, таң атканча күтүүгө аргасыз экенин айтышкан.

“Бир литри 16,5 сомони турат. Азырынча баасына чыдаса болот. Бирок бир адамга 100 литрден ашыкча бербей жатышат. Түнкү саат он экиден кийин келип, таңкы алтыга чейин кезекте турабыз”, - деп айтып берген айдоочулардын бири Фаррух Жураев.

Өкмөттүк чаралар

Бишкек менен Дүйшөмбү кризистин кесепеттерин жеңилдетүүгө аракет кылууда. Тажик өкмөтү стратегиялык күйүүчү май корун түзүүгө басым жасап, өлкөнүн муктаждыгын 60 күн камсыздай турган резерв топтолорун жарыялады.

Кыргызстан болсо альтернативдүү жолдорду издөөдө. Буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Беларустан бензин сатып алуу пландалып жатканын билдирген. Ошондой эле бийлик май куюучу жайлардагы бааларды катуу көзөмөлдөп, жасалма кымбаттоого бөгөт коюуну күчөтүүдө.

“АИ-95тин баасы кескин көтөрүлүп кетти. Анткени буга чейин майдын бул түрүн мамлекет субсидиялап жатканбыз. Азыр АИ-92 менен дизел субсидияда. Азыр экөөнүн баа айырмачылыгын көрүп жатасыздар. Азыр АИ-92 менен дизелди да эркин баага коюп жиберсек, АИ-95ти дароо кууп жетет. Мурда баа айырмасы 2-3 сом эле болчу эмес беле. Өкмөт бул субсидияны кармоону улантат. Газ боюнча маселе да ушундай эле абалда. Ал да мамлекеттик субсидия менен турат. Анткени коомдук транспорт жана көп техника ушул ресурс менен жүргөнү үчүн бизге артыкчылыктуу маселе”.

Кыргыз өкмөтү калкты күйүүчү май менен камсыз кылууда дагы бир альтернативалык чара катары Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү жайлардын ишин жакшыртууну көздөөдө.

Борбор Азия башка өлкөрүндөгү жагдай

Эксперттер Орусиянын күйүүчү майына көз карандылык боюнча Борбор Азия мамлекеттерин үч топко бөлүшөт. Ушу тапта эң оор абалда турган Кыргызстан менен Тажикстан орус мунайынан толук көз каранды өлкөлөр. Ал эми Өзбекстанды орто абалда деп белгилейт Глазго университетинин профессору Лука Анчески.

“Өзбекстан ортодо турат. Ал Орусия менен байланыштарын сактап келгени менен ички мунай өндүрүшүнүн эсебинен белгилүү деңгээлде өзү камсыздай алат”, - дейт ал.

Бирок Борис Аронштейндин пикиринде, Өзбекстанда үч мунай иштетүүчү завод болгону менен чийки заттын жетишсиздигинен улам ички рынокту толук камсыздай албайт.

Ал эми Казакстан менен Түркмөнстанда жагдай салыштырмалуу жакшы деп бааланууда. Анткени Түркмөнстан Евро-5 стандартына жооп берген бензин өндүрүүдө жана чоң газ коруна ээ.

Борис Аронштейндин айтымында, Түркмөнстан менен Казакстан коңшуларына Орусиядан ташылган күйүүчү майдын бир бөлүгүн жаап бере алышы дагы мүмкүн.

“Айрыкча Түркмөнстан утат деп ойлойм. Ал Орусиядан көз каранды эмес. Тескерисинче, азыр жагдайга жараша Орусиянын өзүнө да жылына жарым миллион тоннага жакын мунай продуктыларын экспорттой алат”.

Бирок Казакстандын абалы өтө деле жакшы эмес. Өлкө мунай экспорттогону менен өзүнүн мунай иштетүү кубаттуулугу жетишсиз. Айрым учурда заводдору оңдоп-түзөө үчүн токтогондо Казакстан дагы Орусиядан бензин импорттоп келүүдө.

Лука Анческинин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан көз карандылыкты азайта алышат. Бул үчүн күйүүчү май жеткирүү булактарын диверсификациялап, электр транспортунун үлүшүн көбөйтүү зарыл.

Бирок аймактагы беш мамлекет тең деңизге чыга албагандыктан, Жакынкы Чыгыштан күйүүчү май ташуу өтө кымбат жана татаал. Ошондуктан эң реалдуу чечим - Кытайдан күйүүчү май импортун көбөйтүү дейт эксперт.

“Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Борбор Азияда узак мөөнөттүү чечим түтүк өткөргүчтөрдү, газ сактоочу жайларды жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнү талап кылат. Бул кыска убакытта ишке ашырууга оңой эмес. Бирок Казакстан менен Түркмөнстандагы ашыкча ресурстарды аймактын өзүндө пайдаланган бирдиктүү региондук рынок түзсө болот”.

Ошентип Орусиядагы күйүүчү май кризиси Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизүүдө. Узак жылдар бою Орусиянын экспортуна таянган чөлкөм альтернативдүү жеткирүү булактарын издөөгө аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG