Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Президенттик шайлоо: Саясий жарышка аттанчулар кимдер?

Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдык.
Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдык.

2027-жылы өтчү президенттик кызмат үчүн жарышка старт берилди. Азырынча талапкерлерден БШКга арыз түшө элек. Талапкерлигин коерун президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айткан. Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да шайлоодо ат салышарын жарыялады.

Саясий жарышка дагы кимдер аттанат, президент кызматында туруп катыша турган шайлоодо чыныгы атаандаштык болобу деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Азырынча арыз түшө элек

Адатта шайлоо өнөктүгү башталары менен эле талапкер болгусу келип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандар пайда болчу. Президенттик шайлоого старт берилгенине үч күн болсо да азырынча бир да арыз түшө элек.

Тынчтыкбек Шайназаров
Тынчтыкбек Шайназаров

"Бул жерде мен бир эле себепти көрүп жатам. Анткени арыз менен кошо 1 миллион сомдук шайлоо төгүм бар го, ошону чогуу тапшырышы керек да. Ал үчүн шайлоо фондун ачышы керек. Менин оюмча, кээ бир талапкерлер ошону менен алек болуп жатса керек. Ар кандай сөздөрдү биз деле угуп турабыз да. Атаандаштык болот го. Жеке мен да атаандаштык болушун каалайт элем”, - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров.

Президенттик шайлоону уюштурууга 1,2 миллиард сом каралды. Жалпы 2600дөй шайлоо тилкеси иштейт. Ар бир тилке үчүн үчкө чейин үгүтчү жалдоого уруксат берилет. Шайлоо фонду 200 миллион сомдон ашпашы керек. Аралыктан добуш берүү системасы бул шайлоодо да иштеп, жарандарга каалаган жеринен добуш берүүгө шарт түзөт. Ушундай даярдыктагы шайлоодо кимдер ат салышат деген суроо коомчулуктун көңүл борборунда. Президент Жапаров кийинки мөөнөт үчүн шайлоого барарын буга чейин эле ачык билдирген.

Азырынча мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого катышуу ниетин айтып, президент Садыр Жапаровго атаандаш болорун билдирген алгачкы саясатчылардын бири болуп турат.

Өмүрбек Суваналиев кызматтагы президенттин кемчилигин айтып, оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

"Шайлоого катышып, өз программамды айтып... Элге президенттин бүт кемчиликтерин айтып... Анан элдин баары эле жапа тармак "бул бийликти колдойбуз" деген жок да. Каршы маанайдагы, оппозициялык көз караштагы саясатчылар болот. Алардын дагы туруктуу электораты бар. Ошолордун баары чогуу иштеп, Кудай буюрса бир команда болгонго, ошонун баарынын башын бириктиргенге умтулабыз", - деди Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев: Президенттикке талапкерлигимди коем
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:54 0:00

Саясий жарышка аттанчулар ким?

Саясатчы Азимбек Бекназаров кеминде 15 талапкер болот деп божомолдоп, шайлоо атаандаштыкта өтүшү керек деген көз карашын Айбек Теңизбайдын подкастында билдирди:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

"Ким депутат болом десе, тамыры кыркылып жатты, депутат болгондордун мандаты алынып жатты. Анан азыр “президентикке барам” деп өлө албай жатыптырбы? Ошол себептен (талапкер болуп) чыкпай жатышат. Анткени ошондой саясат бар. Бат эле (кылмыш иш) таба коет. Ташиев ушундай саясат жүргүзүп, өзү анын курмандыгы болду. Ошол саясат туура эмес болгон. Садыр эмес, көбүрөөк Ташиев ошондой саясат жүргүздү. Бирок 10-15 (талапкер) чыгат. Чыкканы жакшы, “уул-кыздарыбыз” бар экен деп сыймыктанышыбыз керек. Сөзсүз түрдө чыгышы керек, президент атаандаштарын жерибеши керек".

Бекназаров айтып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин президенттик шайлоого барбай турганын кызматта турганда да, алынгандан кийин да айткан.

Ташиевдин ниети болгон күндө дагы мыйзам боюнча сот чечими чыккандыктан талапкер болуп каттала албайт. Азыркы бийликке оппозиция болгон, президенттикке талапкерлигин бир нече жолу койгон саясатчы Адахан Мадумаров дагы соттуулугуна байланыштуу талапкер боло албайт.

Президенттик шайлоолордо көп добуш чогултуп келген саясатчы Адахан Мадумаров, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев боюнча соттун чечими бар. Дагы бир ишкер, саясатчы Өмүрбек Бабанов, мурдагы спикер Ахматбек Келдибеков шайлоого катышпай турганын жана президент Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын жарыялашты.

Мындан улам шайлоо кандай атаандаштыкта өтөт деген суроо кабыргасынан коюлуп жаткан чагы. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Исхак Масалиев мындай пикири менен бөлүштү:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Амбициясы бар бардык саясатчылардын камачусун камап, ар кандай сөздөрдү айтып коркутуп алган окшойт. Көптөгөн мен деген саясатчылар чочуп турушат. Жогото турган байлыктары, эркиндиктери бар. Ошого алар чыкпайт да эми. Ошондуктан бул биз сизди урматтайбыз деген сөз эмес. Бул “мен сенден корком” дегени. Ушундан улам көп саясатчылар чуркап чыгып, “мен катышпайм” деп чыгып жатат. Эгер мурдагыдай жагдай болсо, азыр эле 15-20 киши мен болом деп чыкмак. Азырынча бир-экөөнү билем. Ал киши менен тең күрөшө турган саясатчылар көп. Жаштардан, эски саясатчылардан бар. Эгер шарт болсо, коркпосо, катыша турган адамдар көп эле табылат. Өзүм катышамбы, аны азырынча айта албайм. Кандай формада, кимдир бирөө мененби же өзүмбү, аны карап көрүш керек. Айтыш кыйын”.

Буга чейин сегиз жылга кесилип, абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков адвокаты аркылуу соцтармакка жарыяланган катында 2021-жылдагы шайлоодо Жапаровго атаандаш болгон саясатчылардын дээрлик баарына кылмыш иши козголуп, соттолуп, камалып чыкканын белгилеп, ушундай шартта алдыдагы саясий жарыш атаандаштыкта өтөбү деп суроо салган.

Бул шайлоодо президент кызматын тапшырбай туруп талапкерлигин жүргүзө турганы да коомдун талкуусунда. Шайлоо жарыялангандан кийин президент административдик ресурсту колдонбоо жана тең атаандаштык түзүү боюнча өзүнчө жарлыгын чыгарды. Анда мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди үгүт иштерине аралаштырбоо талабы жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин оюн угалы:

Алишер Козуев
Алишер Козуев

“Акыркы жылдардагы шайлоолордо добуш сатып алууга бир топ чаралар көрүлүп келген. Биз өзүбүз көргөн 2021-жылдагы президенттик шайлоодо эч кандай добуш сатып алуу же административдик ресурс колдонулганын байкаган эмесмин. Келерки президенттик шайлоодо да ошондой таза өтөт деген тилектемин”.

Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январына белгиленген. Адатта шайлоолор дем алыштарда өтүп келген. Добуш берүүгө келгендердин санын көбөйтүү үчүн парламент шайлоо күнүн шаршембиге жылдырып берди.

Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоодо баарына бирдей шарт түзүлөрүн айткан. 25-сентябарда ал президенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана талапкерлер үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Куржундар

Тектеш

Шерине

​
XS
SM
MD
LG