Бул бир эсе иштеп жаткан президенттин пландуу жумушу катары каралса, бир эсе келе жаткан президенттик шайлоонун алдындагы үгүт сыяктуу бааланууда. Шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт.
Беш жылдыктын планы
21-октябрдагы кеңешмеде Садыр Жапаров алгач өткөн беш жылдыктагы экономикалык, социалдык, маданий жана башка багыттагы жетишкендиктерди санап, “чоң өзгөрүү болгонун” айтты. Ал Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабын баштап жатканын, аткаруу бийлигинин алдында чоң милдеттер турганын билдирди.
Президент мамлекет социалдык-экономикалык өнүгүүнүн архитектору болушу керектигин, жеке менчикти коргоо башкы эреже катары сакталып, ишкерлер коргоо алынышы керектигин, үй-бүлө жана бала биринчи орунга коюлуп, жумуш орундарын түзүлөрүн жана аймактарды өнүктүрүлөрүн белгиледи.
“Экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модел түзөт. Ал экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору турган кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоого негизделет. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалануу үчүн соода жана бажы саясаты түп-тамырынан кайра каралып, жаңыланат. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго жигердүү чыгарууга, товар агымдарын тейлөөнү ыкчамдатууга жана экспорттук экосистеманы чыңдоого басым жасалат. Ошону менен бирге, индустриалдык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүшүбүз керек. Анын негизин технологиялык жаңылануу, чийки затты кайра иштетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүн кеңейтүү, ишканаларды региондук жана глобалдык кошумча нарк чынжырларына интеграциялоо түзөт”, – деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров келерки беш жылдыкта соттордун абсолюттук ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл буруларына басым жасап, укук коргоо механизмдерин түп-тамырынан бери жаңыланарына ишендирди. Ал электрондук сот өндүрүшү, процесстерге аралыктан катышуу, сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо жана талаштарды сотко чейин жөнгө салуу сыяктуу заманбап инструменттердин бардыгы ар бир адам үчүн жеткиликтүү болорун убада кылды.
“Мен аймактарды кыдырып жүрүп, карапайым эл менен жолугушууларда негизги көйгөйдү байкай алдым. Коомчулукта “адилеттүүлүк жок” деген нааразы маанай калыптана баштагандай. Демек, сот адилеттигинде көйгөй бар. Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл. Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот! Көз карандысыз, эч кимге жана эч нерсеге сатылбаган, кесипкөй сот ушул теңдиктин анык кепилдиги болушу керек. Сот сөзсүз түрдө жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун, ар бир жарандын укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого тийиш. Биз сот адилеттигине саясий, административдик же башка мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы катаал институционалдык тосмолорду түзөбүз. Сот корпусунда жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун катаал принциби иштейт. Коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана судьялык этиканын бузууга токтоосуз жана аёосуз чаралар көрүлөт”.
Президент мындан сырткары социалдык багытта, маданият, спорт, туризм, транспорт, энергетика жана башка тармактарда да карманчу принциптерди атап өттү.
Республикалык кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин, өкмөттүк түзүмдөрдүн, сот жана укук коргоо органдарынын, аймактардын, шаарлардын жетекчилери катышты.
“Программа президенттин үгүтү катары бааланышы мүмкүн"
Арийне, республикалык кеңешмени президент алты айдын, тогуз айдын же жылдын толук жыйынтыкталышына байланыштуу дайыма эле өткөрүп келет. Же болбосо кез-кезде атайын бир тематикага арналган республикалык кеңешмелер да болуп турат.
Береги кеңешме “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” деп аталганы да жыйын так ушул планды талкуулоо үчүн жыйналганын билдирүүдө. Бирок “Ала-Тоо 24” телеканалынын түз алып берген видеосунан көрүнүп тургандай кеңешмеде талкуу болгон жок. Президенттен сырткары Адылбек Касымалиев гана сөз сүйлөдү.
Башка маселе, келерки президенттик шайлоо үч айдан кийинкиге – 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган жана талапкерлерден документ кабыл алуу шайлоого 13-ноябрда токтойт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт. Ушундан улам мамлекет башчынын ар бир жүрүшү так ошол саясий өнөктүк менен байланыштырылып каралууда.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков мындай пикири менен бөлүштү:
“Аракеттеги президенттин азыркы абалы ичке кылдын учу менен баскандай деп караса болот. Президенттин акыркы билдирүүлөрү, аракеттери жана өлкөдө болуп жаткан окуялар шайлоо алдындагы иш-чаралар экенин баарыбызга түшүнүктүү болуп турат. Анын каршылаштары мунун баарын президенттин толук кандуу үгүтү деп баалашса, тарапташтары буга каршы болуп, аракеттердин баарын президенттин кадимки пландуу жумушу катары сүрөттөй беришет. Айрыкча убадалар айтылып, ал программа сыяктуу жарыяланып жатса, анда аны сөзсүз шайлоо менен байланыштырууга аргасызбыз”.
Президент 5-октябрда “Бишкек Аренанын” салтанаттуу ачылышында да сөз сүйлөп, өзү бийликке келген алты жыл ичинде Кыргызстанда аталган стадион сыяктуу 1075 имараттар жана объектилер курулганын, анын ичинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар экенин айткан. Мамлекет башчы бул убакытта мындан сырткары өлкөдө 521 завод-фабрика ишке киргизилгенин да жар салган.
Садыр Жапаров аземде мамлекеттин алдына 2027-жылы 111 мектеп куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмдөрүнүн курулушун аяктоо максаты коюлганын белгилеген. Ал “2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбой турганын” кошумчалаган.
Мында президенттин өткөн бир мөөнөтүндө аткарылган иштеринен сырткары келерки жылдарга убадаларды айтканын ошол маалда айрымдар алдыдагы шайлоого үгүт катары баалап чыгышкан. Соңку сөзү да түрдүү пикирлерди жаратып жатканы ошондон.
Саясий эксперт Айболот Айдосов бул жөнүндө мындай пикирде:
“Президенттик шайлоонун алдында Кыргызстанда өткөн ар бир иш-чара саясатка айланат. Мисалы, шайлоого катышабыз деген кээ бир адамдарга карата кандайдыр бир чагым болуп кетсе, аны да шайлоого байланыштырып жатышат. Соңку кеңешмедеги негизги месседж же “азыркы бийлик келерки беш жылда эмне иш жасайт?” деген суроого жооп берилип жатса ал алдыңкы шайлоо менен байланыштырылып кабыл алынарын жыйынды уюштуруучулар өздөрү да түшүнүшү керек болчу. Албетте, бул пландаштырылган эле мамлекеттик иш-чара болушу мүмкүн. Анткени, президент, өкмөт, дегеле жалпы аткаруу бийлиги алдыңкы беш жылга, же алдыңкы он жылга ар дайым план түзүп турушу керек. Бирок ушундай жыйынды шайлоого эки-үч ай калганда өткөргөнү сөзсүз саясий мааниде кабыл алууга негиз берет. Менимче, буга Борбордук шайлоо комиссиясы же башка органдар да көңүл бурушу керек”.
Садыр Жапаров 2021-жылдын январында мурдагы Конституция менен 6 жылга шайланган. Бирок ошол эле жылдын апрелиндеги референдумда кабыл алынып, май айында кол коюлган жаңы Конституция кабыл алган маалда бул биринчи мөөнөт катары каралары мыйзам менен белгиленген. Ошол себептүү юристтер ал 5 жылдык дагы бир мөөнөткө гана шайланууга укугу бар экенин билдирип келишет.
Азыркы президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыштар акыркы беш жылда да болуп келди. Белгилүү юристтер арасындагы соңку талаш быйыл январда катталды. Айрымдары анда президенттин жаңы Конституция белгилеген беш жылдык бир мөөнөтү өткөнүн, ошондуктан 2026-жылы шайлоо өткөрсө боло берерин айтышса, кээлери шайлоо алты жылдан кийин 2027-жылы өтүшү керектигин белгилешти.
Февралда президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүүнү өтүнгөн. Конституциялык сот “2027-жылы президенттик шайлоо өтөт жана муну менен Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт” деген чечим чыгарган.
Шерине