Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Жогорку Кеңешке сын-дооматтар, спикердин эскертүүсү

Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында төрага Марлен Маматалиев депутаттардын дарегине сын көбөйгөнүн айтты. Ал негизсиз каралап, депутаттардын кадыр-баркына шек келтиргендерге чара көрүлөт деп эскертти.

Саясат таануучулар парламенттин таасири аны сындагандарды тыюу менен артып кетпесин деп эскертүүдө. Жогорку Кеңешке сын-дооматтардын артышы эмнеге байланыштуу?

“Албетте, биз элдин өкүлү болгондон кийин элдин үнүн угабыз. Бирок аша чапкан учурлар болсо Жогорку Кеңеш чара көрөт. Муну да баса белгилеп айтып коёюн”, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 7-октябрдагы жыйында.

Парламенттин дарегине сын буга чейин айтылып келгени менен спикердин мындай эскертүүсү биринчи ирет болууда. Ал айрым соцтармак колдонуучуларына жана саясатчыларга сөөмөй кезеп, Жогорку Кеңешти негизсиз каралоодон алыс болууга чакырды.

“Ушул сыяктуу “парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген социалдык тармактын айрым колдонуучуларына же болбосо саясатчыларына, чала саясатчыларына айта кетчү нерсе. Ошондой сөздөрдөн алыс болсоңуздар. Мен ошентип сүйлөгөн чала саясатчыларды карап көрдүм. Өздөрү Кыргызстанга беш жакшылык кылдыбы деп суроо берип, таба албай койдум”, - деди Маматалиев.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

Төраганын айтымында, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдагы ыйгарым укуктарын так аткарып жатат. Парламенттин ишмердигин баалоодо Кыргызстан азыр президенттик башкарууда экенин эске алуу керек дейт Маматалиев.

Ушул эле күнү депутат Эрулан Көкүлов да парламенттин курамы боюнча билдирүү жасады:

“Азыр дагы бир акты ак деп айтам, ичиңер күйөт. Дагы жаман көрөсүңөр. Мобу жерде жарымыңар акчаңар жок болсо отурмак эмессиңер, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ушул жерде ашып барса он чакты депутат калмак”.

Төрага кайсы саясатчылардын сынына жооп бергени белгисиз. Бирок парламенттин таасирине байланыштуу сын-пикирлер утур-утур эле айтылып келет.

Маселен, өткөн аптада саясатчы Алтынбек Сулайманов “Азаттыкка” курган маегинде да депутаттардын деңгээлине төмөн баа берген:

“Бул парламент эми... Жетеленип келген парламент ушундай эле болот да. Көзөмөлдөнүп келген, тизме алдын ала түзүлгөн. Кимдерди койдуруш керек, кимдерди койбош керек, мурунтан билинген. Койгондордун ичинен кимдер өтүшү керек, ал да көзөмөл менен болгон. Бирок баары эмес. 100% көзөмөл менен келди десек, кесиптештер таарынып калышы мүмкүн. Бирок көпчүлүгү ошондой болгону чындык да”.

Былтыр күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо талапкерлерге басым болгонун спикер Марлен Маматалиев да айтып чыккан. Ал мындай аракетке УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптап, өтө турган талапкерлердин тизмеси алдын ала түзүлгөн деген. Бул тууралуу Ташиев үн каткан эмес. Быйыл февралда анын кызматтан алынышы менен ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир топ депутаттар мандатын тапшырышты.

Парламенттин төрагалыгына Маматалиев келип, түзүмдө бир топ жаңылануу болду. Спикер ички бардык маселелер жөнгө салынганын белгилеп, депутаттар өз милдетин так аткарып жатат деп ишенет.

Саясатчы Жаныбек Асанбеков мындай баасы менен бөлүштү:

“Күндө көрөбүз. Парламентте микрофонго чыгып, президентке, анын өкүлүнө кайрылып, көйгөйлөрдү айтышат. Бирок айтып койгондон кийин аны көзөмөлдөп жатышабы? Анан эле эл сын айтып, “нотариус” десе... А эмне, нотариус эмеспи? Ошол жерден бирөө бир сын айта алабы? Парламентте менин да айрым досторум бар, баары эле “тизмеге түшүп калбайын” деп коркуп жүрүшөт. Маматалиев өтө этият болуп жүргөн спикер. Буга келип депутатты мандатыңды тапшыр деп жатышат, кол чогултуу жүрүүдө дешсе керек. Аны коргоп чыга калам деп ал өзү сын-пикирге кабылып калды окшойт”.

2021-жылы күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, парламент өкмөттү түзүү, аны отставкага кетирүү укугунан ажыраган. Шайлоо мыйзамы да түп-тамырынан өзгөрүп, депутаттар шайлоо округдарынан шайланып келе баштаган. Саясий партиялардын ишмердиги дээрлик токтогон. Талдоочулар ушул факторлор парламенттин таасирин азайтканын белгилешет.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев парламенттин саясий институт катары таасири сакталып турганын айтты.

“Президенттик башкаруу болгону менен парламент деген өзүнчө автономдуу, бийликтин үч бутагынын бири. Керек болсо, ошол бутактардын эң негизгиси. Логикалык, саясий теория жагынан карасак, эң ириде парламент турат. Андан кийин парламент ыйгарым укуктарды берген аткаруу бийлиги келет. Ал президенттикпи же парламенттикпи, айырмасы жок. Такай чечим кабыл алууда, ыйгарым укуктарда айырмалар бар. Бирок саясий институт катары мааниси чоң. Президенттик башкаруу болгону менен мамлекет башчысынын сөздөрүнө, демилгелерине макул болуп, колдоп эле жүрбөй, сын-пикирде болуу чектен чыгуу эмес. Бийлик формасын тааныбай коюуга жатпайт. Андан коркпошубуз керек”.

Парламенттин мурдагы укуктарын чектеген 2021-жылдагы Баш мыйзам менен президенттин мүмкүнчүлүктөрү көбөйгөн. Андан бери бийликти сындаган бир топ активисттерге, саясатчыларга ар кандай оор беренелер коюлуп, жоопкерчиликке тартылды. Бийлик бул чараларды башка кылмыштарга байланыштырса, эксперттер аны сөз эркиндигин чектөө, сын айткандарды тыюу деп мүнөздөп келет. Мындай көрүнүштөрдөн улам бир топ эл аралык уюмдар Кыргызстандагы демократиялык абалга камтамачылыгын билдирген.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG