Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Октябрь окуяларына алты жыл: Элдин үмүтү, бийликтин убадасы

Президент Жапаров "Бишкек аренанын" расмий ачылышында. 5-октябрь, 2026-жыл
Президент Жапаров "Бишкек аренанын" расмий ачылышында. 5-октябрь, 2026-жыл

Октябрь окуяларына алты жыл болду. Ошол күндөрү өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор чогулуп, Ак үйдү басып алган. Мындан улам өлкөдө башкаруу жоголуп, жер-жерлерде бийликти сүрмө топ менен басып алгандар пайда болгон.

Бул убакыт аралыгында президенттик башкаруу системасы иштеп, бийликке жалгыз бир гана адам жооптуу болду. Бийлик ошондогу берген убадаларын канчалык ишке ашырды? Алты жылда эмне өзгөрдү?

"Бишкек аренанын" 5-октябрда болгон расмий ачылышында Садыр Жапаров 60 миңдей адамдын алдында бийликке келген күндөн берки иштерин атады. Алдыдагы президенттик шайлоого ат салышарын ачык айткан президент элдин колдоосуна таянарын белгиледи.

"Бүгүн биздин командабыз менен бийликке келгенибизге туура алты жыл толуптур. Алты жылдын ичинде биз кыйын акыбалга келип калган мамлекетибизди экономикалык, тышкы, ички саясат жактан баарын бир нукка, бир рельске салып оңдоп кеттик. Урматтуу кыргызстандыктар, мен сиздердин басымдуу көпчүлүгүңүздөрдүн, калың элдин колдоосун сезип турам. Ошондуктан илгери гана кете беребиз. Экономикабыз мындан ары өнүгүү темпин токтотпойт. Биз келген жылдары бюджет абдан начар, дефицит… 2020-жылдын аягында тышкы карызды кантип төлөйбүз деп айлабызды таппай турганбыз. 2021-жылдын аягы менен бюджетти 187 миллиард таза киреше менен жаптык".

Жапаров «Бишкек арена» соңку алты жылда салынган 1075 объектинин бири экенин билдирди. Бийлик курулуштарды, жаңыланган инфраструктураны өнүгүп жаткан экономикалык абалдын жыйынтыгы деп атап келет. Стадиондо эркин форматта сүйлөгөн мамлекет башчы криминал менен коррупцияга каршы аёосуз күрөш аркылуу экономика чындалып жатканын айтып, ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча убадаларды берип жатты.

Алты жыл мурун дал ушул күнү ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулап, саясий оомат абактан жаңы чыккан Жапаровго оогон эле.

Алты жылда өлкөнүн башкаруу системасы да, саясий эрежеси да түп тамырынан өзгөрүп, президент баарына өзүм жооп берем деген жоопкерчиликти алды. Ошентип бийлик бир колго топтолду да, ага сын айткан саясатчылар катаал мамилеге туш болду.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларга токтолду:

"Ошол Октябрь окуялары биздин тынч чогулуубуздан келип чыккан да. Биздин ушул укуктарыбыз чектөөлөргө дуушар болуп жатат. Ал эми сот адилеттүүлүгүнүн орношу чоң көйгөй, анткени бийлик бир колго топтолгондо бийликтин үч бутагынын ортосундагы тең салмактуулук бузулат да. Азыр биз көрүп турабыз, Жогорку Кеңеш да, сот бийлиги да президентке баш ийип калды. Мындай шартта соттор көз карандысыз боло албайт. Кандай болсо да бийликти карап турат”.

2020-жылы шайлоодогу нааразылыктан улам көчөгө чыккан элдин арты менен бийликке келген Жапаров президент болуп, анын саясий үзөңгүлөшү, досу Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына келди.

Өлкөдө күч органдарынын таасири артып, саясатчылардан тарта, активисттер, ишкерлер, журналисттер кармалып, камалды. Быйыл февралдын башында «президенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте өтүшү керек» деген жараяндын арты менен Ташиев өзү кызматтан алынып, сот жообуна тартылды. Акыр-аягы Жапаров-Ташиев тандеми соңуна чыкты. Саясий окуялар жаңы шайланган парламентти бир топ калчады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев бийликтин баштапкы убадаларына көңүл бурду.

"Мурунку президенттер шайлоону кандай өткөргөн болсо булар да ошондой өткөрдү. Өзүнө жакын адамдарды өткөргөнгө шарт түзүп, айрым адамдардын талапкерлигин алдырса, айрымдарын жакындаткан жок. Ошондуктан өткөн жылдагы парламенттик шайлоо толугу менен элдин тандоосу болду деп айта албайм. Негизи шайлоодо эки достун жакын адамдары өтүп келди. Жалпылап айтканда, аларга кызмат көрсөтүп, аларга ишенич көрсөткөн адамдар шайланды”.

Айрым эксперттер Кыргызстандагы экономикалык өсүшкө Украинадагы согуш да шарт түзүп бергенин, обочодо калган Орусияга реэкспорт аркылуу киреше көбөйгөнүн айтып келишет. Президент муну четке кагып, туура саясат өсүүнү шарттаганын айтып жатат.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов бийликтин тышкы саясатына баа берди.

"Мен үчүн эң чоң утуштун бири, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун салынышы. Буга чейин биз коңшу мамлекеттерден жана өзгөчө Орусиядан көз каранды болуп келгенбиз. Мына бүгүн деңизге чыгууга жол салынып баштады. Салыштыруу иретинде айтканда, алдыга жылыш бар. Ошол эле учурда укуктук жактан аябай аксап, кемчиликтер аябай көп. Мисалы, блогерлердин, активисттердин саясий көз караштарынын бийликке туура келбеген адамдардын кармалып же камалышы акыркы учурда көп күч алды”.

Экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу уланарын айткан Жапаров буга чейин алдыдагы шайлоого катышарын ачык айтып, башка атаандаштарда да бирдей шарт түзүлөрүн билдирген.

Азырынча эки киши - генерал Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев гана жарышка чыгарын жарыялады. Расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына эч ким арыз бере элек.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG