"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргыз өкмөтү аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө, тобокелтиктерди азайтуу аракети уланып жатканын белгилеп, бир катар чараларын жарыялады. Буга байланыштуу 52 ишкана ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Кыргыз өкмөтү эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө үчүн 52 ишкананын ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабууга бел байлады. Binance хакердик чабуулга кабылды. Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Амантур Исмаилов коло байге алды.
Кыргызстан менен Казакстан ортосунда соода-сатык көлөмү өскөнү менен чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге айрым тоскоолдуктарды жаратууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында билдирди.
Испанияда темир жол кырсыгында 69 киши каза таап, жүздөн ашык киши жарат алды. Кыргыз өкмөтү балыктын жеми, картөшкө, алма, кумшекер өңдүү товарлардын импортуна алты айлык чектөө киргизгени турат. Милиция Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалыматты четке какты.
Алдыдагы шайлоодо Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат? Израилдеги парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озуп чыкты. Чыгаан илимпоз, коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова бүгүн акыркы сапарга узатылды.
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок?
“Дөөлөт курулуш” компаниясынын аягына чыкпай калган эки объектиси боюнча үлүшчүлөрдүн маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Фирма бир нече жыл мурда куруп баштаган эки комплекс ара жолдо калып, кардарлардын ызы-чуусунан кийин Курулуш министрлигине өткөрүлгөн.
Президент эл менен жолукканда майнинг фирмалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Ширшовдун Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгач ирет кенен маалымат берди.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте атайын кеңешме өткөрүп, Кыргызстандын алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин жарыялады. Мамлекет башчы дээрлик бардык тармактарда аткарылчу иштерди белгилеп, саясаттын багыттарын атады.
Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт. Кыштан кантип чыгабыз? Наристенин канга боелгон арабасы, нес болгон бейкүнөө тургундар. Украинанын Харьков облусундагы борбордук паркка тийген дрон соккусунан алты адам мерт кетти. Орусияда мигранттарга карата рейд күчөп жатат.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда быйыл да электр энергиясына таңкыстык бар экенин маалымдап, жетишсиздик импорттун эсебинен жабыларын айтты. Ал ошол себептүү кышта кубаттуулук жетишпей калган күндөрү жарык өчүрүүлөр болорун моюнга алды.
“Кемпир-Абад иши” боюнча акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте талап кылып сотко кайрылды. Түркмөнстанда Путин менен Пезешкиан жолукту. Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы криптовалютасын жойду. Улуу Британия аны чыгарган кыргыз компаниясына санкция салган.
Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын жойду. Мурдараак Улуу Британия аны чыгарган компанияны санкциялык тизмесине киргизген. Президент Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance'нин негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылган соң бул криптовалюта жүгүртүүгө чыккан.
Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. ДССУ кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди.
Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти.
Орусия кара тумоону жашырабы? Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү. Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында 14 медал алды.
Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти?
Мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлк маселеси парламентте көтөрүлдү. Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын Сенат жактырды. "Бишкек Аренанын" ачылышынан улам 5-октябрда Бишкекте окуу онлайн өтөт.
“Учкунда” басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти? "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсү.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Дагы жүктөңүз