Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Камчыбек Ташиев кайрылуу таратып, өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастады

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Регион” телеканалынын жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына 29-апрелде анын кайрылуусун жарыялады.

Анда Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган.

“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган “кемпирабадчылар” да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм”, - деп жазылган кайрылууда.

Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев 28-апрелде Ички иштер министрлигинде (ИИМ) бир нече саат сурак берип чыкканы кабарланган.

Айрым сайттар алар 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштырып жатышат. Камчыбек Ташиев бирок кайсыл ишке байланыштуу иш ачылганын тактаган жок. Нурланбек Тургунбек уулу менен Курманкул Зулушев комментарий бере элек.

Тургунбек уулунун иниси Жыргалбек Шакиев ал суракка чакырылып жүргөнүн "Азаттыкка" бышыктады. Бирок кайсы иш боюнча чакырылганын билбей турганын айтты.

28-апрелдин кечинде адвокат Шердор Абдыкапаров Фейсбуктагы баракчасына сурак тууралуу видео жарыялап, сөз болуп жаткан үч саясатчы сурак эле бербестен аларга “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыбы угузулганын айтты. Бирок кийинчерээк видеону баракчасынан өчүрүп салды.

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде Kaktus.media порталына маек куруп, “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG