Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

"75чилердин иши": Адвокаттар соттун чечимин алды. Судьяларга каршы арыз каралууда

"75чилердин иши" боюнча судьялар коллегиясынын толук актысы иш боюнча айыпталуучулардын адвокаттарына берилди.

Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов "Азаттыкка" билдирди. Ал актыда да соттун оозеки өкүмүндөгүдөй эле "шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" деп жазылганын "Азаттыкка" билдирди.

"Эркиндигинен ажыратпоо үчүн. 326-берене "өзгөчө оор" берене да, ал жерде пробация жок, ошондуктан, "шайлоо" деген сөзгө байлады да. Жарандардын шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу" деп окшоштуруптур. "Акталсын" деген сөз жок. Мен актыда "326-берене боюнча кылмыш курамы жок, акталсын" деп жазылат бекен деп күткөн элем, бирок ага эрк жетпептир. "326-берене 195-беренеге переквалификация кылынсын" деп жымсалдап коюптур", - деди Нуралимов.

Адвокат мурдагы сот бутагы айыпталуучуларга коюлган бир өзгөчө оор деп саналган 377-беренени ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жойсо, шаардык сот 326-беренени ("Бийликти басып алууга даярдык") жоюп, аны 195-беренеге ("Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу") алмаштырганын, Жогорку сот бул беренени кыскартып жибериши да ыктымалдыгын кошумчалады.

10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.

Соттун мындай чечимине айрым айыпталуучулардын адвокаттары нааразылыгын билдиришкен. Алар айыпталуучулар башка иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, укуктук негизде коргонууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып чыгышкан.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимин саясий мүнөздө деп бааласа болот деген пикирин билдирген.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратура Икрамидин Айткуловдун Бишкек шаардык сотунун судьяларына каршы жазган арызын каттап, карап баштаганын мекеменин басма сөз кызматы 15-сентябрда “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага жолдогон катын Фейсбуктагы баракчасына 14-сентябрда жарыялаган. Анда ал биринчи инстанциядагы сот Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча актап, “бийликти күч менен басып алууга даярдык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканын, мындай берене менен сотко чейинки териштирүүдө жана сотто кылмыш ишин кароо учурунда айыптоонун предмети аныкталганын белгилеген.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Бирок шаардык сотто Адис Момуналиев баштаган коллегиянын Ташиев баш болгон айыпталуучулардын беренесин Кылмыш кодексинин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырганы түшүнүксүз болгонун адвокат билдирүүдө. Мындан улам айыпталуучулар бул берене боюнча сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жүйө келтирген.

Ушундан улам Икрамидин Айткулов баш прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган. Шаардык соттун судьялары иштеги беренени негизсиз алмаштырганын жазган. Соттук териштирүүдө жана ага чейинки тергөөдө да шайлоого байланышкан суроо коюлбаганына кайрылган.

Кайрылуу адвокат Айткуловдуку болгону менен анын келтирген жүйөлөрүнө бул иштеги башка айыпталуучулардын жактоочулары да тилектештик билдиришкен.

Маселен, Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев мындай кырдаалда айыпталуучулардын мыйзамдуу коргонуу укугу сакталбай калганын белгиледи.

Бишкек шаардык соту “75чилер каты” боюнча чечим жана андагы берененин алмашуусу боюнча түшүндүрмө бере элек. Жогорку соттун басма сөз кызматы жакында судьялар коллегиясынын толук актысы жактоочуларга берилерин, бул документте бардык жагдайларга түшүндүрмө камтыла турганын маалымдаган.


Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот аларга үч жылдык пробация чечимин чыгарып, камакка алган эмес.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура да, шектүүлөр да апелляциялык арыз берген.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

9-сентябрда башкы прокурор Малик Бектурганов маалымат каражаттарына маегинде тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн, иш негиздүү экенин билдирген. Ал тогуз жыл деген жаза мөөнөтү ошонун негизинде суралганын белгилеп:

"Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле", - деген болчу.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Президент Садыр Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

"75чилер каты" боюнча шаардык соттогу процесс өлкөдөгү көңүл борборунда болгон саясий окуяга айланды. Катка кол койгон бир нече коомдук-саясий ишмер күбө катары көрсөтмө берди.

Райондук соттун чечиминен кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети болбогонун, саясий өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген.


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG