Бишкек күйүүчү майды мурдатан Орусиядан сатып алат. Соңку жылдары башка жолдорду караштыра баштаганы менен андан жыйынтык чыга элек.
Салыктык жеңилдиктердин карааны
Күйүүчү-майлоочу майдын тездик менен кымбаттоосунун фонунда Кыргызстандын бийлиги улам-улам маалымат таратып, бааны кармоо үчүн ар кандай чараларды көрүп жатканын билдирип келет. Жаңы чара катары Министрлер кабинети товарлардын бул түрүнө салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү караштырып жатканын жар салды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда айрым объекттердин иши менен таанышуу учурунда журналисттерге буларды айтты:
“Өзүңүздөр Жакынкы Чыгыштагы абалды көрүп жатасыздар. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк биржаларда дизел эки эсе, бензиндин баасы 60-70%, демек, ал деле эки эсеге чейин кымбаттады. Биз аны күчүбүз жетишинче кармап келатабыз. Мындан ары дагы кармаганга аракет кылабыз. Балким, салыктарды азайтышыбыз да мүмкүн. Башка коңшу өлкөлөрдү карасаңар, баа такыр өсүп кетти. Биз кармап жатабыз. Бирок эми, абал ошол экен. Айла жок. Күйүүчү май кымбаттаса жер семирткичтин, азык-түлүктүн баасы да көтөрүлөт. Биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, колдоо көрсөтүп, кескин кымбаттабашына аракет кылабыз. Бирок баары бир кымбаттайт”, – деди ал.
Айткандай эле, Министрлер кабинетинин Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын турукташтыруу чаралары жөнүндө токтом долбоору жарыяланды.
Анда Аи-92 үлгүсүндөгү бензинге кошумча нарк салыгын (КНС) 8% чейин түшүрүү, дизелдик отунга салык салууну толук токтотуп туруу сунушталды. Мындан сырткары бензиндин тоннасына мурда 5 миң сом акциздик салык алынса, аны 3 миң сомго түшүрүү каралууда. Ал эми дизелге убактылуу нөлдүк акциз коюлуп турат.
Токтом кабыл алынса чара 15-майдан 30-сентябрга чейин күчүнө кириши мүмкүн.
Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдиги аталган чараларды кубаттап, ал бааны кармоого кошумча жеңилдик берерин билдирүүдө.
Уюм Орусияда күйүүчү майдын дүң баасы улам кымбаттап жатканын, ошол себептүү кыргызстандык компаниялар да чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болуп жатканын маалымдоодо. Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин президенти Канат Эшатов "Азаттыкка" мындай деди:
“Орусияда жайгашкан заводдордо баа кымбаттап жатат. Анткени Перс булуңу аркылуу мунай жана мунайзаттарын сатып алган өлкөлөр Орусиядан сатып ала баштады. Суроо-талап жогорулаган сайын Орусиянын заводдору дүң бааларды күндөн күнгө жогорулатууда, ошону үчүн Кыргызстандагы чекене баа да көтөрүлүүдө. Эң негизги керектелүүчү Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 30% чейин кымбаттады. Мурда аны 650 доллардан сатып алсак, азыр 950 доллардын тегерегинде болуп жатат. Эң көп өсүш дизель майы боюнча болууда. Мурда бир тоннасы 700 доллардан келсе, азыр 1250гө чейин жетти. Бул дээрлик эки эсеге жакын. Жалпы жонунан азыр божомол кыла албайбыз. Анткени баалар күнүгө өйдө-ылдый болуп жатат. Эртең менен жогорулап кетет, түштөн кийин түшүп калат, анан кайра эртеси көтөрүлүп кетет. Бирок Аи-92 үлгүсүндөгү бензинде Орусиядан алып келген өздүк наркы эле 82 сомго барабар болууда, а бизде ал 79 сомдон сатылууда. Бул эмнеден кабар берүүдө? Баа 82 сомго чейин жогорулашы мүмкүн деген сөз”.
Бензиндин наркы кайда барат?
Израил менен Ирандын ортосунда көп жылдан бери уланып келаткан аскердик чыңалуу быйыл февралда кескин курчуган.
АКШ менен Израил 28-февраль күнү Иранга каршы аскердик операциясын баштап, ракеталар менен аткылаган. Ага жооп кылган Тегеран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракеталарын учурган. Муну менен катар Перс булуңундагы Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Ортодо ал кайра ачты, бирок сүйлөшүүлөр жемишин бербеген соң кийин Ормуздун бир тарабын АКШнын аскерлери жапты.
Натыйжада булуң аркылуу Жакынкы Чыгыштын мунайын ташуу үзгүлтүккө учураган. Бул дүйнө жүзү боюнча мунайдын жана күйүүчү майдын баасынын жогорулашына алып келди.
Кыргызстанда Аи-95 бензини 85-86 сомго, Аи-92 бензини 79-80 сомго чейин чыкса, дизель майы 91-92 сомго чыкты.
Бишкектеги айдоочулардын бири Талантбек Болотакунов бул баа айдоочуларга кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи:
"Баа аябай кымбаттады. Азык-түлүгү да, күйүүчү майы да, башкасы да, бүт кымбаттады. Бирок пенсия ошого жараша көтөрүлгөн жок. Мурда 1000 сомго куйган бензин азыр 3000 миң сомго араң келип калды. Бензини да, дизели да, газы да кымбат. Мына, коңшу Казакстанда бизден жарым эсе арзан экен. Бензин 40 сом, газы 20 сом экен. Эмнеге ошолордон сатып алышпайт? Эмнеге Орусиянын эле көзүн карап отурабыз? Орусияда айлык маяна 100-150 миң сомго чейин болсо, аларда тиричилик өтөт. А бизде айлык аз болсо, пенсия аз болсо, кантип жашайбыз мындан ары? Элге аябай кыйын болуп кетти".
Кыргызстандын бийлиги эгерде чара көрүлбөсө күйүүчү майдын баасы өлкөдө 112-115 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн экендигин, Орусия тарап менен, ошондой эле кыргыз мунай ташуучулар менен сүйлөшүүлөр жемишин бергендиктен баалар азыркы нукта турат деген турумду карманууда.
Бирок ушул баа дагы канчага чейин кармалышы мүмкүн?
Экономист Дастан Кадыров бул суроого төмөнкүчө жооп берди:
“Эгер дүйнөлүк базарда баалар турукташканга чейин биз кошумча нарк салыгын жана акциз салыгын алып турсак, анда бааны 10-15% чейин көзөмөлдөй алабыз. Бул деген, мисалы, бензин азыр 80 сом болуп жатса, 8 сомдон 12 сомго чейинки бааны көзөмөлдөйбүз дегенди түшүндүрөт. Муну колдонушубуз керек. Себеби, антпесек, элге кыйын болуп калат. Эми азыр мунайдын бир баррелинин баасы 105-110 долларга чейин болуп атат. Бирок 150 долларга чейин чыгып кетиши да күтүлүүдө. Эгерде эки айдын ичинде кризис чечилбесе дүйнөдө өтө чоң кымбаттоо болот”.
Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт. Анын 90-95 пайызы Орусиядан импорттолот. Мунай ташуучулар уюму мурда өлкөдө үч айлык запас кармаларын айтып турушса, азыр 30-35 күнгө жете турган кор бар экенин билдирүүдө.
Шерине